Улуттук оппозициялык кыймыл көктөм келери менен митингдерди уюштуруп баштаарын маалым кылды. Азырынча кандайдыр бир ири масштабдуу митинг өткөрүү пландала элек. Бул тууралуу кыймылдын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков билдирди. Протесттик акциялар «кризис жана аны чечүүнүн жолдору» деген лозунг менен өтөт.
«Оппозиция кризисти жеңип чыгуу боюнча альтернативдүү программаны алып чыгууну ойлоп жатат. Кризисти бийлик азырынча жеңе албай жатат. Азык-түлүккө болгон баа кымбаттап, инфляция, социалдык мүнөздөгү бир катар кыйынчылыктар орун алууда»,- дейт
Жээнбеков. Ошондой эле оппозиция парламенттик шайлоого кайсы партия менен барууну карап жатат. «Варианттардын бири – Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы болууда. Чечим кабыл алына элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,- дейт депутат Акипресс агенттигине.
Эльвира Караева
politika@super.kg