МАРТТА ОРУСИЯДАН КЕЛГЕН АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КОЛДОНУУГА БЕРИЛЕТ

Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, март айында кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн каражат сарптала баштайт. Фонддун эсебине 100 миллион доллар которулган. Колдонууга берүү үчүн фонд юридикалык мөөрдүн келишин күтүп жаткан. Аталган фонд Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү даярдыгынын алкагында түзүлгөн.
«Март айында дагы кошумча каражат келип түшөт, жалпы жонунан акча эки жылдын ичинде которулуп турат. Жакын арада Кыргызстандагы долбоорлорду кароо боюнча эрежелер иштелип чыгат жана ошого ылайык каражат 2-3 аптадан кийин бөлүштүрүлүп баштайт»,- деди Д.Ибраев.
Маалымат үчүн: Фонддун уставдык капиталы – 500 миллион АКШ доллары. Алгачкы 100 миллион доллар келип түшкөн, калган 400 миллион доллар 2016-жылдын 29-майына чейин которулат. Андан тышкары орусиялык тарап Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шарттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги жок эле 500 миллион АКШ доллар суммасына жеңилдетилген карызды фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз моюнуна алган.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан