«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНЕ БОЛГОН КАЙРЫЛУУСУ!

Жалпыга маалым болгондой, 2015-жылдагы өлкөдөгү негизги саясий өнөктүк – бул парламенттик шайлоо. Ушул тапта Жогорку Кеңешке шайлоонун күнү так аныкталбаса да, биздин партияга бут тосууну каалаган айрым саясий күчтөр, кара көө жабууларды күчөтүп жатышканы, партиянын мүчөлөрүн эле эмес, партияга жан тарткан мекендештерибиздин да тынчын алууда. Айта кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын карапайым калк алдында кадыры өсүп, азыркы реалдуу саясий кырдаалда бүтүндөй республика боюнча иш-аракеттерибизге элибиз оң баасын берүүдө. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө кайдигер карабаган жаштар менен жолугушуубузду айрым саясий топтор туура эмес максатка пайдаланышып, элибизди адаштырганга аракеттенишип жатышканын эске салгыбыз келет. Элибизде айтылгандай, «Жакшыга сөз, жаманга чөп илээшет» экен.
Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерди биз тарапка болгон кара көөгө (чёрный пиар) олуттуу маани бербөөгө чакырабыз. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын артында саясий күчтөр эмес, карапайым мекендештерибиз турат. Биздин таяныч – эл!
Терең урматтоо менен «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын саясий кеңеши.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kursantbek
2015-02-23 12:46:56
мен колдойм ушул партияны кудай кааласа)]
0
Nuranna_93_kg
2015-02-24 21:16:28
Элди канча жылдан бери алдап,курук убадаларга сугарган,озунун кызыкчылыгы учун баарына даяр болгон бийлик тоболдорунон элдин конулу калды болуш керек,дагы болор-болбос акчага,аткарылбай турган убадага азгырылбай,ушундай эл учун иштеген жаштарды колдойлу.Алга Онугуу прогресс!!!Мен сиздерди колдойм.
0
JaliwoodKG
2015-02-26 21:54:33
Иштейтурган адамдар мына онуугу прогрес кайдагы ХХХ ХХХ бирида ишин билбейт акча учун мекенин чиритет онуугу прогресс Алга
0
admin_superstan
2015-02-27 10:44:17
JaliwoodKG, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан