Жаңы сериал
(Башы өткөн сандарыбызда)
Сүйүүбүзгө жашыбыздын айырмасы да тоскоол болгон жок. Анткени мен андан эки жашка улуу элем.
Университетти аяктагандан соң окуумду улантуу максатында магистратурага тапшырып, студенттик жатаканада жашап калдым. Ал да ошол жерде жашайт экен. Канчалаган жаштардын арзуусуна, арманына күбө болгон бул жатакананын коюнунда биздин да тунук, туңгуч сүйүүбүз жаралды. Кызык, биз таанышкан алгачкы күндөрдө ал менин улуулугумду сыйлап, эжекелеп кайрылчу. Акырындап сизи сенге алмашканын да элес албаптырмын.
Күндөрдүн биринде мени шаар айланып келүүгө чакырды. Менден кичүү үчүн аны менен шаар айлануудан тартынган да, корккон да жокмун. Алтургай оюма эч нерсе келген жок. Ар кайсыны божурашып, болор-болбос нерсеге жыргап күлүп алабыз. Шаар айландык, сейил бакта көпкө отурдук. Көңүлүбүз көтөрүлүп, шайыр-шаңдуу кайттык. Кайра келе жатып жатаканага жеткенде колумдан кармады да, бир нерсени айта албай буйдалып калды.
– Бир нерсе айткың келип жатат окшойт?- дедим ортодогу ыңгайсыздыкты бузуп.
– Ооба, эгер капа болбосоң сен деп сүйлөй берейин.
Мен күлүп жибердим, бир аз ыңгайсызданып туруп, ал да мени менен кошо күлдү.
– Каршы эмесмин, мырза жигит,- деп негедир эркелеп жооп бергенимди өзүм байкабай калдым.
– Анан... Биз... Биз достой эле болуп калдык,-деп ал дагы эле айтайын деген сөзүн ачык айта албай, ого бетер буйдалды.
– Демек, биз бүгүндөн баштап доспуз да, ээ?- деп, улуулугума салып чечим кабыл алып койдум.
– Жок, биз...
– Биз...
Көздөрүбүз чагылыша түштү. Экөөбүз тең сөзүбүздүн аягына чыкпай каткырып жибердик.
Ошол күндөн тартып ого бетер жакын боло түштүк.
Күн сайын шаар айланып, бакчада бирге эс алып отура турган болдук. Алтургай кээ бир учурда сабактарыбызга, майда-барат үй жумуштарыбызга да жардамдашууга өттүк. Тымызын бири-бирибизди сагынып, жадакалса кызгануу сезими да пайда болгонун экөөбүз тең сезе баштадык. Бул сезимдер акыры бизди махабаттын байманалуу жолуна салды окшойт.
Күндөрдүн биринде ал мени сүйөрүн айтты. Бул мени ойлондурбай койгон жок. Себеби биздин мамилебиздин аягы эмнеге алып барарын ойлоп сабыркадым. Анткени экөөбүздүн дилибиз табышса да, жолубуз эки ача экенин тымызын сезчүмүн. Ал менин улуулугумду, жашаган жерибиздин алыстыгын, деги эле мамилебиздин акыр-түбүн эске алган жок.
– Акыр-аягын ойлондуңбу?
Чымырканып ага суроо узаттым.
– Ошол үчүн оюмду ортого салып отурам. Алгач бул жөн эле сезим, өтүп кетет деп өзүмдү ишендиргенге аракет кылдым. Андай болгон жок. Ишенчи, сени сүйөм,- деп олуттуу жооп берди.
– Баары бир мага кыйын болот. Биздин мамилебизди эч ким туура кабыл албайт. Бул турган нерсе. Өзүнөн улуу кыз башын айландырып алыптыр деген сөз мага карата айтылбай койбойт. Анын үстүнө сенин ата-энең да менин улуулугумду укса макул болушпайт го?
– Алар кимден укмак эле? Эгер бир нерсе болсо өзүм айтып, баарын түшүндүрөм. Сени бирөө жарымдын капа кылышына жол бербейм. Кайсы жерде, кандай учурда, кимден болбосун, сени коргоп да, колдоп да алышка күчүм жетет. Сен менин сунушума каршы болбосоң эле болду,-деп ишенимдүү билдирди.
Мен анын айткан сөзүнө ишендимби же өзүм да ага күн өткөн сайын байланып бараттымбы, макул деп ийинине башымды жөлөдүм. Ошондо айткан сөздөрүн аткарууга эрки жетеби, жетпейби, ал жагы оюма келбептир. «Сүйүүнүн көзү сокур» деген сөз чын тура. Сүйүү бизди сокур кылды. Менин ага болгон сүйүүмдөн да ишеничим бекем эле. Ооба, ишенчү элем...
Университеттен келерибиз менен бири-бирибизди издеп жөнөйбүз. Күн сайын паркта сейилдөө адатыбыз.
Экөөбүз жолугушканда эле «балмуздак жегиң келдиби?» деп сурайт. Жегим келди дейм. «Кеттик анда» дейт дароо эле.
Балмуздак биздин жолугушуубуздун бирден бир себеби. Сүйүүбүз да балмуздактын балындай таттуу. Өзүбүз студент болгондуктан, акчабыз да ченелүү экени анык. Ошого карабастан, акча табылчу. Керек болсо, акыркы акчабызды коротуп койгонубузга кайылбыз. Эртеңки күн эмне болсо ошол болсун, бүгүн бирге болгонубуз жетиштүү.
Бир күнү балмуздак жегенге экөөбүздө тең акча жок калыптыр. Ал күнү жөн эле бакчада отурдук. Балмуздак алып бере албай калганына ичинен өкүнүп жатканын байкап калдым. Ал ойдон алыстатуу үчүн моюнуна асыла кеттим.
– Ары турчу, эмне жабышасың, жаман көргөндү билсең боло!- деп колумду катуу силкип жиберди.
Андан мындай жорукту күтпөгөн жаным мостоё түштүм. Эриндерим дирилдеп, көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Ал канчалык ачууланымыш болсо да, көздөрү жайнап турду.
Анан бырс күлүп жиберди да, көтөрүп алып чарк айланта баштады. Анын мындай орой тамашасына мен кадимкидей таарындым.
– Болду, түшүр дейм,- деп тултуңдаган бойдон колунан бошонуп, терс карадым.
– Тамаша кылбадымбы, жаным, Маликам менин,- деп ал белимден кучактап, алкымымдан жыттады.
– Ушул да тамашабы, бир аз эбиң менен болбойсуңбу?- деп ого бетер таарынып, эркелеп кеттим.
– Таарындыңбы?
– Таарындым! Катуу таарындым!
Ал билегимден шап кармап өзүнө тартты. Мен шамдагайлык менен колунан суурулуп, улам бир даракты
айланып качып жөнөдүм.
Баары бир жетип алды. Кыткылыктап күлгөн экөөбүз көптөн бери эми табышкансып, кучакташып туруп калдык.
Ал менин бетимден, алкымымдан өпкүлөп кирди. Ошол күнү биз биринчи жолу өбүштүк. Күлүп күлкүгө, кумарлана кучакташканга тойбогон таттуу күндөрүбүздүн акыры кандай болору али белгисиз эле...
Малика аңгемесинин ушул жерине келгенде бирге жашаган эжебиз күйүгүп, бизди издеп келип калбаспы.
– Кокуй, эмне отурасыңар? Уколго чакырып жатат,- деди бизди жемелеп.
– Сүйлөшүп отуруп кечтин кирип калганын да байкабай калган экенбиз. Көп сүйлөп койдум окшойт, башыңды ооруткан жокмунбу?- деди Малика.
– Жок, кандай кызыктуу сүйлөдүң. Сөзгө чебер турбайсыңбы,- дедим.
Эже Маликага ишене бербей улам-улам карап коёт. Айрыкча “көп сүйлөп койдум окшойт” деген сөзүнө ишенбей калды көрүнөт.
Маликанын сыры аягына чейин айтылбай калгандыктан, аягы эмне менен бүтөр экен деп ойлоно бердим. Түн бир оокумга чейин Маликанын да уктабай ары-бери оодарылып жатканын байкап, суроо берүүгө батындым.
– Малика, уктай элексиңби?
Ал башын мен тарапка кыйшайтты.
– Эмне болду?
– Анын аты ким?- дедим.
– Кимдин?- деп ал түшүнбөй кайра мага суроо узатты.
– Ал эле дейсиң, жигитиңдин атын айтпадың го?..
– А-аа, Бактияр!- деп айтып, оор үшкүрүп алды.
Бактияр деп ичимден кайталап койдум. Азыр анын кайда экендигин, эмне болгондугун канчалык билгим келгени менен, Маликага башка суроо бербедим. Эгер учурда деле бирге болушса, анда Маликадан кабар алганы келет эле го. Бактияры эмес, анын артынан бир да адам келе элек. Бул мени ого бетер таңдантты. Малика бул түнү да көпкө ыйлады. Эртеси текшерүүгө келген дарыгер ага катуу эскертти.
– Малика, сен өзүңдү колго алып, тарбиялашың керек.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)