(Башталышы өткөн сандарда)
Жанара акырын үн катты.
– Кандайсың, балдарың чоңоюп жатышабы?
– Жакшы, өзүң кандай болуп калдың?
– Врачтар «эми үйгө баргыла, бул жерден пайда жок» деп чыгарып коюшту. Эмир жанымда, азыр дары алып келгени сыртка чыккан.
Экөөбүз мындан ары сөздү кантип улантарыбызды билбей отуруп калдык. Бир аздан кийин Жанара улутуна сөз баштады.
– Баян, менин Баяным! Бир тууганым, жалгыз жакын адамым! Мен сенин бир тууганың экенимди сенден мурун эле билгем. Балким, менин сага болгон кыжырдануум, көрө албастыгым ошондо эле ойгонсо керек. Сен менин ордумду тартып алгандай сезилгенсиң. Бирок канчалык жек көрсөм да, баары бир сага болгон жылуулукту түп тамырынан бери сууруп сала албагам. Апам каза болорунда мага кат таштап кеткен экен. Таежемден ал катты мен 18 жашка чыкмайынча бербешин сураныптыр. Биз мектепти бүтүп жаткан күн эсиңдедир? Ошол күн таежем келип мага кат берген күн эле. Ошол кечте экөөбүз бир тууган экенибизди билгем. Намыскөй жаным сага да, атама да айта алган жокмун. Атам мага өзү келип «кызым» деп айтышын кааладым. Бирок ал келип кызы экенимди айткан жок. Балким, элдин сөзүнөн корккондур, балким, намыстангандыр. Ушундан кийин менин кыжырдануум эки эсе көбөйдү. Бечарам, бул окуяда сенин күнөөң жок болсо да, сени күнөөлөдүм. Үй-бүлөңдү буздум. Эми мен кетем. Сөөгүмдү атамдын жайына жакын жерге көм. Мен баары бир анын кызымын. Дагы бир жолу мени кечир! Өмүрүмдүн акырында гана баарын түшүндүм. Аалам ушунчалык кооз экенин, жашоонун, өмүрдүн баркын эми гана билдим. Кайдагы таарыныч менен, жүрөгүңдү сыйра берген жараат менен жашаштын кажети жок тура.
Бир нерсе деп жубатканга оозум барбады. Жөн гана колун кыса кармап жанында отурдум. Бир аздан кийин Эмир келди. Мени көрүп бир саамга селдейе түштү да, кайра өзүнө келди.
– Баян, кандайсың?
– Салам!
– Балдар жакшыбы?
– Тентектер чоңоюп калышты.
Экөөбүздүн кандайдыр бир күнөөбүз бардай кайпактап турдук да, Жанараны бирдей карадык. Ал бизди карап, кейиштүү гана жылмайып койду. Дары-дармектен таптакыр алсырап бүткөн экен, бир аздан кийин уктап калды. Эмир экөөбүз акырын сүйлөшүп отурдук.
– Мен сенден муну күткөн эмесмин. Жигитчилик кылдың. Өзү да намыскөй неме...- дедим акырын.
– Жаштык менен көп нерсени түшүнбөйт экенсиң. Эми гана артыма кылчайып, мен үчүн жанын бергенге даяр бир гана аялзаты болгонун, ал Жанара экенин түшүндүм. Сенин элесиңди кууп жүрүп, чыныгы бактым колумда турганын байкабаптырмын. Мен Жанараны түшүнбөгөн экем. Балким, мурун ал мага баарын айтып берсе башкача болот беле? Эми жок дегенде акыркы күндөрүндө жанынан чыкпайм деп сөз бердим. Мен жанында болоюн деп ооруканага барганымда таптакыр макул болбой койду. «Мени аяганыңдын кереги жок» деди. Бирок мен көндүрдүм. Азыр бир нерсе деп тамашаласам кыткылыктап күлүп калат. Андан мен бала кезибизге кайрылгандай болом. Эмнеге эрте көзүм ачылган жок деп жүрөгүм ооруйт. Уктап жатканда ага билдирбей ыйлап алам. Бир күнү көзүн ачпай туруп мындай деди:
– Эмир, сен ыйлап жатасыңбы?
– Жо-ок, эмнеге ыйламак элем?
– Калп айтпа, сезип жатам. Суранам, мени аяп ыйлабачы. Антсең мени ого бетер кемсинтип жаткандай сезилесиң. Мен бактылуумун, өмүрүмдүн акырында сен келдиң. Ошого эле бактылуумун!- деди.
Биринчи жолу өпкөм өпкөмө батпай ыйладым. Бук көкүрөгүмө толуп калса керек, ошол күнү баары жашка айланып чыгып жатты. Жанараны, өзүмдү, сени аядым. Биздин кайчы кеткен жолдорубузду тиктеп өксүдүм. Эх, баарын кайрадан баштаганга мүмкүнчүлүгүбүз болсо...
Эмир капа болуп жатты. Мен эмнегедир алардын үйүнөн сүйүнүп узадым. Анткени эми Жанара жалгыз эмес экенин билдим. Ошондон кийин жарым жыл өттү. Эмир бир күн да Жанаранын жанынан алыс узаган жок. Акыры Жанара Эмир экөөбүздүн көз алдыбызда каза болду.
Эмнегедир бир колу менен менин, бир колу менен Эмирдин колун кармап алды. Көзүн ачып, бизди бир тиктеп алып ыраазы болгондой жылмайып, бир нерсе дегиси келгендей болду. Бирок ага чамасы келбей, колу шалак дей түштү.
Ошентип, менин бир тууганым өз колумдан каза болду. Ошол күнү эч нерсеге карабай ал менин жашоомдогу эң жакын адамым болгонун түшүндүм. Сөөгүн өзү керээз кылгандай атамдын жанына койдук.
Эми Эмир бул шаарда тура албасын сезип жаттым. Ошол күнү экөөбүз көпкө чейин шаарды аралай басып жүрдүк.
– Баян, мен ушул бойдон калбастырмын. Алдыда жакшы ой-тилектерим бар. Мен дагы үйлөнүп, бала-чакалуу болгум келет. Баса, сенин уулдарыңды көргөндөн бери жашоодогу эн чоң бакыт ушул экенин сездим. Убакыт бардык жараны айыктырат, эң негизгиси, мен эми сен деген оор жаракаттан кутулдум. Жанара менен коштоштум. Ийинимден бир оор жүк алынгандай болуп калдым. Эми менин жолум ачык. Мен да бактылуу болом, кайрылып келемби, билбейм, бирок мен бактылуу болом. Кош, менин балалыгым, кош, менин сүйүүм, кош, менин жаркын адамым! Сен мага көп нерсени үйрөттүң. Турмушта жыгылганда турганды, күрөшө билгенди, ошондо да эч кимге кек түйбөй, адам боюнча калууну сенден үйрөндүм.
Эмир ушинтип акыркы сөздөрүн айтты да, менден узап бара жатты. А мен жашоомдогу дагы бир жакшы досумдан ажырап, бирок ага бакыт тилеп гана кала бердим...
(Уландысы кийинки санда)
Жакында...
КУМАР АЗАБЫ
Кумар, азгырык, акча... Пенде жаралганы ушул нерселерден кыя өтө албаса керек. Акыл жана Адыл аттуу эки дос бири-бирине кас болушарын билишпеген чыгар.
Карта ойноп жатып никелешкен аялын да сайып жибергенин билбей калган Акыл сүйүктүүсүнөн ажырайт.
Күйөөсү кумарга сайып жиберген Сезим кандай кадамга барат? Бул таймашта тагдыр жеңеби же сүйүүбү? Учурдагы жаштардын көйгөйүн мыкты чагылдырган, чыныгы турмуштун негизинде жазылган чыгарманы күтүңүздөр. Чыгарманын ар бир бөлүмү сиздерди кайдигер калтырбайт. Күтүңүз, жакында...