Вице-премьер Дамира Ниязалиеванын айтымында, мектеп ОКУУЧУЛАРЫНЫН 65 пайызы окуган тексттин же өткөн сабактын маанисин түшүнүшпөйт. Мындай жыйынтык атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болгон.
2014-жылы жаш балдардын катышуусу менен 1455 жол кырсыгы катталып, 112 НАРИСТЕ кайтыш болгон. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын башчысы С.Дьяченко билдирди.
2015-жылдын 20-февралынан тартып «Манас» аэропортунан БИШКЕК-ДЕЛИ-БИШКЕК авиакаттамы аптасына эки ирет уча баштайт.
«КАНТ» АВИАБАЗАСЫНДАГЫ орусиялык аскердик контингент кеңейет. Кыргызстандын бийлик жетекчилери менен бул боюнча макулдаштык»,- деп билдирди Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, МИГРАНТТАРДЫ каттоо мөөнөтү Орусияга барган Кыргызстан жарандары үчүн 7 күндөн 30 күнгө чейин, ал эми Казакстанга барган кыргызстандыктарга 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылат. Бул боюнча Кыргызстан жана Орусия, Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн арасындагы макулдашуулардын долбоорлору Жогорку Кеңеште каралып жатат.
ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Р.Мамбеталиевдин айтымында, милиция кызматкерлери СИРИЯДАГЫ согуштан кайтып келгендердин баарын «жалданмачылык» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартмакчы болуп жатат. Учурда өлкөдө 71 диний уюм бар, анын 17сине тыюу салынган.
Президенттик аппараттын эксперти З.Эргешовдун айтымында, Кыргызстан калкынын 1 пайызы гана АНГЛИС ТИЛИН билет. «Бала бакчага барган 85 миңдей наристенин 60 пайызына орус тилинде тарбия берилет, ал эми өлкө ичиндеги мектептердин 64 пайызы кыргыз тилдүү болуп саналат»,- дейт эксперт.
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, 2010-2013-жылдар аралыгында 26 АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ өз өмүрүнө кол салган.
«Кыргызстандагы коррупция: масштабы, себептери жана ылдыйлатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн» изилдөөсү боюнча сурамжылоого катышкан мамлекеттик кызматкерлердин 7 пайызы гана түрдүү белекти алуу ПАРА АЛУУГА барабар деп жооп беришти.
2014-жылы 3 миңдей ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР Кыргызстандын жарандыгын алышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.