Кубаныч Сатаев: «КУНДУЗГА ҮЙЛӨНҮШҮМӨ БААРЫ КАРШЫ БОЛУШКАН»

Бүгүнкү биздин каарман буга чейин атанын уулу аталып келсе, учурда Саламат Садыкованын күйөө баласы деп аталды. Наристе жытын искейм деп турган Кубаныч Сатаев менен бир күн кечке чогуу жүрүп, маектештик.

– Кубаныч, экөөбүз саат ондо жолукмак элек го...
– Ооба, кечирип коюңуз, жарым саатка кечигип калдым окшойт. Эртең менен Кундуз анализ тапшырмак эле аны доктурга, андан соң жумушуна жеткирдим. Анан жакында концерт берейин деп жатпаймынбы, ошого афиша жасатып келгичекти бир аз кечигип калдым окшойт.
– Келинчегиң декреттик эс алууга чыга элекпи? Ай-күнүнө жетип калды деп уктум эле...
– 8 ай болду, төөнүн этин жеп албаса эле январда төрөйт. Балам спортчу болот окшойт. Азыртадан апасынын курсагын тепкилеп, тынчтык бербейт. Кундуз да түн ичинде уктабай курсагын кармап жатканын байкап калам. Үйлөнгүчө эгиз балалуу болууну каалачумун. УЗИге барсак, эркек бала дешти. Кундуз менен балама азыр анардын ширеси менен бозо ташып жаткан кезим. Келинчегиме үйдө отурбай, өзүңө карап иштей бер деп уруксат бергем.
– Балага ысым тандадыңар­бы?
– Жок, ырымдап азыр эч нерсе кыла элекпиз. Кийим да алган жокпуз, ысым да тандай элекпиз. Эң негизгиси, аман-эсен төрөлсүн деп турабыз.
– Өткөндө башка машина айдап жүрдүң беле?
– Бул үчүнчү машинам. Азыр машиналар арзан болуп калбадыбы, бир аз акча чогултуп эле сатып алсаң болот экен. Өзүм айдаганга такыр кызыкчу эмесмин. Машинамды иниме берип коюп, маршрутка менен жүргөнүмдө “ий, байкуш ырчы жөө жүрөт экен” деген сөздөрдү көп уктум. Намыстанып эле айдаганды үйрөндүм.
– Байкашымча, рулда жүргөндө “энеңди” деген сөздү көп айтат экенсиң?
– Шаарда машина көп, жол эрежесин бузгандар жинге тийсе ушинтип сөгүнүп алам. Дайыма интервьюга, түз эфирге баратканда жолду торошот да. Кечигип жатканда жол эрежесин бузган учурларым көп эле болот. МАИчилер токтотуп алып атамдын дисктерин көп сурашат. Болсо берип коём.
– Азыр кайда, эмнеге баратасың?
– Кечинде тойго бармакмын. Ошого бир сыйра кийим сатып алышым керек. Дүкөндөрдү Кундуз экөөбүз чогуу кыдыралы дегенбиз. Ал эфирден чыкканча эки саат бош убактым бар.
– Кубаныч, жубайың келгичекти бир кулагын кызыталы. Сурайын дегеним, Кундуздун кайсы сапатына арбалдың?
– Кундуз экөөбүз кафеден таанышканбыз. “Таластык турбайсыңбы, мен да Таластанмын. Ырларыңды радиого алып кел” деп жардам бере баштады. Андан көп өтпөй эле өзү тамада болгон тойлорго мени чакырып, жумуш таап берип жатты. Эже-инидей болгон бир туугандык мамилебиз бара-бара сүйүүгө айланып кетти. Мен башында Кундузду эже дечүмүн, кийин сен деп алдым. Эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
Кундуздун атасы менен апасы ажырашып, Баткендеги тайларыныкында өскөн. Ошого карабай, өзүн дайыма таластык деп эсептегени жагат. Азыркыга чейин таластык туугандары менен катышып, кол үзбөй келет.
– Жашы өзүңдөн улуу, бир кызы бар аялга үйлөнүп жатканда апаң каршы болгон жокпу?
– Башында туугандар каршы болушту. Бир гана чоң апам “өзүңдүн тагдырың өзүңдүн ко­луңда” деди. Мен акылым менен да, жүрөгүм менен да кеңешип Кундузга үйлөнүүнү чечтим. Айылга барып той берип, бир жумадай жүрүп келдик. Азыр баары жакшы, той-топурларда айылга барып турабыз. Жашыбызда айырма болгону менен, сырттан караган кишиге Кундуздун улуу экени билинбейт деле.
– Кайненең Саламат эже, Кундуздун кызы Сайкал сени кандай кабыл алышты?
– Башында Саламат эжеден сүрдөп, ыңгайсыз болуп жүрдүм. Өз апамдай боор тартып тургандыктан, бат эле апа деп көнүп кеттим. Ал эми Сайкал 7-класста окуйт, мени байке деп сыйлап турат. Сайкал таенесинин да, биздин колубузда да жүрөт. Музыкалык мектепте билим алууда.
– Кундуздун мурунку жашоосуна кызыгып көрдүң беле?
– Жок. «Жаңылбас жаак болбойт» дегендей, биринчи жашоосунан түшүнбөстүктөн улам ажырашканын билем. Негизи эле өткөн нерсеге кайрылуунун кереги жок. Мага бир гана Кундуз керек болду. Кундуз үчүн анча-мынча сөздөргө көз жумуп койгонго туура келди. Мен буга чейин кыз менен сүйлөшүп деле көрбөгөм. Мүнөзүм оор, кыздар менен көп тил табыша алчу эмесмин. Негизи, үй-бүлөлүү болгон жакшы экен. Тапкан акчаң да берекелүү болуп, үйгө буюм алып дегендей. Келечекти, болочоктогу балдарыңды эле ойлоп калат экенсиң.
– Бала демекчи, кичинеке­йиңде кандай элең?
– Бала кезди эстесем эле көз алдыма атам тартылат. Анткени атам гастролдоп кайда барбасын мени ала жүрчү. 4-класста окуп жатканымда Ош шаарына гастролдоп барып, биринчи жолу самса жегем. Рыспай Абдыкадыровдун үйүнө барганыбызда аккордеонуна кол тамгасын калтырып, атама белек кылган болчу. Ошол аккордеон азыр менде сакталуу.
Атамдын аты дүңгүрөп турган учурда Таласка Чайка минип келип, элдин баарын таң калтырган. Ал кезде мен тартынчаак болуп, иним Таалай ырдачу. Азыр, тескерисинче, иним үй-бүлөсү менен айылда апамды багып жатат, мен ырчы болуп бул жактамын.
– Өткөндө Тайванга фестивалга барып келиптирсиң, кененирээк айтып берсең...
– Чет жактарга кайненем көп чыгат. Тайванга апабызды фестивалга чакырышкан экен. Мени да кошуп алды. Фестивалда “Манас” айтып, элдик ырларды ырдадым. Аябай жакшы коноктошот экен. Кыскасы, чет жактан семирип келдим. Апамдын “деңиз жакка барбагыла, толкун урат” дегенине карабай барып деңизге жүзүмдү жууп, сүрөткө түшүп келдим. Чет жакка чыкканда англис тилин билүү керек экенин билдим. Ошондуктан учурда апам экөөбүз англис тили боюнча сабак алып жатабыз.
– Ырчылыктан тапкан акчаң үй-бүлө багууга жетеби?
– Биздики көбүнчө той-топурлар­дан түшөт. Тойлорго көбүнчө Алматыга чакырышат. Алар жакшы төлөшөт. Тапканым, кудайга шүгүр, өзүбүзгө жетип жатат.
– Ырчылардан ким менен жакшы доссуң?
– Баары менен эле. Бирок Замир Арыкбаев менен аябай жакшымын.
– Тамеки тартып көрдүң беле?
– Биздин тукумда тамеки тарткан болгон эмес. Бирок мен эки жыл тартып, ден соолукка терс таасирин тийгизе баштагандыктан таштап салгам.
– Мектепте кандай окудуң?
«5ке» окудум деп мактанбаймын, жалаң эле «4» болсо керек эле.
– Алдыда кандай пландар бар?
– Жакында жеке концертимди берем деп чуркап жүрөм. Албетте, анан бала жытын жыттоого шашылып жатам. Балабыз ремонттолгон үйгө кирсин деп оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары дагы бир чет өлкөдө өтчү фестивалга камынуудамын. Ошондой эле Ак-Ордо конушуна үй салып жаткам, аны бүтүрүү керек.
Буюрса, эмки жылы атамдын 50 жылдык мааракесин өткөрсөмбү деген пландар бар. Атамдын сахналаштары катышкан концерт берип, жаш ырчыларга фестиваль уюштурсамбы деп да ойлонуп жүрөм.
Ушуларды кобурашканча Кундуз келип калды. Ырчы Кундуз экөөбүздү кафеге алып кирди.
– Кубаныч, дайыма ушул жерден та­мактанасыңбы?
– Кээде гана үйдөн болуп калбаса көбүнчө “Фаизадан” тамактанам. Бул жактын лагманы, анан Кундуздун беш бармагы жагат.

Тамактанып чыккан соң Кубаныч келинчеги экөө кийим тандаганы дүкөнгө кирип кетишти. Мен коштошуп редакцияны көздөй жөнөдүм.


Жылмайып коюңуз!

Кубаныч досуна жолугуп калат:
– Кубаныч, куш бооң бек болсун!
– Рахмат, рахмат!
– Ата болууну ка­чанкыга пландап жатасың?
– Биле элексиңби? Үйлөнгөн күнү эле ата болгом да...

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
talasstyn jigiti
2009-12-07 15:26:40
tushunboi kaldym Kunduz degen kaisyl ????
tushundurup berip koigulachy , a to tormoju strashhno )) !!!
0
Robingud
2009-12-08 21:37:42
Suyuu jawka karabayt.anan maaniluu bolgon 2 jawtin biri-birin tuwunuwup jawoosu.ozdoru jaway turgansip tuugan-uruk,kowuna-kolon kiyligiwe beret.
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан