ЖМА – БУЛ БИЛИМГЕ СУУСАГАН, ЖӨНДӨМДҮҮ ЖАШТАР ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮК

ЖМА – бул БААУнун алдындагы бир жылдык даярдоочу  окуу программасы. ЖМАнын студенттери стипендияга ээ болуп, ал каражат окуу жайдын контрагына, жатаканада жашоого жана тамак-ашына толугу менен жетет. Бул программага өлкөнүн жети дубанынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү тапшыра алышат. Негизги талаптардын бири англис тилин  мектептик орто деңгээлде билүү болуп эсептелет

Надежда Чубко, ЖМАнын мугалими:
– Мен Ош Мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде англис тилин окугам. Андан соң билимимди Казакстандын
КИМЭПинде магистратурада улантып, англис тил мугалими кесибине ээ болдум.
БААУда иштеп баштаганда бул жактын өзгөчө атмосферасы дароо байкалды. Мага окутуучулук жагат жана бул жумуштан ырахат алып иштейм. Сабактардын эң негизги бөлүктөрүнүн бири – бул интеративдик окуу. ЖМА бул гранттык программа болгондуктан өзгөчө алыскы аймактардан келген окуучуларга жардам берүү керектелет. Тайпада 14 окуучу бар жана алардын баарына бирдей мамиле кылабыз. Менде жергиликтүү болобу, чет өлкөдөн келген студент болобу эч кандай көйгөй жаралбайт. Алардын жашы, улуту ар башка болсо да бардык тайпада ынтымак өкүм сүрөт.
Окууда кандай гана темада сабак өтүлбөсүн аны класста талкууга алабыз. Студенттер класстан тышкары өз алдынча окуп-үйрөнүүгө умтулушат. Окуу жылынын башында окуучулар жаш баладай келишсе, аягында чоңоюп, олуттуу болуп калганын байкайсың. Дагы бир орчундуу жагдай бул англис тилин өздөштүрүү болуп саналат. Көпчүлүк таланттуу окуучулар ушунун айынан толугу менен ачыла албай калышат.
Көп окуучулар БААУга тапшырууга умтулат, ЖМА болсо алардын ишеничин толугу менен актай алат. Анткени ЖМАда бир жылдын ичинде толук кандуу билим алып, жаркын келечегинин ачкычына ээ боло алышат деп эсептейм.

Роза Чолпонбаева, ЖМАнын студенти:
– Мен Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылындагы Сейитбек Эшенаалы уулу атындагы орто мектебин 2014-жылы аяктагам. ЖМА боюнча маалыматты алгач атам «Супер-Инфо» гезитинен окуп калып, академияга тапшырып көрүүмдү сунуштаган. Мен андан кийин ЖМА жөнүндө интернет баракчасынан толук маалымат алып, анкетаны толтуруп жөнөттүм. Бактыга жараша, ЖМАнын 2-туруна өтүп, анда англис тили боюнча мектептин деңгээлиндеги тест, кыска эркин темадагы дил баян жана ЖМАнын мугалимдери менен маектешүү болду. Бир айдан соң ЖМАнын студенти болгонумду кабарлашты. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпаңыз...
Учурда кыялым орундалып,  ЖМАда билим алып жатам. Академия менин жашоомду толугу менен өзгөрттү.  Айланамдагы адамдар жөнөкөй, тарбиялуу студенттер жана окутуучулардын баары доцент, профессорлор. ЖМАда өзүңдү ар тараптан сынай аласың. Мисалы, мен волонтёрлук жана кайрымдуулук иштерине катышып келе жатам. Академияны аяктагандан кийин БААУнун эл аралык мамилелер жана политология факультетине тапшырып, келечекте өзүмдү жөнөкөй, кайрымдуу жана күчтүү дипломат катары көргүм келет.
ЖМА – бул билимге суусаган, жөндөмдүү, алдыда чоң максаттары бар, бирок ага жете албай жаткан жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, урматтуу абитуриенттер, мен силерди ЖМАга тапшырууга чакырам. Ар бириңер академиянын студенти боло аласыңар, жөн гана өзүңөргө ишенүүңөр керек. Кыргызстандын келечеги биздин колубузда, андыктан чогуу аракет кылалы!!!

МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР:

• 2015-жылдын 1- январы – билдирмелерди кабыл алуу башталат
• 2015-жылдын 10-апрели – билдирмелерди берүүнүн акыркы мөөнөтү
• 2015-жылдын апрель-май айлары – билдирмелерди кароо жана жарым финалчыларды тандоо
• 2015-жылдын июнь айы – жарым финалчылар үчүн англис тилинен тест алуу, маектешүү жана ЖМАнын стипендиясын тапшыруунун жыйынтыгын жарыялоо
• 2015 – жылдын август айы – ЖМАда окуу жылдын башталышы

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ЖИБЕРИЛЕ ТУРГАН БЛАНКТЫ КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЛУУГА БОЛОТ?
ЖМАнын стипендиясына жибериле турган билдирменин бланкын
ЖМАнын сайтынан (www.nga.auca.kg) жана ЖМАнын аймактардагы өнөктөштөрүнүн кеңселеринен алууга болот.

Америка борбору, Баткен шаары, Баткен мамлекеттик университети, Юсупов көчөсү, 21  Тел.: (03622) 3-62-25, электрондук дарек: middin@mail.ru

Билим берүү кеңеш борбору, Ош шаары, Ош облустук китепканасы, Курманжан датка көчөсү, 271, Тел.: (03222) 5-66-62, электрондук дарек: educforall@rambler.ru

Америка борбору, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ленин көчөсү, 57, 3-кабат, электрондук дарек: ordosujalalabad@gmail.com

Америка борбору, Каракол шаары, Ысык-Көл облустук китепканасы, Коёнкөзов көчөсү, 35.Тел.: (03922) 4-09-94, электрондук дарек: samohinaolga@mail.ru 

Америка борбору, Нарын шаары, Нарын облустук китепканасы, Ленин көчөсү, 33. Тел.: (03522) 5-18-83, электрондук дарек: narynac@gmail.com

Америка борбору, Талас шаары, Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык бөлүмү, Ч.Айтматов көчөсү, 192. Тел.: (03422) 5-42-37, электрондук дарек: ackgtalas@gmail.com

ЭСКЕРТҮҮ! Көрсөтүлгөн даректер аркылуу барып сиздер окууга тапшыруудагы билдирменин бланкын гана ала аласыздар. Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жиберүү керек: 710040. Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205, 323-бөлмө, ЖМАнын кабыл алуу боюнча кеңсеси. Байланышуу үчүн маалымат: Веб-сайт: www.nga.auca.kg  Электрондук дарек: nga@mail.auca.kg Тел.: + 996 (554) 55 09 39

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
American University of Central Asia – AUCA – NGA
www.nga.auca.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirana9395
2015-02-25 22:03:07
жакшы экен мага жакты
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан