Аталышы – «Нананей»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 17-февраль
Башталышы – 19:05 (5 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом
Тобо, Спорт Ордосунда өткөн концерттердин ичинен араң эле беш мүнөт кечигип башталган 1-концертти көрдүм. Чү дегенде эле Борончу Кудайбергенов чыгып элге ыр десте сунуп, колуна алып баруучулук чылбырды кармады. Бул куудул Тынар Курбаналиевсиз баспайт эмеспи, экөөлөп адаттагыдай түндүк, түштүк юморлорун залга ыргытып киришти. Бул жерде Борончунун маанайы көтөрүлүп калды көрүнөт. Анткени концерттен калбаган мен Борончунун ушул маселеге келгенде эле Тынардан утулуп кала бергенин байкачумун. Тынар «менин туугандарым, оштуктар, барсыңарбы?» десе, зал жарыла кол чаап, «нарындыктар, кол чапкыла!» дегенде ар кайсы жерден 4-5 адамдын алаканы эле чабылчу. Анан кичинекей Борончу ого бетер кичирейип... Бул жолкусунда нарындыктар шатырата алакан чаап, Бокеге эргүү беришти. Борончу: «кызыксыңар, филармонияда 200 ырчы катышкан «Сармерден» болуп жатса, тээтиги чокусуна чейин чыгып бул жерде отурасыңар» деди эле, Тынар «биз деле азыр көрүнүп коюп кетебиз» деп адыраңдады. Чын эле экөө ошону менен жок болду. Көрсө, башкаруучу тизгин Абдылданын өзүндө экен. Ал сахнанын дал ортосунда коюлган столго жайгашты да, концерт бүткүчө ошол жерди байырлады.
Саясаттын күнгөй-тескейи, болуп өткөн окуялар туурасында бир топ жакшы сатираларды ойногон куудулга кол чабуулар сурантпай жаап жатты. Ал ортодо 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө алыстан туугандары келип, батир таппай кыйналганын да айтып кейиди. «Мейманканалардын баарына сүйүшкөндөр жайгашып алыптыр. Шаар го шаар, айылдагылар кыйналбадыбы же ал жакта мейманкана болбосо. Бул майрамды жайкыга жылдыруу керек, болбосо күн суукта тоңуп калышпайбы. Бул маселени депутаттарга берсек бат эле талкуулап берет эле» деп элдин боорун эзди.
Куттуктап чапан, калпак көтөрүп келгендер да болду. Токтогулдан чыккан таланттардан түзүлгөн «Тогуз кайрык» тобундагы шеринелештери келип, куудулга куюлушкан саптарын, каалоо-тилектерин жаадырышты.
Негизи концерт Абдылда Иманкуловдун сатира-юмор театрынын алгачкы концерти дегендей эле болду. Куудулдун жанындагы жигиттер калың журтка таанымал эмес, тамашакөйлөрдөн экен. Өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы азыраак болгондонбу же даярдык катуу болбой калгангабы, айтор, бул жолу Абдылданын мурунку сатира-юморлоруна жетпей калды өңдүү. Эмнегедир өзү да сахнада өтө ишенимдүү турбагандай сезилди. Баса, күлкүгө суусап келген элге шаңдуу ырлар керек экени да эстен чыгыптыр. Театрдын курамын түзгөн жаштар аккордеон менен Асанкалый Керимбаевдин ырларын созуп элдин алдын ыйлатып, артын уктатып салышты.
Эл көп артист катышкан ашар концертке көнүп алышканын куудул билет да, «меникинде эч ким деле катышпайт» деп элге «намёк» кылгандагысыбы, «жакында эле орустардын «Новые русские бабки» дуэти келип кетишти. Билет баасы 1500 сомдон өйдө экен. Эки киши эле бир жарым саат сүйлөдү» деп божурап жатты. Муну түшүнгөндөр «жеке концерт деген ошо да» десе, түшүнбөгөндөр «кана, белгилүү ырчылар? Өзү эле кечке сүйлөй береби?» деп нааразы болору бышык. Куудул аз жерден ырчы болуп кете жаздады. Ошентип, тамашасынан өзү аткарган ыры көп болгон куудулдун концерти 21:40та аяктады. Мен эле тойбой калдымбы десем көпчүлүк деле ошондой болуптур. Залга жык-жыйма эл бир убакта туруп сыртка жөнөгөндө укмуш тыгын болот экен. Эми ошондогу аялдардын албууттанганын сурабаңыз. Билетте «бул чоң концерт, Абдылда алдабайт» деп жазылган үчүнбү, «Абдылда алдап кетти! 1-2 ырчыны ырдатса болмок. 400-500 сом талаада жатыптырбы?! Барып сурап келем»,- деп нааразы болгондор да четтен чыкты.
Толик сынчы