АБАЛЫӉ КАНДАЙ, АВТОБАЗАР? АВТОУНАА АСМАНДАДЫБЫ ЖЕ АРЗАНДАДЫБЫ?

Жыл жаӊырарда «Кыргызстан Бажы союзуна кошулары менен жеӊил унаалардын баасы кымбаттайт» деген каӊшаар кеп карапайым калкты, өзгөчө унаасы жокторду бир сыйра дүрбөлөӊгө салган. Бирок билермандардын «диагнозу» таптакыр тескери чыгып, азыркы тапта чет өлкөдөн жеӊил унаа ташыгандардын айрымдары пайда тапмак турсун, өз акчаларынын ордун тургуза албай жаткан чагы экен.

«УНАА ТАШЫГАН ФИРМАЛАРДЫН АЙЫНАН САТУУЧУЛАР ЖАПА ЧЕГИШТИ»
Миӊ укканча бир көргөн артык эмеспи. Биз Бишкек шаарынын четинде жайгашкан автобазарга барып, «аба ырайын» өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Максатыбыз – жеӊил унаалардын баалары кандай болууда, унаа алууга карапайым калктын чама-чаркы жетеби деген суроолорубузга жооп алуу. Базарда алуучулардан унаа көп. Короого батпай калган жетим козудан бетер базардын ичинде орун жок, сыртта, жолдун жээгинде токтогон унаалар жыкжыйма. Сыртынан караган кишиге соода кызуу жүрүп жаткандай сезилет, жакын барып кулак төшөсөӊ, «рассрочкага бересиӊби?», «алмаштыралы, үстүнө акча кошуп берем» деген эле кишилер. Соода кандай болуп жатканын билүү үчүн сатуучулардын бирин кепке тарттык. Өзүн Альфан Матаипов деп тааныштырган каарман буларга токтолду:
– Көп жылдан бери Япониядан оӊ рулдуу жеӊил унааларды ташып келип сатам. Акыркы 2 айдан бери унаалардын баасы түшүп кетти. Унаанын арзандашына рублдун курсунун түшкөнү себеп болууда деп ойлоп жатабыз (ред. сатуучулардын айтымында, унаа сатып алгандардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеп жаткан мигранттар болчу). «Качан рублдун курсу көтөрүлгөндө унаа да кымбаттайт» дешүүдө.
Мындан тышкары чет өлкөдөн Кыргызстанга өтө көп машина ташылганы да баанын төмөндөшүнө алып келди. Мисалга алсак, Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын баасы 2 ай мурун болжол менен 6200 доллар болсо, азыр 5000 долларга деле тапса болот. Азыркы баа карапайым калктын чөнтөгүнө кыйынчылык туудурбайт. Унаа сатып пайда табам деп, тескерисинче, күйгөндөр көп болууда. Унааларды өз баасына сатсак сүйүнүп жатабыз. Азыр менин 15ке жакын машинам өтпөй турат. Элде болсо кризис. Өкмөт бир ай мурун «заказ кылган унааларыӊарды киргизип алгыла» деп эскерткен. Бирок бул жакта машина ташыган ар кандай менчик фирмалар бар. Кээ бирөөлөрү тез эле жеткиришет, айрымдары 2-3 айга чейин создуктуруп жиберишет. Алар кечиктирип алып келип калгандыктан, унааны заказ кылган ээлери күйүп жатышат да. Кардарлар «быйыл Бажы союзуна кошулабыз» деген маалда жылдагыга салыштырмалуу көп болгон, жаӊы жылдан кийин азайды.

«КЭЭ БИРӨӨЛӨР ҮЙЛӨРҮН КҮРӨӨГӨ КОЮП, КҮЙҮП КЕТИШТИ»
Дагы бир сатуучу Азис Туратбековдун кебине кулак төшөдүк:
– 7 жылдан бери Европа өлкөлөрүнөн машина ташыйм. Азыр чет өлкөдөн унаа ташыгандар жок. Себеби бажы төлөмү кымбаттады. Жаӊы жылдан мурун алып келген унааларыбызды сатып түгөтө албай жатабыз. Мисалы, менин 10го жакын машинам базарда турат. Базарда унаа койгон ордун да кымбаттатып жиберишти. Кээ бирөөлөр үйүн күрөөгө коюп машина алып келип күйүп кетишти. Бажы төлөмү кымбаттап, унааларын чыгара албай калгандар да бар. Элдин баары эле машина сатып алды окшойт, соода аз. Биздин кардарлар көбүнчө казактар болчу. Алар да эми Орусиядан алышып, бизге келбей калышты.

«ЖУМАСЫНА 100-150 УНАА САТЫЛУУДА»
Базардын жүрүшүн ал жакта иштегендерден артык эч ким билбесе керек деген ой менен Назир Коконбаев аттуу күзөтчүгө кайрылдык:
– Базарда күзөтчү болуп иштеп жатканыма жарым жылдай болду. Бул жакта 5 миӊге чукул машина турат. Машина ташыгандар жаӊы жылга чейин көп унаа алып келишкен болчу, андан кийин ташыбай деле калышты. Мурда унаанын өтүмү жакшы эле, азыр жумасына болгону 100-150гө жакын машина сатылууда. Дем алыш күндөрү унаа көбөйүп, базарга батпай, сырттагы жолго чейин коюп жатышат. Базардын ичине унаа киргизгендер болжолдуу түрдө жумасына 400 сом төлөшөт. Сырттагылар төлөбөйт.

«УНААЛАРДЫН БААЛАРЫ АРЗАН ЭКЕН»
Унаалардын баасынын түшүшү сатуучуларды санаага салса, алуучуларды кубантары айдан ачык эмеспи. Унаа алчулардын бири Кутман Арыкбаев базар баасы тууралуу ой бөлүшө кетти:
– Өзүм Тогуз-Торо районунан келдим. Унаа алайын дегем, азыр караштырып жүрөм. Базарда унаалар арзан, карапайым калкка ыӊгайлуу баа экен. Бирок азыр элде деле акча көп эмес, ошондуктан алуучулар аз. Өз оюмду айтсам, биздин акчага, жолдорубуздун абалына Япониядан чыккан унаалар ылайыктуу.

«УНАА ЗАКАЗ КЫЛГАНДАР АЗАЙДЫ»
Япониядан чыккан унааларды сатуучу компаниялардын биринин менеджери Адылбек Жумашевге кайрылып, азыркы абал тууралуу оюн уктук:
– Биздин фирма Япониядан унаа ташыйт. Жаӊы жылдан кийин унаа заказ кылгандар азайды. Ага чейин унаа алдыргандардын саны арбын болчу. Ошол кезде көп адамдар насыя алышып, унаа заказ кылышкан эле. Угушумча, унаа ташыгандар 1500гө жакын унааны бажы төлөмүн төлөй албай, терминалдан чыгара албай калышты. Азыр деле 500дөй унаа бажы кызматынын унаа токтотуучу жайында токтоп турат. Ал эми көп унаа алып келип алгандар азыр унааларды өз акчаларына сатса кубанып жатышат. Ошондуктан бизге заказ кылгандардын саны да азайды. Эми биздин фирма Кыргызстанга автотетиктерди ташысакпы деп жатабыз. Мындан тышкары бул жакта отуруп алып Грузия, Орусия сыяктуу өлкөлөргө унааларды Япониядан түз сатып жатабыз.

БАЖЫ КЫЗМАТЫ ЭМНЕНИ ЖАШЫРУУДА?
Учурда бажы төлөмдөрү төлөнбөй, «камакта» жаткан унаалардын саны канча? Алардын тагдыры эмне болот? Бажы алымы көбөйгөндөн кийин чет өлкөдөн кирген унаалар азайдыбы же көбөйдүбү деген сыяктуу жөнөкөй суроолорубузга жооп алуу максатында Мамлекеттик бажы кызматына кайрылып, 2 жума бою бир да кызматкеринен жооп ала албадык. Кабылдамасына чалсак, «жетекчиге кайрылгыла» дейт, жетекчисине чалсак Медина аттуу катчысы алгач «бул боюнча басма сөз кызматы менен макулдашкыла» деди. Басма сөз кызматынын жападан жалгыз кызматкери Нурия аттуу айымга байланышканыбызда, ал «жетекчиден уруксат алайын, сиздерге өзүм чалып коём» деген боюнча дайыны жок. 2 жума бою Нурия айымдын жумуш телефонуна да, кол телефонуна да чалып алдыра албай койгондуктан кабылдамасына чалсак, катчы кыз «Нурия эже жумушунда болуш керек болчу, ордунда жок бекен?» деп кайра бизден сурайт. Өз алдыбызча бажы төлөмдөрү төлөнчү жайда токтотулуп турган жайга барсак, ал жердин кызматкерлери да өз алдынча жооп бере алышпайт экен. Алардын бири токтоп турган унаалар күн сайын четинен суюлуп жатканын, автоташуучулар айткан 1500гө чукул унаанын 250гө чукулу калганын айтты. Жөнөкөй эле суроолорго жооп берүү ушунчалык оорбу же бул жерде жашыра турган маселелер барбы, айтор, табышмак...

Бажы төлөмдөрү кымбаттап кеткенине байланыштуу кожоюндары чыгара албай калган унаалар.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Учурунда ысык самсадай өтүп жаткан унааларды азыр чаң басып турат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
EdikoKG
2015-03-02 09:56:00
Рубльдын тушуп кеткенине байланыштуу,копчулук кардарлар суюлду. Анан да,айрымдар прямо россиядан ВАЗдарды ташып жатышат.
0
al79mi
2015-03-02 13:22:12
Заказ кылгандар азайды дешет, калктын 70-80 пайызы автоунаа менен камсыз болду окшойт. Сатуучулар да кобойду.Анан кантип машина отсун.
+1
Sofy
2015-03-02 14:23:25
Kantip suyulat eger eeleri bajydan alyp chyga alywpay atywsa. Demek, any owol Bajy kyzmatynyn jetekchisi jep atat!!! Nikto ne imeet prava ispol'zovat' ili trogat' chujuyu sobstvennost', daje esli sobstvennik ne smojet oplachivat'. Mawiny doljny stoyat na meste ili nujno sostavit' dogovor s sobstvennikom! Nel'zya vse eto prosto tak ostavit'
0
INailia
2015-03-02 14:54:30
Кымбатчылык Кыргызстан учун эмес! биз уже конгонбуз арзан алып, арзан болгондо деле орто эсеп мн 8,9миндик машиналарды карапайым калк аран алчу,эми ал машиналар 15-16мин болсо бул кымбат тем более КРдеги айлык акынын денгээли тиги болсо. Ошол сыяктуу эле кийим кече!
0
sesh_elya
2015-03-04 13:14:54
Бушайман болбогула сырттан келген жаны машиналар эле кымбаттайт. Себеби сунуш коп болуп суроо талап аз болсо бул жерде бажы союзу ички экономикалык маселелерге эч кийилигишпейт, демек бул да домино сыяктуу азыр 91 - 95 жылкы машинелерге 20 жыл болсо (бул эскирди демек) дагы 10 жылдан кийин биз "жаны свежий" деген 2001 - 2005 жылкы машинелер кайра эскирет. А биз аны зым менен байлайбыз зымылдатып айдайбыз))
+2
chynara77
2015-03-06 10:11:59
)))))))
0
Bakulya79
2015-03-06 13:00:51
жанылыктарды окуп маанайын тушот.кундон-кунго эл кыйналып жаткандай сезилип жатат.АША карапайым элди аябай кыйнады.
0
Taalaibek.
2015-03-07 10:36:16
Карапайым элдин эн кымбат алган машинанын баасы 100000 сом.
0
UFS
2015-03-08 10:42:43
эч кандай арзандаган жок базарда бардыгы доллар менен баалашат мисалы мурунку курс 45 болгон убакта 5000$ машина азыр 3800-4200$ тегерегинде эми эсептеп коргуло цифрасы эле тушкон а кучу ошол эле
0
Jigitchem
2015-03-09 04:01:08
men da wawyp alyptyrmyn
0
4ulon.kg
2015-04-06 17:20:19
ХХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ Элибиз жакшы эле жашап жатат!!Аллага шугур дегиле!А машина эмне кымбаттайт!,тушот!Омур бою„наалып”эле журо бербей .ШУГУР дегиле!
0
admin_superstan
2015-04-06 17:41:23
4ulon.kg, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Мындан кийин сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүз.
0
4ulon.kg
2015-04-06 17:32:48
он жыл мурун (велик)алыш проблема эле.Эми (машаина).Анандан кийин „Вилла”салыш проблема болот.Ошондо да Мамлекетти жамандап журо бергиле!Андан коро „адам”озу аракет кылса баары болот.Я скажу одно„НИ КТО НЕ ИМЕЕТ ПРАВО,НУЖДАТЬСЯ В ДЕНЬГАХ!”...Бедный-значит леньтяй!!Но все „молодцы”так держать!,и вперед!
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан