Жыл башында ырчы Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан көз жумуп, кыштын бул суук кабары көпчүлүктү үшүткөнүн билебиз. Шайыр жеңенин кыркы өтүп куран окулгандан кийин долбоордун уюштуруучулары Гүлзат айымдын ордуна жаңы телеалпаруучу издей башташкан.
Бул тууралуу «Сармерден» көрсөтүүсүнүн автору Сагын Ниязалиева: «Жашоо токтоп калбайт экен, Гүлзаттын кыркын өткөргөн соң көрсөтүүгө жаңы алпаруучу издедик. 5-6 талапкердин ичинен ырчы Гүлбү Орозкул кызын тандап алдык. Анткени Гүлбү абдан шайыр келин, комузда ойнойт, ырдай алат. Анын бул жүктү татыктуу көтөрүп кете аларына көзүм жетет. Москва деле бир күндө курулган эмес, Гүлбү бара-бара такшалат, бышат, шайыр жеңенин башкача таланттарын ачат деп ишенем»,- дейт.
Ал эми Гүлбү Орозкул кызы: «Алгач алпаруучулукту сунушташканда көзүм алайып мостоюп эле туруп калдым, анткени күткөн эмесмин. Бирок Сагын эже дем-күч берип, «колуңдан келет, ишенем» деп жубатып койду. Биринчи көрсөтүү тартылып сахнага чыгып баратканда көз алдыма Гүлзат эженин элеси эле туруп алды. Билем, ал эже шайыр жеңе болуп элдин жүрөгүнөн орун алып калган болчу, анын ордун басуу оңойго турбайт. Бирок бул жоопкерчиликти татыктуу алып кеткенге аракет кылам»,- дейт.