ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-февралдан 1-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада бош убактыңыздын баарын үй-бүлөңүздүн маңдайында, тынчтыкта өткөргөнүңүз пайдалуу. Китеп окуу, дүйнө таанымды кеңейтүү менен алектениңиз. Шаршембиде уккан сөздү уккан жерде калтырбай, башкаларга жаюунун аягы таарынышууга алып келет. Ишембиге маанилүү ишти белгилебөө кажет, ийгиликсиз аяктап калышы ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эртеңки күнүңүздүн, карьераңыздын кандай болорлугу өзүңүздөн көз каранды. Башкысы, өзгөрүүлөрдү боло турган нерсе катары кабылдап, алдыга көжөлүп жыла берүү кажет. Курулуш же үй куруп баштоо тууралуу бир туугандар менен кеңешесиз. Бейшембиде иштин көптүгү чарчатканы менен, кечинде эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Апта аягында көңүлдөгүдөй эс аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жаңы мамилелерди күтө бериңиз. Эгерде жүрөгүңүздүн ээсин тапканыңызды сезсеңиз, артка кайтпаңыз, бактылуу үй-бүлөнүн ээси болосуз. Апта башында көңүлүнө карап бирөөгө жардам берүүнүн кереги жок, өзүңүз чыгымга дуушар болуп каласыз. Шылтоо айтып кутулганыңыз оң. Апта аягында башка иштерге баш салбай, эс алууга убакыт бөлүңүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алдыдагы жашооңуздун багыты жакшы жагына өзгөрүүсү күтүлүүдө. Айланаңызда болуп жаткан көрүнүштөргө маани берсеңиз, тагдыр тартуулаган белекке ээ болосуз. Апта ортосунда күтүлбөгөн олжого тунуп, кубанууңуз мүмкүн. Апта аягында жеңил-желпи оорулар тынчыңызды алышы ыктымал. Нерв системиңизди сактап, кыжырдануудан алыс болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тобокелге барып чечкиндүү кадам жасасаңыз, сизди ийгилик күтөт. Эске алчу нерсе, өжөрлөнүү менен эч нерсеге жетишпейсиз. Кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттарыңызды өркүндөтүңүз. Жолдо жүрүүдө этият болуу зарыл, ден соолугуңузга зыяны тийиши мүмкүн. Шаршембиде азгырган сезимдерге байланбаңыз. Болбосо жыйынтыгы түгөйлөр ортосундагы ажырымга алып келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында тааныштар жана үй-бүлөдө пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Апта ортосунда мурда жардам кылган иштериңиздин ыраазычылык жообуна ээ болосуз. Ошондой эле эски тааныштарга кезигип, унутта калган окуялар кайрадан көтөрүлөт. Эс алуу күндөр адаттагыдай өз нугунда өтөт. Кокус жол-белде чырдуу маселеге туш болсоңуз, унчукпай кутулганыңыз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында иш баштаардан мурда эмнени каалап жатканыңызды так аныктап алсаңыз, кыялдагыдай жыйынтыкка ээ болосуз. Сүйүктүүңүзгө сизди коргогонго, башкарганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Шаршембиде кайдигерлик маанилүү окуядан четте калтырарын унутпаңыз. Ишембиде күтүүсүздөн жаман ишке кириптер болуудан сактаныңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта сиз үчүн чоң секирикке даярдануу болмокчу. Ылайыгы келип калса эле өзүңүздү көрсөтүүгө даяр туруңуз. Бирок ашыкча активдүүлүк стресске кабылтарын унутпоо зарыл. Буюм сатып алууга барганда ашыкча чыгым болбоо үчүн шашылбастан сапатына жакшылап көңүл буруңуз. Апта соңун адаттагыдай үйдө эс алуу менен өткөрөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада жумуштан тышкары коомдук иштерге аралашууга үлгүрүүңүз да ыктымал. Кээ бирлер жер тилкесин же дача сатып алууну пландайт. Башкалардын маселесин чечип берүүдөн качыңыз. Анткени жыйынтыгы начар болуп калса, сиз күнөөлүү болуп табыласыз. Жеке жашоого келсек, азгырыктуу сезимдер аз убакытка гана созулуп, бирок өзүнүн эмоционалдуулугу менен эсте калат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүлбөгөн окуяга жана эмоцияларга жыш толгон апта болот. Ушундан улам чыңалуу менен иштеп, баарын жүрөккө жакын кабыл ала беришиңиз мүмкүн. Болочоктогу жарын табууга аракеттенген бойдоктор жактырган адамын кайырмакка илүүгө аракет кылгандары оң. Апта аягында тилди этияттабасаңыз, чырга себепкер болуп калышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта бир калыпта болуп, окшош күндөрдөн тажап кетишиңиз ыктымал. Ошондуктан жашооңузду өзүңүз кызыктуу кылганга ашыгыңыз. Эң жакшысы, өзүңүзгө таандык аярлык менен бийиктиктерди багынтууга чамдаңыз. Эс алуу күндөрү алыстан келген конокту тосуп алууңуз күтүлүүдө, дасторконуңуз дайын болсун.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кыйынчылык менен болсо да максаттарыңыз аткарылып, сизди кубандырат. Жеке жашоого келсек, узакка созулган мамилени, өзгөчө сүйүүнү күтпөй эле койгонуңуз оң. Кызыгууңуз кыска мөөнөткө гана чектелип, андан ары кетүүгө жол жок. Апта аягында кооптуу кырдаалга туш болосуз. Андыктан чыдамдуу болуп, чыр-чатакты ийге келишүү менен чечүү талап кылынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан