Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Тааныбасачы? Бул жалаа болсочу?! Ыя?! Ачык айт, Абил бий! Мен бул кордукка чыдай албайм!
– Жалакор жазасын алат. Томаяк болсо да тогуз айыпка жыгылат!
– Йе, көтөрүп турган асма­ныңды таштап жибер, Абил бий!- деп бир чар этти да, Домбу аттын үртүгүн тарттырып жиберди. Атты көрүп эл чуу дей түшүп кайра дымып калды. Кулан сыяктуу кызыл чаар аргымак экен. Эл нестейди. Абил бий нестейди. Мадыл «Тору кашка... Тору кашка...» дегенден башканы айта албай, бир тура калып, кайра отура, тору кашканын эле өзү, а кулан чаар кайдан чыгып калганына акылы жетпей, көз көрүнө күйдү. Домбу баштан ары камчы менен эки-үч ирет тартып өттү.
– Мына сенин жазаң. Мен сенден тогуз айып доолап жүрбөймүн, кызыталак...
Абил бий унчукпай бастырып кетти. Жалгыз ошол сезди Домбунун кара өзгөйлүгүн.
Ошол үч жүз ашуун күлүк чабылган чоң мааракеде кулан чаар аргымак байгеден чыгып, Домбунун ысымын алыска учурду.
Бүткүл Орусиянын эгеси, император Александр II жер кеңейтүү иштерин мындан ары да жылдыруу максатында Түркстанды ге­нерал-губернаторлугу атап, ге­нерал-губернатору кылып ге­нерал-адъютант фон Кауфманды дайындады. Ага өзү башкарган чөлкөмдө тынышам десе тыныша бере турган, согушам десе кимге гана болбосун согуш ача ала турган падыша укугу берилди. Ошон үчүн ал жергилик элдин ичинде «жарымпаша» делинген. Ал Кудаярды «мейманга» чакырып, жылуу сүйлөп, арыз-арманын угуп, аягында «мурда Кокон хандыгынын тиги эле Орусиянын чегинен Ташкенге чейинки жер-суу, түркүн тайпа эли империянын менчигине өткөрүлдү, илим максатында келген куралдуу саякатчылардын жолуна бөгөт кылынбасын, орусиялык көпөстөр кайсы гана шаар болбосун эркин соода жүргүзө беришсин» деген «Положениеге» кол койдуруп алды. Ташкенге жеткиче Кудаяр хандын жанында «Үй эгеси чакырчу эле. Биз не чапкылап келе жатабыз?! Күчсүз күчтүүгө саламга келбеске, чакырыгына барбаска чарасы жокпу?! Биз жерге, үйгө эгеликтен тайган окшойбуз го...» деген күдүк ойлор менен алышып келген Абдырахман абтабачы «Положение» деген шартнамадагы шарттарды угуп «Эки аягыбыз бир кончко тыгылган экен!..» деп алды.
Атын доолаган Мадылды Домбу сабатып салды. Камчыга ууккан сары шишиктен бети кө­рүн­бөй калган ал Абил бийге арызданып барды. Эшик кайтарган жигитти «Үйгө жакын киши жолотпо, өзүң да босогодо турбай ары кет!» деп жиберип ийип, ал Мадылга «өч ал» деп кеңеш берди.
– Өчүңдү ал, Мадылым. Бул дүй­нөдө алы жетпеген акыретке коюп көңүл сооротот... Мын­ты­гыңды октоп алып жолун тосуп далдада жатасың. Капилеттен мын­тык тарс деп алдындагы беги жалп этип аттан түшүп калса, өлүм кимди коркутпайт, артындагы жигит­тери жайылып качып берет. Алар кайра эсине келгиче изиңди суутуп кетпей сенде жан жокпу... Кал­ганын мага кой, бороон жүрсө да сага жел тийбейт... Кайратың болсо өчүңдү ушул дүйнөдөн эле алып кал...
– Сайдым башымды...- деп күбүрөп жөнөп берген Мадылды Абил бий колун асте жаңсап токтотуп калды.
– Сага эң акыркы айтарым: данбагарларга жакын жерден тос... Эмне үчүн экенин сен ойлонбо. Сен ойлоно турган иш эмес.
Амир Музаффар Кудаярды кайра тагына отургузганда Абил бий ушул Домбуну ала барган болчу. Кудаяр Абил бийге кошо муну да жылуу жүз менен кабыл алып, хантагасы атантып, салык жыйноочу амалдарды кылып жиберген. Домбу күн өткөн сайын таршыды, хантагасы деген атагына көптү.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан