ДАРЫГЕРЛЕР АДАШЫП СОО КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШКАНБЫ?

"Борборубуздагы Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери бейтаптын соо көзүнө операция жасап салыптыр" деген кабар уккан адамдын оозун ачырды. Айыптоолор, актануулар болду. Бул чыр кандайча башталып, эмне менен аяктаганына кызыгып көрдүк.

«СОЛ КӨЗҮ 2 ПАЙЫЗ, ОҢ КӨЗҮ 100 ПАЙЫЗ КӨРӨТ ДЕШКЕН»
Дарыгерлер адашып уулумдун соо көзүнө операция жасап салышты деген Кенже Жаныбекова бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Балам Раатбектин бир көзү көрбөй жатканын жакында эле билдик. Бир күнү сыналгы көрүп отуруп баламды карасам оң кареги сыналгыны, сол кареги башка жакты карап туруптур. Оң көзүн колум менен жаап көрсөм, ал сол көзү сыналгынын жарыгынан башка эч нерсени көрбөй жатканын айтты. Бишкекке алып келип диагностикалык борборго текшертсек, алар «катаракта экен, көзүнө операция жасоо керек» дешти. Операция десе коркуп, мүмкүн дарыласа жакшы болуп кетер деп Эне жана балдарды коргоо борборуна алып келдик. Булар деле «операциясыз болбойт, тубаса катаракта экен» дешти. Кайсы жерге алып барбайлы баары текшерип көрүп, сол көзү 2 пайыз, оң көзү 100 пайыз көрөт экен дешкен. Уулумдун көзүнө операция жасаган врач Марал Сабыровна да ошентип айткан. 10-февраль күнү уулумдун көзүнө операция жасалды.

«СОО КӨЗҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШКАНЫН ВРАЧТАР ДА БИЛБЕПТИР»
– Мен баламдын жанында отургам. Бир убакта карасам оң көзү таңылып турат. Оң көзү ооручу беле же сол көзү беле деп нес болуп калдым. Өзүмө өзүм ишенбей жолдошума телефон чалып тактасам, ал сол көзү ооруйт болчу деди. Стресс болуп, буттарым калтырап врачка жетпей койдум. Жолдошум, эжелерим келип тиешелүү жактарга арыздандык. Эми врачтар «операцияга киргенде микроскоптон текшерип, оң көзүндө да катаракта бар экенин көрдүк» деп жатышат. Эмнеге мурун айтышкан эмес?
Операцияны соо көзүнө жасап алышканын өздөрү да билишкен эмес. Мен дарыгерлерди дагы деле кечирген жокмун. Биз ызы-чуу салганда алар «бул биздин дарыгерлик катабыз» деп тил кат жазып, кечирим сурашкан. Бул үчүн компенсация төлөп беребиз деген да жери бар. «Сол көзүн бекер дарылап беребиз» деп азыр жакшы эле карап жатышат. Караганы менен артка эч нерсени кайтара албайбыз да.

«КАНТИП ООРУГАН МЕНЕН СОО КӨЗДҮ АЙЫРМАЛАЙ АЛБАЙ КАЛАЛЫ?..»
Биз барганда балага операция жасаган врач Марал Усупова иш ордунда жок экен, ага ассистент болуп операцияга катышкан көз оорулары бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Асаналиев мындайча түшүндүрүп берди:
– Раатбек Аскаровду ата-энеси бизге 7-февраль күнү алып келди. Анын көзү катаракта экен. Бул баланын оорусу тубаса дарт экен. Ал бир көздө пайда болсо, экинчи көзгө сөзсүз өтөт. Каректин ичиндеги чечекей күндүн нурун кабыл алып, аны майда кан тамырларга өткөрүп берет. Анан көздө түстөрдү бөлүп кароо процесси жүрөт. Раатбектин чечекейи бозоруп, күн нурун такыр өткөрбөй калган. Врач бул оору операциясыз айыгышы мүмкүн эместигин айтыптыр. 10-февраль күнү баланын көзүнө операция жасалган. Аны жасаган врач Марал Сабыровнанын бул тармакта 28 жылдык стажы бар. Мен ага ассистент болгом. Баланын сол көзү 2 пайыз, оң көзү 90 пайыз көрөт экен. Микроскоп менен карасак, катаракта оң көзүнө да өтүп баратыптыр. Биринчи оң көзүнө операция жасоону туура көрдүк. Мен аны баланын ата-энесине айтса керек деп ойлогом. Марал Сабыровна туура иш жасады. Катаракта күн сайын көбөйө бермек да, оң көзү да жакшы көрбөй калмак. Врач баланын оң көзүнө операция жасаарын ата-энесине кабарлабай калгандыгынан улам алардан кечирим сурады. Кантип оң көз менен сол көздү, ооруган көз менен соо көздү айырмалай албай калалы?..

«ДАРЫГЕРЛЕРДИН КӨБҮ «КИРГИЗ» БОЛУП КАЛДЫ»
Амантур Жумабаев, Эне жана баланы коргоо ден соолук борборунун башкы дарыгери:
– Дарыгерлердин көпчүлүгү азыр «киргиз» болуп калган. Алар бейтап менен баарлашканда ооруну толук кандуу түшүндүрүп бере албай кыйналышат. Бул врачтардын да кемчилиги – бейтап менен толук кандуу сүйлөшпөгөндүгүндө. Ал айыбын эки врач моюнуна алып, компенсация төлөп беребиз деп жатышат. Ал эми баланын келечеги үчүн туура эле иш кылышкан.
Бул окуя боюнча борборубуздагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин тажрыйбалуу дарыгерлери жана медициналык окуу жайлардын профессорлорунан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзгөн, бирок анын корутундусу азырынча чыга элек.
Ата-энеси уулуна туура эмес операция жасаган деп врачтардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан. Алар бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жаткандыгын кабарлашты. Эгер дарыгерлердин баланын соо көзүнө адашып операция жасап алганы аныкталса, анда ал врачтардын үстүнөн кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дарыгерлер баланын соо көзүнө адашып операция жасашканбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
kg.sity93
2015-02-23 16:48:29
мамайдын кору болгон го бул жагы ..врачтардын куноосу го дейм..
0
jass
2015-02-23 17:28:48
эгерде врачтардын куноосу болбосо кечирим сурабай калышты го,ооруп баргандарга нормальный мамиле кылышпайт копчулугу
+2
Kg.lady
2015-02-24 01:01:50
Кудаай, сактай кооорр! Бул кейпинде врачтар кол менен бутту алмаштырып салып койгондонда тайбайт, анандагы ушул ынгайлуу деп, суудан курукда чыгып кетишет, атандын гору де, буларга кун салгылык кылбасында, кудайым.
0
aikakg
2015-02-24 10:34:57
Kg.lady,ke4iresiz + basam ddep minus basyp alypmyn
0
aikakg
2015-02-24 10:33:11
oi tobooo degi ele vra4tarkyzykta tuura emes kozuno ele jasa alywty da anan kalp ele aila jok,eki kozu ten oorruiit eken dep...degi emne bolup baratavyyzz
0
aigerimkeneshkyzy
2015-02-24 12:32:38
aikakg, tuura
0
aigerimkeneshkyzy
2015-02-24 12:33:39
vra4targa iweniw kyiyngo
0
Aziyat
2015-02-24 13:22:14
Врач мас болсо керек да. Көп жылдык стажы бар врачтар спирт ичип анан операцияга киришет деп угуп калчу элем.
0
zama.u
2015-02-24 20:12:52
Операцияда колдонгон инструменттеринда толуктап көрүш керек бул врачтардын
0
_KipchaK_
2015-02-26 10:18:57
Аянычтуу экен окуя. Врачтардын шалаакылыгы. Баланы кайра башынан текшерип врачтардан куноо кетсе кату жазалоо керек.
0
Саби
2015-02-26 11:15:24
Менин синдим да Московский-Лог (нац госпитал)Лорго барганда операция жасаш керек деп кайра жакшы дем алган таноосуна операция жасап салган.Ага айтканда кайра бекер операция жасап берем бул таноон эми айыксын дегенинен экинчи жолу ал врачка баргысы келбей койгон.Акчаны болсо ошол врач операция жасардын астында эле мынча керек деп алган.Синдимдин азыр деле мурду бутуп жакшы дем ала албай журот.Ошол врачтын фио эстей албай атам башка улуттагы жашы 50 жакындап калган эле киши болчу.
0
doktordjumaliev
2015-02-26 12:58:19
Азыркы учурда милиция м.н доктурларга кунун калбасын. соо кишини текшерсе да ооруулуу деп табышат. кочодон кармап барып соттоп салышат
+2
Bektur2
2015-02-26 15:18:04
Врачтардын куносу учун канчалаган адамдар кыйналып канчасы жан берип жатышат саны бар сапаты жокторун кыскартып кучтулордун айлык акысын которушсо чет жака кетишпейт эле.
0
hanzada_samatova
2015-02-26 16:46:54
Ушул туура эмес операция жасагандардын врачтардын, мээсине операция жасаш керек.!!!
+1
marat88
2015-02-27 08:51:22
Бир даарыгердин айынан баарын кунологон туура эмес. Жакшы даарыгерлерда бар, ажалдан аман алып калганга себепчи болгонда даарыгерлер эсинерден чыгарбагыла алтындарым!!
0
Misi
2015-02-28 15:46:39
азыр врачтарга ишенуу кыйын. Муну мен озумдун практикамда айтып жатам. мага нормальный болсом деле преднизалон берип бетиме ар нерселер чыгып, толуп да кеттим. Башка врачка барсам норма дейт. Кимисине ишенем эми?!!!
0
sarishka
2015-04-18 00:24:27
kudai saktasin asurku zamanda,kudaium baardik el jurtka den sooluk bersin
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан