КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖИГИТТЕР «COMEDY БАТТЛда»

Орусиялыктардын «Comedy Баттл» долбоорунун финалына чыккан мекендешибиз Аким Карасаевдин ийгилигинен кийин аталган берүүгө катышкысы келгендердин саны көбөйдү. Дегенибиз, бул долбоорго дагы 4 мекендешибиз катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар ди-джей Шамиль Фаттахов, КВНчи Элдияр Эшимбеков, тамашоучулар Мыктыбек Мукаев менен Илгиз Кубатбектер болушту. Илгиз менен Элдияр «Фрунзе» дуэтин түзүп катышса, ал эми Мыктыбек менен Шамиль жекеден оюн көрсөтүшкөн.
Бул тууралуу «Comedy Баттлга» жолдомо алгандардын бири Мыктыбек Мукаев: «Долбоорго катышууну Аким Карасаев сунуштаган. Бизден сырткары Аким Карасаев өзү жана Нурсултан деген жигит катышмак, бирок документтери туура болбой калып бул жактан эле видеолорун жөнөтүшкөн. Эгер алар да өтүп калышса, алтообуз 22-февралда долбоордун биринчи туруна катышабыз. Анан демөөрчү таппай кыйналган жайыбыз бар, эгер колдоо көрсөтөм дегендер болсо кайрылып коюусун өтүнөт элек»,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sergo
2015-02-23 12:56:36
Элдияр кыргыздарды шылдындап эле журот вечно
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан