ФинасКредитБанк ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ ЖАНА ҮЙДҮН АЧКЫЧЫН ТАРТУУЛАДЫ!

ФинансКредитБанктын акцияларынын жеңүүчүлөрү жашоосунун өзгөчө кубанычтуу мүнөттөрүн башынан өткөрүштү. Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу музыканын коштоосунда банктын жетекчилери куттуктап, артисттер ыр белектерин тартуулашты. Дал ушул майрамдын ээлерине башкы сыйлыктар – жаңы элиталык имаратта жайгашкан батир менен Дубайга жолдомолор тапшырылды.

ФинансКредитБанк жыл сайын өткөргөн байгелүү акциялары анын өзгөчөлүгүнө, визиттик карточкасына айланган. Акциянын уникалдуулугу да ушунда, жеңиш ар бир кардардын активдүүлүгүнөн көз каранды. Шарттар жеңил жана калыс каралган. Кардар ФинансКредитБанктын кызматын колдонуу менен канчалык көп акча которсо, анын баш байгени утуп алууга мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Ар бир 100 долларга 1 упай эсептелинет. Эң көп упай топтогон кардар жеңүүчү болуп саналат. Айта кетели, акцияга катышуу үчүн эч кандай кошумча кагаздарды толтуруунун кереги жок. Компьютердик программа автоматтык түрдө сиздин авторлугуңузду аныктап, упайыңыздын эсебин тактап турат.
– Жубайым экөөбүз «Араб эмираттарына барып келсек, ээ?» деп кыялданчубуз. Ошондуктан банктын акциялары тууралуу жарыяны угуп калганда жыл бою ФинансКредитБанк аркылуу акча которолу деп чечтик. Баары бизден гана көз каранды болорун түшүнүп турдук. Миллионер деле эмеспиз, долларды миңдеп которбойбуз, болгону бир жыл бою аталган банк көрсөткөн жолду жолдодук. Биздин жеңиш дагы бир жолу, керек болсо, карапайым адамдар да банктын кызматын активдүү жана пайдалуу колдонуу менен ушундай акцияларды утуп чыга алышарын далилдеди. 12 ай кыялданган саякатты азыр чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Жакында суук кыштан ысык жай мезгилине сапарга жөнөтө турган, кыялыбыздагы шаарды – Дубайды көрсөтчү банкка рахмат!- дейт жеңүүчү Акылбек Гүлжигитов.
Аравандан келген дагы бир жеңүүчүбүз Жыпаркан Жусубалиева болсо, "саякатка өзүм менен кимди ала кетсем?" деген ойдун аягына чыга элек экен.
– Туугандарым көп, алардын баарын ээрчитип алгым келет,- дейт кубанычы менен бөлүшкөн Жыпаркан. Ал үчүн жеңиш күтүүсүз болгон. Араванда жашаган Жыпаркан банктын кызматынан байма-бай колдонуп турат. Айтмакчы, жеңүүчүбүз банктын өзүнө да көп жылдардан бери бекем ишенет.
Банктын эң бактылуу кардары бул салтанаттуу күндө Э.Өскөналиев болду. Дал ушул адам борбор шаардын абасы таза районунда жайгашкан жаңы имараттагы батир үйгө, баш
байгеге ээ болду.
– Менин ишим банктык которуулар менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан узак кызматташуу үчүн банкты тандоодо майда-чүйдөдөн өйдө бардык жагдайларды эске алууга аракет жасадым. ФинансКредитБанк бардык параметрлер боюнча мага туура келди. Бул жерде бат жана сапаттуу тейлөө көрсөтүшөт. Филиалдары менен сактык кассалары ыңгайлуу жайларда орун алган. Эң башкысы – аталган банк биринчи болуп рынокко «кечки касса» кызматын киргизди. Кардарлардын арасынан алгачкылардын бири катары бул опцияны колдонуп көрдүм. Аябай ыңгайлуулугуна ынандым. Мындан ары иш күндөрү, ошондой эле эс алуу жана майрам күндөрү да кечки саат 21:00гө чейин акча жөнөтүп же которулган каражатты алууга болот. Акча которгон бардык кардарлардын акцияга автоматтык катышуусу «чындап эле банк кардарларына кам көрөт экен деген ойго келтирет",- дейт «Юнистрим» системи боюнча акциянын жеңүүчүсү.
Калыс күрөштө жеңип чыккан утуучуларды банктын Башкармалыгынын төрагасы Азаматбек Жоробеков сыйлады. Андан кийин ал кардарларга жагымдуу кабарды угузуп, акцияда лидерлик үчүн жарышта бир аз артта калып кеткендерге банк дем берүүчү белектерди – заманбап планшеттерди тапшырарын айтты.
Азаматбек Жолборсович салтанатка келгендердин баарын 2015-жылы улана турган жаңы акцияга катышууга чакырды. Катышуучу болуу эң оңой: ал үчүн ФинансКредитБанктын бардык филиалынан же сактык кассасынан акча жөнөтүп же которулган каражатты алуу жана упай топтоо эле керек болот. Салтка айланган акция аралыгындагы белек катары рейтингдин лидерлерине беш миң сомдон берилет. Ошондой эле банк акциянын башкы жеңүүчүлөрүнө тапшырылчу сыйлыкты да калтырууну чечип, бул сапар фараондор менен пирамидалардын мекени Египетке унутутулгус саякат жолдомосун ыйгарат. Экинчи орунду ээлеген кардарга телевизор берилет.
Сөзүбүздүн аягында ФинансКредитБанктын жагымдуу жана уникалдуу шарттар менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрүн айта кетели. Мисалы, «Керектөө» кредитин жылына 19 пайыз менен, «Бизнес» жана «Агрокредитти» 18 пайыз менен алсаңыз болот. Андан тышкары банк өз кардарларына турак жай сатып алууга «Ипотека» жаңы продуктусун жылына 17 пайыз менен сунуштайт.
Дегеле, кайсы бир банк менен кызматташууну тандап жатканда анын финансылык көрсөткүчтөрүн, салымдардын камсыздоо системин жана финансылык институттар менен болгон өнөктөштүк мамилесин кылдаттык менен изилдеп чыгуу керек. Бүгүнкү күндө ФинансКредитБанк Орусия, Казакстан жана Европада жайгашкан ири банктарда корреспонденттик эсептерге ээлик кылат. Ушул жана башка маалыматтар менен www.fkb.kg сайтынан тааныша аласыздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан