17-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тарабынан юстиция министри кызматына сунушталган Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырышты. 44 жаштагы жаңы министр юридикалык факультетти аяктап, эмгек жолун өкмөттүн юридикалык бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. 2008-жылдан 2015-жылга чейин юстиция министринин орун басары болуп иштеп келген.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов талапкер тууралуу: «Жылдыз Мамбеталиева бул кызматка ракета менен учуп келип калган жок. Ал консультанттан тартып министрдин орун басарына чейин тепкичтердин баарын басып өткөн»,- деп айтты. Соңунда депуттардын 72си жаңы министрге колдоо көрсөтсө, экөө каршы добуш берди.
Эльвира Караева
politika@super.kg