МИЛДЕТ БАР МЕКЕНДИ КОРГОО ДЕГЕН…

«Элибиздин унутпай ар тараптуу колдогону биз үчүн өтө маанилүү. Ушундай учур канчалаган жоокерге дем-күч берип жатат»,- дейт кубанычын жашырбаган Каракол шаарындагы 2028 аскер бөлүгүнүн катардагы Кутман аттуу жоокери. Анда Ата Мекенди коргоо күнүндө аталган аскер бөлүгүн өлкөбүздүн ири оператордук MegaCom компаниясы куттуктап, майрам тартуулады.

САЛТКА АЙЛАНГАН СААМАЛЫК
MegaCom компаниясы жыл сайын Ата Мекенди коргоочулар күнүндө республиканын ар кайсы аскер бөлүгүнө барып, майрам тартуулоону салтка айланткан. Анда жөн гана куттуктабастан, материалдык колдоо да көрсөтүп келет. Алсак, буга чейин 2013-жылы Ош шаарындагы «Түштүк» аскер ооруканасынын чатырын толугу менен алмаштырып берген. Ал эми өткөн жылы өлкөнүн ири оператору Баткен облусундагы 2022 чек ара отрядына белек катары 300 төшөнчү-жууркан берген эле. Быйыл кезек Каракол шаарынын 2028 аскер бөлүгүнө жетип, мекенибизди карегиндей сактап жатышкан жоокерлерге салтанат тартууланды.

«МЕКЕН САКЧЫЛАР БАР БИЗ БАРБЫЗ!»
Аталган иш-чара 23-февраль күнү Ысык-Көлдүн чыгаан баатыры Кыдыр акенин ысымын алган аскер бөлүгүндө таӊ эрте башталды. Анда Ысык-Көл облустук администрациясынын жетекчилиги, Каракол шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен кошо MegaCom компаниясынын жетекчилиги катышышты.
– MegaCom компаниясы жөн жерден элдик компания деп аталып келбесе керек. Биздин оператор элдин ар бир катмарын ар тараптуу колдоого алуу парзыбыз деп билебиз. Үч жылдан бери Мекен сакчылар күнүндө атайын өлкөбүздүн ар бурчундагы аскер бөлүктөрүнө барып куттуктоону адатка айланттык. Мурдагы жылдары Ош, Баткен облустарына барган болсок, быйыл Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына келип отурабыз. Өлкөбүздөгү аскер бөлүктөрүн жакшыртуу, андагы жоокерлердин жашоосун оӊдоого өз салымыбызды кошууга даярбыз. Азыркы тапта бул аскер бөлүгүндөгү жоокерлер үчүн жалпысынан 600 миӊ сомго 300дөй төшөнчү-жууркан, жаздык жана шейшептер менен камсыз кылдык. Ошондой эле көркөм адабий чыгармалардан турган китептерди белек катары аталган аскер бөлүгүнүн китепканасына тапшырдык.
Эл-жерди ысык-суукка карабай коргоп келе жаткан азаматтарды эл эч качан унутпайт. Андыктан бул белектер биздин компаниянын атынан гана эмес, миллиондогон абоненттерибиздин атынан тартууланууда. Тынчтык орноткон мекен сакчылар бар биз барбыз!- деди өз сөзүндө MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

«БУЛ КОМПАНИЯДАН БАШКАЛАР ҮЛГҮ АЛСА БОЛОТ»
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Закиров аталган компаниянын жүргүзгөн саясаты башкаларга үлгү боло аларын айтып буларга токтолду:
– Майрамды утурлай Кыргызстандын ири компаниясынын жетекчилиги баш болуп келип, бизди куттуктаганы демге дем берип, күч-кубат кошот. Биз үчүн майрам кылганы, демек, биз көмүскөдө калган жокпуз. Аткарган кызматыбыз тууралуу эл кабардар. Биздин аскердик бөлүк Кыргызстандын түндүк тараптагы бардык жоокерлерди даярдоо, окутуу курстарын өткөрүп келет. Ошондуктан төшөнчү-жууркандар да көп керектелет. Мына эми биздин өтүнүчүбүз аткарылып, жоокерлерибиз таза, жаӊы жуурканга жатышат. Алар бардык жоокерге жетет. Учурдан пайдаланып, MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиргим келет. Чындыгында башка компаниялар бул ишканадан үлгү алчудай.

"ЖАКЫНДАРЫӉЫЗГА ЧАЛУУ" МЕНЕН АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ
Иш-чаранын дагы бир жагымдуу учуру келип, анда жоокерлер үчүн MegaCom компаниясы «Жакындарыӊызга чалуу» акциясын уюштурду. Анда алар дүйнөнүн ар бурчундагы жакындары менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аталган аскер бөлүгүнүн катардагы жоокери Кутман бул кызматты пайдалануу менен апасынын сагынычтуу саламын укту. «Бул кызматты пайдаланып, апам менен баарлаштым. Ошондой эле атамды, инилеримди бүгүнкү майрамы менен куттуктай алдым. Кызмат өтөгөнүмө 11 ай болуп калды, жакында барарымды айтып сүйүнчүлөгөнгө да жетиштим»,- деп кубанычын бөлүштү.

Андан соӊ мекен сакчыларына Каракол шаарынын Маданият үйүндө кыргыз эстрада ырчылары Сайкал Садыбакасова менен Кундуз Канатбек кызы ыр белек тартуулашса, «Агат» бийчилери кечеге өзгөчө көрк кошуп, концерттик программа уюштурулду. Мындан тышкары оюн-зооктор жана кызыктуу сынактар менен коштолуп, жеӊүүчүлөр өз белектерин табышты. Бул күн мекен сакчылар үчүн өзгөчө күн болуп, жоопкерчиликтүү түйшүктөн бир аз да болсо чер жазып алышты.

Өлкөнүн ири оператору аскердик жашоонун шарттарын жакшыртууга салымын кошуп келет.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
azimova90
2015-03-03 01:13:17
Жакшы,чоон рахмат сага MegaCom.
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан