ХРОМОТЕРАПИЯ же түстөр менен дарылоо

Айтылып жүргөндөй адамды деңиз, күн, аба, суу, таштар дарылай алат. Буга түстөр да кошулат. Түстөр менен дарылоо – хромотерапия деп аталат.

АЧЫЛЫШ
Түстөр менен адамдын ден соолугунун байланышы бар экендиги жүздөгөн жылдар мурун эле белгилүү болгон. Адамдар кээ бир түстөр организмге оң таасир берерин байкашкан. Мисалы, алар тынчтандырат, сергитет, күчкө күч кошот. Айрым түстөр тескерисинче организмди чарчатат, дүүлүктүрөт жана шалдыратат. Мындай ачылыш менен кабардар болгондор түстөрдү дарылык жаатта колдонууга өтүшкөн. Алар адамдын оорусуна жана жандүйнөсүнүн абалына карап дарылоону сунушташкан. Мисалы, түстүү айнектер менен түстүү пардаларды жана кийимдерди колдонууну.

АР БИР ОРГАНДЫН ӨЗ ӨҢҮ БАР
Байыркы кытай медицинасынын аныктамасына таянсак, ар бир органдын өзүнө тиешелүү өңү бар. Мисалы, боор ачык жашыл түскө, жүрөк кызылга, өпкө акка, бөйрөк карага, көк боор жана уйку бези сарыга боёлгон. Организмдеги энергетикалык тең салмактын, анын ичинде түс шайкештигинин бузулушу түрдүү оорулардын келип чыгышынын себепкери болот. Эгер организмди жетишпей жаткан түс менен камсыз кылса, анда организм өзүн-өзү айыктырууга өтөт.

ТҮСТӨР КӨЗ ЖАНА ТЕРИ АРКЫЛУУ ТААСИР ЭТЕТ
Көз аркылуу таасир этүү. Түстү көргөнү­бүздө ал нерв системабызга стимул берет. Бул таасир мээге жетип, пайдалуу гормондор бөлүнүп чыга баштайт.
Тери аркылуу таасир этүү. Түстүн таасири тери ткандарынан өтүп, органдарга жетип, аларды керектүү энергия менен азыктандырат. Организмдин биологиялык энергетикасын калыпка келтирет.
Кээде бир эле убакта адам түркүн түскө чулганган учурлар болот. Мисалы, адам жунглиге же жайкысын тоого барса, түркүн түстөгү көпөлөктөр менен гүлдөрдү, канаттууларды көрө алат. Мындай учурда адамдын нерв клеткалары түстөрдүн организмге керектүү өлчөмдөгүсүн алып калып, ашыкчасын түртүп салат. Түстөр менен учурда баш оорудан тартып псориазга чейин дарылоого болот. Хромотерапия ачка болуу сезимди да билдирбей, ашыкча салмактан кутулууга өбөлгө түзө алат. Косметологияда түстөрдү колдонуу менен бырыштарды, тырыктарды жок кылышат.

ӨЗ АЛДЫНЧА КОЛДОНУУГА ДА БОЛОТ
Медициналык клиникалардан тышкары, түстөрдү адам өзү үйүндө колдонсо болот. Мисалы, түрдүү өңдөгү лампочкалар менен ооруган жерди нурдантуу аркылуу. Ванна үчүн боёлгон деңиз тузун колдонууга болот. Мындай ваннага жыпар жыттуу майлардан кошуп койсо, таасири жакшы. Мисалы, сары-кызыл суу үчүн мелисса, кызыл суу үчүн иланг-иланг, сары суу үчүн розмарин, жашыл суу үчүн карагай, көк суу үчүн герань майынан.
Кызыл жана кызыл-сары өңдөгү буюмдар адамды батыраак жылытат. Жаздык кап көк же кочкул көк өңдө болсо, адам узакка уктап калуу адатынан арыла алат. Жашыл түс кыйын маселени оңой чечүүгө жардамдашат. Андыктан маселеси барлар токойго же сейил бакка баруулары кажет.
Ал эми кызыл түс ашыкча болсо, нервди дүүлүктүрүп, невроз оорусуна чейин жеткирет. Андыктан кыпкызыл кийимдерди, буюмдарды көп колдонууга болбойт.

КАЙСЫ ООРУДА КАНДАЙ ТҮСТӨГҮ КИЙИМ КИЙҮҮ КЕРЕК?
Адам оорусунан айыгыш үчүн кандай түстү колдонууну жана кандай түстөгү кийимди кийүүнү билиши керек.
Кызыл түс. Бул түс ички энергияны жогорулатып, кан айлануу менен зат алмашууну калыптандырат. Андыктан кызыл түс жана мындай түстөгү кийим кан басымы төмөндөргө, анемиясы барларга, айызы оорутуп келген айымдарга, муундары ооругандарга сунушталат.
Кызыл-сары түс. Бул түстү чечкинсиз адамдар, коркуу, чочулоо сезиминин бийлигинде калгандар, чарчап-чаалыгып жана кайгырып жүргөндөр колдонсо жакшы.
Сары түс. Маанайды көтөрүп, эс тутумду жогорулатат, ойлоону ылдамдатат. Ашказан, боор, 12 эли ичеги, өт, ички бездердин иштөөсүн жакшыртып, тери ооруларын айыктырат.
Жашыл түс. Аллергияга жана сезгенүүгө каршы таасирге ээ. Жүрөктүн, бөйрөктүн иштешин калыптандырып, жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсү бузулгандарга, баш айланууда, нервденүүдө жардам берет. Көздүн артериалдык кан басымын төмөндөтөт.
Көгүш жана көк түс. Тынчтандырып, иммунитетти көтөрүп, сезгенүүнү жана кычышууну (күнгө күйгөндө, тамак ооруганда пайда болгон кычыштырууну) басат. Калкан сымал бездин иштөөсүнө жакшы таасир берет. Баш ооруну басаңдатып, уйкусуздукту азайтат. Организмдин жөтөлгө, сасык тумоого, гайморитке, тамак ооруга каршы туруусун күчөтөт.
Сыя түс. Ички бездер системасынын абалын жакшыртат, шакыйда жардам берет, ички туюмду күчөтөт.
Ак түс. Стрессти жоготуп, борбордук нерв системасын тынчтандырып, организмден шлактарды чыгарат.
Кара түс. Бул түс хромотерапияда түндүн, эс алуунун символу катары каралат. Адам жугуштуу оорулар менен ооруганда, суукка кабылганда дарылык максатта колдонулат.
Эскерте кетчү нерсе, дарыланууда түстөрдү чеги менен колдонуу керек. Болбосо тескери таасир берери анык. Мисалы жашыл түстү ашыкча колдонуу өттө таштын пайда болушуна жеткириши мүмкүн.
Мындан тышкары бир эле учурда түркүн түстөгү кийимдерди кийип алса, анда мээ бат чарчап, адамдын тамакка табити тартпай калат. Көңүл айлануу келип чыгышы да ыктымал. Андыктан нерв оорусу барларга, оорудан дарыланып жүргөндөргө түркүн түстөгү кийимдерди кийүү сунушталбайт.


АДАМ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР

  • Ашказандагы былжыр чел ар 2 апта сайын жаңырып турат. Мындай болбосо, былжыр чел эскирмек да, андагы кислоталардан улам ашказан өзүн-өзү иштетип (майдалап эритип) салмак.
  • Сүйлөө үчүн 72 булчуңдун иштеши керектелет.
  • Сологойлорго караганда оң кол менен иштегендер болжол менен 9 жыл узак жашайт.
  • Адам бир күндө орточо эсеп менен 23 миң ирет дем алат.
  • Денедеги кан тынымсыз айланып турат. Эгер кандын 1 сутка ичинде дене боюнча айлануу жолун чакырымга айлантсак, анда 96 миң 540 чакырымды түзөт.
  • Адамдын ДНКсы 80 миңге чейинки генди алып жүрөт.
  • Организмдин курамына 4 минерал: апатит, арагонит, кальцит жана кристобалит кирет.
  • Адамдын жүрөгү бир жылда орточо эсеп менен 36 миллион 800 миң ирет согот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан