Мекенибизде, дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды «Ала-Тоо» программасы аркылуу элге жеткирип келе жаткан алып баруучу Гүлжан Кулмамбетова биздин мейман төрдө. Массалык маалымат каражаттарына байма-бай маек кура бербеген диктордун сулуулук сыры эмнеде? Балдарын кандай тарбиялайт өңдүү ар түрдүү багыттагы суроолордун жообу төмөндө.
– 5 баланын энеси болсоңуз да келбетиңиз бузулбай, жүзүңүз дайыма жаркып турат. Мүмкүн, элде жок ыкмаларды колдоносуз? Же үйдө ашканаңыз өзгөчөбү?
– Менде эч купуялык жок, жашоо образым жөпжөнөкөй эле. Тамакты ылгап жемей, сууну ченемсиз ичмей, дайыма кыймылда болуу, муздак сууга чайынуу, спорттон кол үзбөө. Тааныш эле бекен? Үйдө нан бышырып, боорсок чайпап, кесме кесип, жайкысын жарма кайнатып, кышкысын бозо сүзгөн эле кадимки ашкана. Кой союлса арыдан бери ичегисин артып туруп, баш-шыйрагын отко куйкалап таштаган эле кыргыз аялымын.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
– Фитнес, пилатес, калланетика, аэробика, айтор, барбаганым калган жок. Суу ичинде бийлеп да көрдүм, бирок мага баарынан йога жакты. Кыймыл менен жан дүйнөнүн гармониясынан жакшы натыйжа сездим. Анан да философиясына сүңгүсөң биринчи эле эттен алыстайсың. "Соёр алдында малдын касапчыдан катуу үрккөн терс энергиясы, каргышы каныккан этине тойгон соң оңбой каласың" деп айтылат анда. Доктурлар да "эттен пайда аз" деп какшап жатышпайбы. Бул өңүттөн алганда вегетариан болорума бир эле кадам калыптыр деп ойлодум. Анткени мен тээ бала кезимден эле суу жандыктарынын, куш-канаттуунун, андай деликатести кой, короодогу короздун этин искебейм, билбейм эмнеге. Эми эт дегендин баарын калтырсам эле болду. Муну Ат-Башыдагы туугандарым укса "капырай, бул эмне кесирленип калган?" деп, эгер эстүү жеңелеримден каттаса "эркелигиңди кой, эттей болобу" деп эскертишери анык. Капыстан айылга барсам кой-козусун көтөрө чаап конокточу классташ-досторум, картошканы кара сууга кайнатып берип, сыйлап тамашалаарын да билем. Ошол эле маалда мусулман пенде бойдон каларымды да кошумчалап коёюн. Башкаларды үндөгөнгө акым жок, бирок этсиз жашоо үчүн эркти сынап көрүүгө болот.
– Акыркы жолу кандай китеп окудуңуз?
– Акыркы ирет мен окуган китептер: чет элдик жазуучулардан америкалык афган Халед Хоссейнинин автобиографиялык «Бегущий за ветром» чыгармасы. Ата Мекендик жазуучулардан Акбар Рыскуловдун Токтогул сыйлыгына арзыган «Атакенин ак Болот» тарыхый үчилтиги, анан, албетте, Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылары». Жогорудагы эки чыгарма таасирленүүнүн башкачараак бир багытына бурса, «Агындылар» мени алыскы Ат-Башыга, андан ары айылым Ак-Музга чейин агызып алып барып келди. Бүтүндөй көөнө кыргыздын керемет жашоо сүртүмдөрүн чакан бир чөлкөмдүн мисалында сүрөттөп салган Шайлообек аганын алптыгына сөз жок.
– Сиз иштеген КТРКнын кыздары тууралуу ар кандай айың кептер айтылып келет...
– Билесизби, мен чогуу иштегендерди гезиттен жайламак тургай, жакындарым менен талкуулабайм. Бул кызматтык этика, кесиптештик, тилектештик. Эгер экинчи жар болсо, эмнеге мындай болгонун ага баш байлаган эркектен да сураш керек. Балким, башка улуттун этегин кармап кетишсе, бөөдө жалгыз калганча деп бөлөктөн таалайын тапкандыр. Экинчиби же жетинчиби, улуубу же уйгурбу, казакпы же каапырбы, бул ар кимдин өз тандоо тагдыры. Беш кол тең эмес, мен бир гана нерсе айта алам: бизде өзүнө ишенимдүү, иреңдүү, интеллигенттүү, ийкемдүү, идиректүү, ийгиликтүү, интригалуу кыздар иштейт.
– Эфирге чыгуу үчүн сөзсүз сулуу болуш керекпи?
– Эфир кайсы бир деңгээлде жагымдуу жүз, жаштык келбетти жактырат. Бирок сөздүн орундуусу, кабардын жеткилеңдиги, маалыматтын маңызы маанилүү. Мага таарынбастыр, маселен, Орусиянын ОРТсындагы Ирада Зейналованы сулуу деп айтыш кыйын. Бирок харизмасы күчтүү, өтө билимдүү, универсалдуу журналист, алып баруучу. Анын сүйлөө манерасында, үнүнүн тембринде адамды алка-жакадан алып туруп көрүүгө аргасыз кылган илеп, оозунан от бүрккөндөй энергия бар. Өтө деле жасалгаланбаган кыска чачы, жукпаган жука макияжы, жупуну кофтасы анын эфирине эч бир көлөкө түшүрө албайт. Ал эми кабарчы катары тээ качандыр кан күйгөн Чеченстандагы, Ирактагы, Бесландагы абалдан, азыркы эле куралчан курч араздашуулар өңдүү кырчылдашкан кырдаалдардан берген репортаждары ташка тамга баскандай эсте калат. Кыскасы, аналитикасынын ар тараптуулугу, майын чыгара даярдаган материалдары анын алып баруучулук ажарын ачты дагы, эфирде суйкайган сулуу болуштун өтө деле зарыл эместигин тастыктап таштады.
– Катуу сабалып эсине келе албай жаткан эки жашар бала тууралуу «Ала-Тоо» программасынан күнүгө берилип жатат. Бөбөктөрдү кордогондорго кандай жаза керек деген пикирдесиз?
– Кылчактабай эле жазанын катаал чегин, өктөм өкүмүн бериш керек. Мындайларга мылжың гумандуулук кылуунун өзү кечиримсиз. Ооз барбаган окуяны эфирден элге жеткирүү чынында мага кыйын болду. Көңүлүм айнып көпкө чейин жаман абалда жүрдүм. Бакырып ыйлап, баланы боорума кысып, эне сүтүмдү бергим келди. Туулбай жатып туна чөккөн ал шордууну киринтип, киренелеп, жылуу ороп, денесин тактан, көңүлүн даттан арылткым келди. Көзүн ачып өзүнө келе баштаса сөзсүз барам балага. Жалтаң көздөрү көргөндө сүйүнгүдөй, жаракат колдорун созгондо карматкыдай жакшы нерсе ыроолоп, жардамымды камдап күтүп жатам ойгонорун. Ишенип турам ал түбөлүк уйкуга кетпестир. Журт башчысынын, күч түзүмдөрүнүн, ЮНИСЕФ өңдүү ири уюмдардын катуу реакциясын ойготуп, коомду бир силкинтип туруп, балдардын укугунун корголушуна күчтүү чакырык таштады Ибрагимдин окуясы. Ушул чакырык жарым жаны калгыча кордолгон наристенин мисалында болгону кейитет.
– Балдарыңызга тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?
– Мектептен кайткан маалда эненин үйдө болуусу, айланадагы иреттүүлүк, жаңы бышкан нандын илеби же даамдуу тамак- аштын жыты баланын табит-маанайын ачып, жигерин арттырып жиберет. Дайыма "ушул дагы кеп бекен, сенин акылың мындан да ашат" деп көтөрмөлөйм. Мактоодон бала дердеңдеп эле калбастан өзүнө ишенип, көкүрөгү керилип, тоону томкоруп туруп, ташын бирден терчүдөй такылдап чыгат. Башкаларда кандай билбейм, жеке мен балдарды мезгилди текке кетирбөөгө үйрөтүп келем. Убакытка так адам жоопкерчиликке, милдетке, мамилеге олуттуу карап, ал эмес каражатка да үнөмдүү келет. Мындай сапат керек маалда келечек-тагдырды аныктайт. Андыктан биздин балдар мектептен тышкары кошумча сабактарга, музыкага, спортко, сүрөт тартууга, тил курстарына, шахматка барышат. Мунун бардыгын сыдыргыга сыйдырып алып үзгүлтүксүз үлгүрүү оңой болбогондуктан, түйшүккө көнүшөт. Дагы бир жагдай, балдардын досунукуна же жакындарыныкына жөнсүз кирип барышы, ал аз келгенсип конуп калышы жакшы адат эмес. Дейдилик мына ушундан башталат. Коноктогу, шаан-шөкөттөгү же жөнөкөй эле көчөгө ойноп кетүүдөгү чекти билүүсү шарт. Антпесе каяктан шаңдуу, даамдуу нерсе чыкса ошого ыктап, бейжай бекерчиликке үйрөнөт. Чар тарап бейиш болсо да, өз үй, өлөң төшөктөн өткөн жыргал жок экенине ынандыруу керек.
– Кетирген катасы үчүн жазалайсызбы?
– Албетте, ансыз болчу беле? Айрым чектөөлөр менен жазасын алып, жемени жетишерлик жейт. Мүмкүндүк, эркиндиги канчалык кенен болсо, ошончолук натыйжа берип, талапты сезе билүүсү шарт. Бала деген кинодогудай же кооз журналдагыдай эмес да башынан сыласаң эле уйкуга кетип, жылмайып ойгонуп, өзү өсүп калгыдай. Ар биринин кыялы, мүнөзү, табити, табияты ар башка. Эркелегени эле окшош. Окшош демекчи, кечинде мектептен, бакчадан кайтып, «мамалап» эшиктен чогуу киргендегисин маарап-жамыраган козуларга салыштырам.
– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg