Силер билесиңерби?
“Жыргап жарнама көрүп жатсак, ортосуна кино кошуп коюшат”,- деп казак туугандар тамашалагандай, жарнамалар турмуш-тиричилигибиздин бир бөлүгүнө айлангандай туюлат. Мындай баш айланткан ийгиликке жарнамалар кантип жетти?
ЖАРНАМАНЫН ТАРЫХЫНАН
Жарнама (реклама) латын тилинен алынып “reclamo” – кыйкырып жатам деген маанини билдирет. Жарнаманын жөнөкөй түрлөрү биздин заманга чейин эле болгон. Байыркы Грецияда жана Римде жыгач тактайларда, таштардын боорунда чегилип, ошол кездин адабиятын жана искусствосун даңазалап турган. Ал эми жарнамалык бизнес расмий түрдө 1841-жылы Филадельфия шаарында биринчи жолу Волни Палмер тарабынан башталган. Дүйнөнү багынткан бул ишти ал ар компаниялардын азыктарын гезит бетине жарыялоодон баштаган. Ал кызматы үчүн компания гезитке төлөгөн акчанын 25 пайызына ээ болгон. Волни баштаган жышаан тез убакыттын ичинде эле бүтүндөй АКШны каптаган. Канадалык жана АКШлык 5000ге жакын гезиттердин нускалары изилденип, жарнамалар гезиттердин нускасына жараша бериле баштаган. Көпчүлүк гезит-журналдардын орточо нускалары 10 000-20 000ди түзгөн. XIX кылымдын ортосунда жарнамаларга болгон суроо-талап өсүп, аны менен катар гезиттердин нускалары бир топко өскөн.
ДҮЙНӨДӨГҮ ЖАРНАМАЛЫК ИРИ КОМПАНИЯЛАР
Убакыттын өтүшү менен бул тармак бир гана алдыны карай өнүгүп турган. Бара-бара жарнама басмадан тышкары телевидение, радио, интернет, транспорт жана көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактар пайда болгон.
Азыркы кезде дүйнөдө кирешеси миллиард доллардан ашкан ири жарнамалык агенттиктер иш жүргүзүп келишет. Алардын арасынан АКШлык “Omnicom Group” жарнамалык холдингин айтсак болот. Жер жүзүнө ар тараптуу жарнама кызматтарын көрсөткөн бул ишкананын 2008-жылдагы кирешеси 3,3 миллиард долларды түзгөн. Ушундай эле ири агенттиктерге жылдык кирешеси миллиард долларды түзгөн “WPP Group” компаниясын кошсо болот.
ЖАРНАМА БИЗДЕ...
Ал эми СССР убагында жарнама такыр болбогон деп айтуудан алыспыз. Каржылык жарнама болбосо да, саясий жарнамалар өтө көп болгон. Ошондой болсо да кээде тамашалуу жарнамаларга да орун табылчу. Мисалы, СССРде аба жүргүнчүлөрүн ташуучу бир гана аэрофлот компаниясы болгон. Ага карабай “Аэрофлоттун гана учактары менен учуңуздар” деген жарнамаларды кездештирүүгө мүмкүн эле.
Кыргызстан көз карандысыздыкка жетип, жаңы замандын келиши менен биздин өлкөдө да жарнамалардын багы ачылган. Базар экономикасы жашообузга кандай кирип келсе, жарнамалар да ошондой эле тездик менен баш бакты. Башында элибиз жарнамага жакшы маани бербей, кош көңүл кабыл алган. Бирок кийинчерээк жарнама ишти алдыга жылдыруучу каражат экенин түшүнгөндө, ага көңүл бөлүнө баштаган.
Бүгүнкү күндү алсак, жарнама биздин аң сезимибизди башкарып калгандай. Базардагы кыйкырган чалдар да, жүрүп бараткан автобус да, үйлөрдүн боору да жарнама дейт. Учурда өлкөбүздө жарнаманын бардык түрү өнүгүп, 80ден ашуун жарнамалык агенттиктер кызмат көрсөтөт.
“Супер-Инфо” гезити тууралуу ушул жана башка роликтерди www.super.kg расмий сайтынан, “Супер TV” жана башка телеканалдардан көрө аласыздар.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg