18-февраль күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Жолугушууда министр калкты жана өнөр жай объектилерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле тарифтик саясат туурасында айтып берди. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт калк үчүн электр энергияга социалдык тарифти 1 киловатт-саатка 70 тыйындын деңгээлинде сактоого тийиш экендигин баса белгиледи.
Мындан тышкары мамлекет башчы менен министр Кыргызстанда энергетика системин чыңдоого багытталган ири долбоорлорду талкуулашты.
Буга чейин 2015-жылдын апрель айынан тартып калк үчүн электр энергиясынын тарифи 1 киловатт-саатына 84 тыйынды түзөрү айтылып жаткан.
Эльвира Караева
politika@super.kg