17-январь күнү интернет баракчаларында 3-4 эркек кишинин бир кызды ур-тепкиге алып жатканы тартылган видео тарады. Анда башы-бети кан болгончо сабалган кыз кыргыз тилинде жардамга чакырып, апалап кыйкырганы угулат. Кызды токмоктогон жигиттер «оозуңду жап, бетин тарт» дегени, андан ары качып жөнөшкөнү кошо жаздырылып калган.
"Бул видео Орусияда тартылган" деп айтылууда. Азырынча так маалымат жок. «Видеого тарткан жана кызды сабаган эркектердин ким экендигин да тактоо мүмкүн эмес. Жаздыруу түндө болгону үчүн кол салгандардын бети көрүнбөй калган. Териштирүү иштери башталды. Москва шаарындагы Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгү менен байланышып жатабыз»,- деп ИИМден билдиришти.
Эске салсак, 2011-2013-жылдары Орусияда өздөрүн «Патриот» деп атап алган эркектердин тобу «башка улуттун өкүлдөрү менен жүрөсүң» деген негизде кыздарды жазалашканы тартылган видеолор интернетке улам жарыяланып, коомчулукта чоң талкууну жараткан.
«Жазаланбагандык мыйзамсыздыкты жаратат» демекчи, кара күчкө таянган жигиттердин коргоого муктаж кыздарга кол көтөрүүсү кайрадан талкуу чордонуна чыгып отурат. «Эмне үчүн башка улуттун өкүлдөрү менен жүрөсүң?» деген жүйөөнү карманышкан «патриоттордун» кадр сыртында эмне иштерди жасап жаткандыгы да белгисиз. Кыргызда «кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» деген накыл кеп бар. Кыздарга кол көтөргөн жигиттер «тарбия саатын» эң оболу өздөрүнөн башташса жакшы жыйынтык болмок...
Эльвира Караева
politika@super.kg