Коомдун өнүгүшү менен кыш, эрте жаз жана кеч күз мезгилдеринде күнөскана куруп, жашылча-жемиштерди өстүргөн дыйкандарыбыздын саны өсүүдө. Ошондой эле аны үйрөнүп алайын деп кызыккандар да чекеден чыгат. Эмесе, күнөскананын негизги эки түрү тууралуу Инновациялык кеңеш берүү жана окутуу борборунун агрономия боюнча адиси Жолдош Эшперов маалымат берет.
«КҮНӨСКАНА – ТАТААЛ КУРУЛУШ»
– Кыргызстанда күнөскананын күнөстүү жана туннелдүү деген 2 түрү кеңири жайылууда. Туннелдүү күнөскана өлкөбүздүн климаты ысык келген аймактарына ылайыктуу. Мисалы, туурасы 9 метр, ал эми узуну 20-25 метр келген күнөскананы (бул стандарттык көлөм) куруу үчүн 65-70 миң сомдун айланасындагы каражат сарпталат. Бул жумушчу күчүн кошкондо келип чыккан сан. Эгер дыйкан эккен жашылчасынын түшүмдүүлүгүн арттырам десе күнөскананын ичине тамчылатып сугаруу системин орнотуп алса утат. Анын 1 топтому (комплект) суу толтуруучу челегин кошкондо 20-25 миң сом турат. Жалпы курууга кеткен чыгымды дыйкан эки жылдын ичинде кайтарып ала алат. Тажрыйба топтогон сайын киреше жыл санап көбөйө берет.
Күнөскана абдан татаал курулуш. Куруучу алгач арматуралардан күнөскананын каркасын жасап баштайт. Ал үчүн ичкерээк арматураларды догоо тибинде ийип, казык катары кагылган арматураларга ширетүү менен бириктиришет. Ал эми казыктарды жыгачтан кылса эмне болот деген суроо туулушу мүмкүн. Кар түшөт, катуу шамал болот, күнөскананын ичи бирде ным, бирде кургак болот. Мына ушул шарттарда жыгачтар чирип же сынып калышы мүмкүн. Колдон келсе бардыгын тең темир материалдардан кылган оң. Эки түрдүү күнөсканада тең капталуучу полиэтилен плёнка 2 кат болушу керек. Мында эки плёнканын ортосундагы боштукта термос сыяктуу жылуулук сакталып турат.
«КҮНӨСТҮҮ КҮНӨСКАНА СУУК ЖЕРЛЕРГЕ ЫЛАЙЫКТУУ»
– Бул күнөсканага туннелдүүгө караганда көбүрөөк каражат жана физикалык күч жумшалат. Күнөстүү күнөскананын түндүгү кыш, пескоблок же болбосо таштан тургузулган дубал менен тосулуп, түштүк тарабы же күңгөй бети полиэтилен плёнка менен капталат. Мындан сырткары кыштын суук айларында плёнка капталган бетин түнкүсүн жууркандар менен жаап, жылытуу системин да жетиштүү деңгээлде иштетип туруу керек.
Түндүк тарабын дубал кылуунун негизги мааниси – күндүз тийген күндүн жылуулугу плёнка аркылуу дубалга өтөт дагы, күн батып кеткенден кийин сырттагы температура муздаганда дубалдагы жылуулук күнөскананын ичине, өсүмдүктөргө өтөт.
Эки күнөскана тең жарык берүүчү систем менен толук камтылышы керек. Себеби өсүмдүктөр бир күндө 15-16 саат жарык менен камсыз болушу зарыл. Ошондуктан күн чыкканча 3 саат жарык күйгүзүп, күн баткандан кийин да 16 саатка тууралап жарык берүү шарт. Жалпысынан күнөстүү күнөскана курууга 75 миң сомдун тегерегиндеги акча сарпталат. Эки күнөскананы тең курууда атайын адистерден кеңеш алып, колдон келсе окуй калган жакшы. Бишкек шаарындагы Айыл чарба академиясында ушул багытта атайын курстар бар. 1 курс окуу үчүн 10 күн гана талап кылынат. Ал эми баасы 3500 сомдун айланасында.
– Өсүмдүк үчүн эң негизги аба, суу, жарык, жылуулук жана топурактагы керектүү азыктардын болушу шарт. Эгер күнөскананын ичинде жүргөндө аба жетишпей адам кыйнала баштаса анда эшик-терезелерин ачып желдетип туруу керек. Ал эми ургаачы өсүмдүктү эркеги менен чаңдаштырууну кол менен жүргүзүүгө туура келет. Күнөскананын ичинде чаңдаштыруу функциясын аткарган аары, курт-кумурскалар жок болгондуктан, эркек өсүмдүктүн аталыгындагы чаңды кисть менен жугузуп алып, ургаачы өсүмдүктүн энелигине силкип коюу керек.
«КҮНӨСКАНАНЫ ЖАЙКЫСЫН ЭС АЛДЫРУУ КЕРЕК»
– Күнөскананы пайдалануу мөөнөтү күзгү, кышкы жана жазгы болуп бөлүнөт. Жаңы баштап жаткан фермерлер күзгү жана жазгы учурларга багыт алгандары оң. Себеби кыш мезгилинде күнөсканада жашылча өстүрүү көп каражатты жана мээнетти талап кылат. Ал эми жайдын ысык мезгилинде күнөскананы эс алдырып, табигый күндүн ысыгынан пайдалануу кажет. Дегеле жайында сыртта күн ысык болгондуктан, күнөскананын ичиндеги температураны бирдей кылып кармап туруу мүмкүн эмес.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg