Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги 11-февраль күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигине мигранттарга жаңы үлгүдөгү эмгек патенттерин берип жаткан Сахаров айылында жайгашкан Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүнү өтүнгөн нота жиберди.
ТҮРМӨДӨН АЙЫРМАСЫ ЖОК МИГРАНТТАРДЫН БОРБОРУ
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги тараткан маалыматка ылайык, алар барган күнү эле документтерин тапшыруу үчүн талон алууну күтүп тургандардын саны 3 миңден ашуун болгон. Кезектин айынан чак-челекейге түшкөн мигранттар кысылышканынан тышкары 3-5 сааттап күтүп жатышканын айтышкан. Мамлекеттер аралык миграциялык борбор тарабынан тартипти камсыз кылуу үчүн жалданган «Кельт» коргоо ишканасынын кызматкерлери чет жердик жарандарга өтө орой мамиле жасашып, алардын суранычына одоно жооп беришкенин элчиликтин кызматкерлери көрүшкөн. «Борбордун аймагы тикенектүү зым менен курчалып, кайтаруу иштери иттердин коштоосунда жүргүзүлөрүнө күбө болдук. Мунун баары борборду түрмөдөн айырмасы жоктой кылып, келген мигранттарга моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп жатат»,- деп жазылат элчилик тараткан маалыматта. Сөз болгон миграциялык борбор Москва облусунда жалгыз борбор болуп саналат.
ТАРТИПСИЗДИК ДАЛИЛДЕНСЕ ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАЗАЛАНАТ
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жогорудагы маалыматты тараткан соң бул факт боюнча миграциялык борбордо текшерүү иштери жүргүзүлүп баштады. Аталган борбордун башкы директору
Н.Федосеевдин айтымында, коргоо кызматкерлеринин тартипсиздиги далилденсе, анда алар административдик тартипте жазасын алышат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн нота Москвадагы Аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү департаменти тарабынан текшерүүгө алынат. Департаменттин директору Алексей Майоровдун айтымында, Москванын бийлиги элчиликтин миграциялык борборго карата бардык арыздарын талкуулоого даяр.
МАЙ АЙЫНАН ТАРТЫП ПАТЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ЖОЮЛАТ
2015-жылдын 1-январынан тартып Орусиядагы чет жердик жарандардын укуктук абалы тууралуу мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Орусиянын аймагында патенттер 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөт менен берилет. Патенттин салыгы быйылкы жылы 4 миң рублга чейин көтөрүлгөн. 2014-жылы алынган патенттер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу. Аларды узартууга болбойт, жаңы үлгүсүн гана алууга туура келет. Кыргызстан быйылкы жылдын 9-майынан кийин Бажы биримдигинин базасында түзүлгөн Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу кирет. Андан соң Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын статусу өзгөрүп, алар патенти жок эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов тастыктады. Учурда Орусияда чет жердик жарандар 7 күндүн ичинде миграциялык каттоодон өтүшү зарыл болсо, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылат.
Ал эми «кара тизме» боюнча Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы Кыргызстандын 2300 жараны чыгарганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. Буга чейин 2014-жылы сентябрь айында 1036 кыргызстандык "кара тизмеден" чыккан. Министрликтин маалыматы боюнча, КМШ мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн ичинен бир гана Кыргызстан өз жарандарын Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинен" чыгарууга аракет кылып жатат.
Эльвира Караева
politika@super.kg