Адатта той-концерттерде ырдап-чоордоп, дайыма күлкү-шаңдын үстүндө жүргөн ырчыларды такыр капалуу көрбөйбүз, ага көзүбүз да көнбөй калган. Жакында белгилүү телеканал уюштуруп жаткан «Чилденин чилтендери» берүүсүнө катышкан куудул, тамада Назира Жетигенова менен ырчы Назгүл Токтакунова кырсыктап калышты. Оюн учурунда алгач Назира Жетигенова кокусунан бутун сындырып алып операция жасатса, көп өтпөй ырчы Назгүл Токтакунованын бутунун териси сыйрылып ооруканага түшкөн. Мындан сырткары ырчы Расул Маматкулов да колун сындырып алып операция жасатып, учурда бейтапканада жатканын билдик.
Ырчылар гастролго да, ооруканага да «оптом» баралы дешкенби, айтор, азыр ушинтип үчөө ооруканада. Учурда белгилүүлөрдүн сахналаштары алардын ал-абалын сурап, тынымсыз бейтапкананы көздөй катташууда.