КЫРГЫЗСТАНДА СНОУБОРД ЖАНДАНУУДА

Кыргызстандын кышы сонун болсо да, эмнегедир кышкы спорт түрлөрү өнүгө албай келет. Олимпиада оюндарында байгеге илингенди мындай кой, ага спортчуларыбыздын катышуусу эле биз үчүн жеңиштей сезилет. Бирок акыркы убактарда бул жаатта жылыштар болуп, баштапкы өнүгүү жолу түптөлүп жаткандай...

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
Сноуборд спортунун тарыхы 1960-жылдары америкалык Шерман Поппен 10 жаштагы кызы Вендиге 2 лыжаны бириктирип, азыркы сноуборд сыяктуу оюнчук жасап бергендигинен башталат. Ошондон тарта бул снерфер деп аталып, балдар үчүн оюнчук катары чыгарыла баштайт. Жылдан жылга снерфинг эл арасына жайылып кеткен.
1979-жылы АКШнын Гранд-Рапидс шаарында сноуборд боюнча алгачкы Дүйнөлүк мелдеш өтүп, анда Жейк Бертон чемпион аталган. Кызыгы, Жейк сноуборд тактайчасына буттар үчүн бекитмени биринчилерден болуп жасаган. Сноуборд учурда бүйүр кызыткан кышкы спорт түрлөрүнүн катарына кирет.

ЧЕБЕРЛЕРДЕН МАСТЕР-КЛАСС
Бул арада сноуборд боюнча Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучулары, америкалык Фей Гулини жана Жастин Рейтер өз тажрыйбалары менен бөлүшүү иретинде Кыргызстанга келишти. Алар жатак мектепте, балдар үйүндө окуган жана жаңыдан баштап жаткан жаш спортчуларга «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасында сноуборддун кызыктуу дүйнөсү менен тааныштырып, мастер-класс көргөзүштү.

АКШнын Колорадо штатынын чемпиону, Сочи-2014 Олимпиадасында 4-орунду алган спортчу Фей Гулини бир канча суроолорубузга жооп берди:
– Кыргызстанга куш келдиңиз! Биздин өлкөдө алгачкы жолу болушуңузбу?
– Ооба, Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Бул жактын жаратылышы өзгөчө экен. Кышкы спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. АКШныкына салыштырмалуу Кыргызстандын тоолору бийик жана кооз экен.
– Өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз. Сноуборд менен качантан бери «ооруп» калдыңыз эле?
– Негизи, биз жакта лыжа, сноуборд менен 3-4 жаштан баштап эле алектенишет. Мен сноуборд менен алгачкы ирет 9 жашымда таанышып, Юта штатынын тоолорунда машыгып баштагам. Мына эми, минтип профессионал спортчу катары элге таанылып отурам.
– Жаш сноубордчуларга кандай кеп-кеңешиңизди бересиз?
– Биздин, профессионал спортчулардын негизги максаттарыбыздын бири – спортту дүйнө жүзүнө жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Жаш спортчуларга айтарым, дайыма өзүңөргө ишенгиле. Бул спортто көп жолу жаракат алышыңар мүмкүн, ушуга моралдык жактан даяр болуу керек. Анткени көпчүлүк жаракаттын айынан бул спортту таштап салышат.

«КЫШЫНДА УШИНТИП ЭС АЛЫШ КЕРЕК ТУРА...»
Америкалык чеберлерди көрүп, сноуборд тактайын алгачкы жолу бутуна илген Эмир бул спортту жактырып калгандыгын айтты:
– Сноуборд мага абдан жакты, бат эле үйрөнүп кеттим. Ылдыйга түшүп келе жатканда чыныгы адреналинди алат экенсиң. Профессионалдык жаатта машыкпасам да, кышында ушинтип достор менен эс алууну адатка айлантам.

«ЛЫЖА СПОРТУНА КАРАГАНДА СНОУБОРД ӨНҮГҮҮДӨ»
Өлкөбүздүн сноуборд федерациясынын президенти Эркин Усубалиев Кыргызстандагы бул спорт түрүнүн абалы тууралуу айтып берди:
– Учурда лыжа спортуна караганда сноуборд өнүгүү жолуна түшүп калды деп айта алам. Сноуборд – бул жөн гана көңүл ачуу эмес, кышкы спорт түрүнүн эң кызыктуу спортторунун бири. Эң сонун шарттарыбыз бар болсо да, каражаттын айынан алдыга жыла албай жатабыз. Ошентсе да бул жаатта иштер жүрүп жатат. Алсак, Каракол шаарынан алыс эмес Тогуз-Булак айылында сноуборд боюнча жаштар үчүн алгачкы мектеп иштеп жатат. Жакын арада Чүй облусуна ушундай мектеп ачалы деп жатабыз. Биздин спортчулар эл аралык мелдештерге катышууда, жакында эле 4 спортчубуз Дүйнөлүк Универсиадага катышты. Анда Алексей Вакурин 40тай спортчунун арасынан 15-орунга илинди.

СНОУБОРД ТЕБЕМ ДЕСЕҢИЗ...
«Үстүндө жөн да тура албайсың, анан аны кантип тепсек болот?» деп көпчүлүк үйрөнчүктөр айтышат. Эмесе, сноуборд тебүүнүн эң негизги эрежелерин эске түйүп алыңыз:

  • Өз алдынча үйрөнүүгө караганда инструктор менен үйрөнүү жеңил.
  • Тактайдын үстүндө түз эмес, денени башкарууга ыңгайлуу жантайыңкы абалда туруу керек.
  • Солго бурулуу үчүн солго эңкейиңиз, оңго бурулсаңыз оң тарапка эңкейесиз.
  • Алдыны көздөй тебүү үчүн алдыңкы бутка салмакты таштайсыз, токтоо үчүн салмакты арткы бутка таштайсыз.
  • Сноубордчунун эң башкы жол эрежеси – сиздин алдыңызда тээп бара жаткан адам дайым негизги жол жүрүүчү. Анткени ал арттагыны көрбөйт, ошондуктан артта келе жаткан адам ага карап ыңгайланышы керек.
Инструкторлордун жардамы менен жаш балдар бат эле сноубордду өздөштүрүп кете алышты.

Америкалык спортчулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
novayariga
2015-02-23 22:26:47
Бизде канча сом турат болду экен сноуборд
0
Aselya23
2015-02-27 17:27:22
Бизде клуб жана барлардан башка эч нерсе ЖОК! Гана ушундай нерселеди ачса жаштар барат эле го
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан