«КАНЫКЕЙДИ ИЗДЕГЕНИМЕ КӨП БОЛДУ»
– «Супер-Инфо» гезитинин жамааты, саламатсыздарбы? Мен Каныкей Кубатова аттуу кызды издеп келем. Ал Ош облусунун Алай районунда 1995-жылы туулган. Экөөбүз 2012-жылы Бишкектен таанышканбыз. Чыгыш-5 кичи районунда жашап, ошол тарапта окучу. Ошко кеткен боюнча дайыны жок. Турмушка чыгып кетсе керек деп калам. Эгер окуп калсаң байланыш.
Азамат, ааа_z_ааа@mаil.ru
"КЛАССТАШТАРЫМДАН КАБАР АЛГЫМ КЕЛЕТ"
– Өткөндө базар аралап бара жатып, көзүмө тааныш бир аял экөөбүз бири-бирибизди кылчак карап, бирок учурашпай өтүп кеттик. Жакшылап ойлонуп көрсөм, бир кездеги классташыма окшотуптурмун. Мен да ага тааныш көрүндүм окшойт, улам-улам кылчактап карап басып кеткен эле. Турмуш адамды өз толкунуна аласалдырып жатып, ар башка кылып өзгөртөт тура. Окуучу кездеги классташтарымдын азыркы жашоосу, кайда экендиктери мени кызыктырат. Колдон келсе катташып, ал-жай сурашканга не жетсин. Урматтуу Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Орток орто мектебинен 1975-жылы бүтүргөн классташтар, окуп калсаңар кабарлашкыла.
Динара Турусбекова
Тел.: 0708591415
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28