Ээктин алдына май ткандарынын ашыкча өлчөмдө чогулушу экинчи ээктүү болууга жеткирет. Экинчи ээк көбүнчө толук адамдарда кездешет, бирок арык адамдардын арасында да бул кемчиликтен корунгандар бар. Ал эмнеден улам пайда болот, андан арылуунун жолдору тууралуу маалыматты төмөнкү макаладан билип алыӊыз.
КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
1. Генетика. Мурунку сүрөттөрдү барактап чыгыӊыз, ата-эне, чоӊ ата-чоӊ эне, таята-таенеӊиздин биринде экинчи ээк болсо, анда сиздеги экинчи ээк тукум куучулуктун белгиси.
2. Май кабаттары. Моюндун жана ээктин айланасы «май тузагы» болуп саналат. Анткени адам семиргенде бул аймактарга май биринчилерден болуп чогулуп, ал эми арыктаганда «жылуу үйүн» акыркылардан болуп таштайт.
3. Жаш курак. Адамдын жашы өткөн сайын организмдеги эластин жана коллаген заттары азайып, серпилгичтүүлүгүн жоготот. Натыйжада моюн териси да ылдый тартыла баштайт.
4. Гормоналдык бузулуу. Айымдар кош бойлуу кезинде, климакс учурунда жана башка гормоналдык алмашуу, бузулуу жүргөндө ээк алдына ашыкча май катмары топтолот.
5. Калкан бези гипотиреоз дартына чалдыкканда экинчи ээк пайда болот.
6. Бүкүрөйүү. Дайыма бүкүрөйүп, башты ылдый салып жүрүү адаты моюндун айланасында кан жүгүртүүнү начарлатып, ээктин алдына май катмарын топтоого өбөлгө болот.
ЭКИНЧИ ЭЭКТЕН АРЫЛУУНУН ЖОЛДОРУ
КӨНҮГҮҮЛӨР:
1. Түз отуруп, башты артка таштап, оозду чоӊ ачып, кайра жабыӊыз. Бул учурда моюндун булчуӊдарына күч келип, тери тартылат.
2. Столго чыканагыӊызды коюп, муштумуӊузду түйүп, экинчи ээкти таянып отуруӊуз. Экинчи ээкке күч келгидей таянып, кайра бошотуп туруӊуз.
3. Түз туруп, эки колду ийинге коюп, моюнду өйдөнү көздөй болушунча созуӊуз. Анан тереӊ дем алып, 10го чейин санап, кайра демди чыгарыӊыз.
4. Түз туруп, башты моюн талыганча оӊ жакка 5 мүнөт, сол жакка 5 мүнөт кыйшайтып туруу керек.
5. Экинчи ээкти алаканыӊыздын сырты менен 3 мүнөттөн кем эмес убакыт чапкылап туруӊуз.
6. Дагы бир натыйжалуу көнүгүү: алманын көлөмүндөй топту алаканга салып, экинчи ээктин үстүнө басыӊыз.
Эскертүү! Жогорудагы көнүгүүлөрдү канчалык көп жасасаӊыз, ошончолук жакшы натыйжа берет.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg