Алексей Филатов: «КОНЦЕРТТЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ТУШООСУ КЕСИЛЕТ»

5-6-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда музыка күйөрмандары үчүн жаңы программадагы «Мега концерт. НБТдагы жаңы жылдыз» аттуу чоң концерт өтөт. Концертти продюсер Нурлан Мамакеев менен көпчүлүктүн сүйүктүү алпаруучусу Алексей Филатов уюштурууда. Концерттин максаты, өзгөчөлүгү тууралуу билүү максатында Алексей менен маектешкен элек.

– Алексей, бул концертти уюштуруунун максаты эмнеде жана идеясы кимге таандык?
– Идея НБТ телеканалынан көрсөтүлүп жаткан «НБТдагы жаңы жылдыз» бе­рүү­сүнүн автору, продюсер Нурлан Мамакеевге таандык. Ал концертти чогуу өткө­рүү­нү сунуштаганда мен макул болуп, программасын экөө­лөп иштеп чыкканбыз. Бул концерт теледолбоордун катышуучулары үчүн чоң сыноо. Анткени, алар үч ай бою бийлөө, сахнада өзүн алып жүрүү эре­­желери жа­на башкалар боюнча алган билимдеринин жыйынтыгын көрсө­түшөт.
– Концерттен кандай өз­гө­чөлүк­төрдү күт­сөк болот?
– Концертте долбоордун катышуучулары жеке жана белгилүү болуп калган жаш жылдыздар Темир Назаров, Ильяз Абдыразаков, Урмат Усенов, Максат Бегалиев жана башкалар менен дуэт ырдашат. Тактап айтканда, жаңы жылдыздардын тушоосу кесилет. Күйөрмандардан ким көбүрөөк «SMS» добуш топтосо ал финалга чыгып, Нурлан Мамакеевдин продюсердик борбору менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Негизи, «НБТдагы жаңы жылдыз» теледолбоору жана бул концерт сахнаны көксөп, бирок, чыга албай жүр­гөндөр үчүн жакшы мүмкүн­чүлүк. Андан тышка­ры концертке Виктория Савченконун бий тобу ме­нен башка бий топтору да катышышат.
– Концертке теледолбоордогу канча улан-кыз катышат? Алар кайсы тилдерде ырдашат?
– Концертте 20 улан-кыз орусча, кыргызча ырдап өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
– Алексей, өткөндө уюштурган концертиңде катыша турган ырчылар келбей калган эле. Бул
концертте андай көрүнүш кайталанбайбы?
– Жок. Анткени, мен азыр ал концертке «катышам» деп коюп, бирок, катышпай, мени орто жолго таштап кеткен ырчылар менен иштешпей калгам. Себеби, мен өз ишине жоопкерчиликтүү адамдар менен иштешкенди баалайм. Ушундан улам бул концертке мен ишеним көрсөткөн гана жылдыздар катышышат.
– Ошол концерттен кийин элдин ишениминен чыгып калдым деп ойлобойсуңбу?
– Жок. Элдин ишениминен чыккандай мен элди алдаган жокмун. Болгону мен тууралуу туура эмес пикирлер айтылып кетиптир. Керек болсо «Алексейдин концерти болбой калыптыр» деген сөздөр да таркаптыр. Концерт жогорку деңгээлде аншлаг менен өткөн. Ушундан уламбы, менин концерт уюштуруп жатканым кээ бирөөлөргө жакпай жатат окшойт. Анткени, көчөлөрдөгү концерттин афишаларын жулуп салышыптыр. Азыр илинген афишаларды чанда көрөсүң. Мындан тышкары менин рекламалык роликтеримди кетирбегенге аракет жасап жаткандар да бар экен. Бирок, мен бул нерсеге көп деле капаланган жокмун. Анткени, өзүмдүн ак эмгегим, аракетим менен мен бардыгын жеңе алам.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан