Үйлөнүү-үлпөт кортежиндеги машиналардын санына чек киргизилди. Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процесстик кодекси жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамга президент 18-февраль күнү кол койду. Документке ылайык, кортеждеги машинанын айдоочусу тарабынан кылмыш мас абалында жасалса жана жол кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирилген болсо же жабырлануучунун өлүмүнө алып келген учурда автоунааны башкарган адам айдоо укугунан кол жууйт.
Андан тышкары "автобейбаштык" деген жаңы берене киргизилди. Айдоочунун же автоунаада болгон адамдардын коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнөө бузган, жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон атайын аракети, ошондой эле бештен ашык машинанын үйлөнүү-үлпөт кортежинде болушу автобейбаштык катары каралат.
Эльвира Караева
politika@super.kg