Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы: «БИЗДИН ТАНДАП АЛГАН ӨЗ ЖОЛУБУЗ БАР»

– Бакыт Эргешевич, бүгүнкүдөй экономикалык абалыбыз менен Бажы биримдигине кирип алсак, эртеӊибиз кандай болот деген кооптонуу жок эмес. Сиз депутат катары эмне дейт элеӊиз?
– Күчтүү мамлекеттин өзөгүн анын экономикасы түзөт. Тилекке каршы, учурдагы биздин экономикалык абалыбыз мактанарлык эмес. Мындан улам азыркыдай абал менен Бажы биримдигине кирип алып, жакшы жашоого багыт алабыз деген кыска ойдон алыс болушубуз зарыл. Экинчи жагынан караганда, биримдикке кирүү жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
– Сөзүӊүзгө аралжы, бул оюӊуз менен учурдагы өкмөттүн чабалдыгын айткыӊыз келип турат окшойт...
– Ооба, биз парламенттик башкаруудагы мамлекетпиз. Демек, биздин баш мыйзамга ылайык, мамлекетти башкаруудагы эки тизгин, бир чылбыр өкмөттүн, өкмөттү жетектеп турган өкмөт башчынын колунда. Ал эми биздин азыркы өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаев өтө чабалдыгын көргөзүү менен эл ишеничинен алыстап кетти. Бул чындык. Азыр карапайым элибиз мамлекеттен колдоо күтүп ишенич артпастан, өз арабаларын өздөрү тартышууда.
– Азыркы айткандарыӊызды тастыктоо максатында кандай мисалдарды айтат элеӊиз?
– Мисалдар көп. Газ, "Кумтөр", өткөн жылдагы суу тартыштыгы, көмүрдүн кымбаттыгы, азык-түлүккө болгон баалардын асмандашы, долларга болгон курстун өсүшү, алдыдагы жазгы айдап-себүү иштерине даярдыктын жоктугу, бул эле эмес электр энергиясынын тартыштыгынан улам элди азапка салган
700 кВт деген чектин киргизилиши кыш бою элдин кыжырын кайнатты. Мына ушунун баары элдин жашоо-турмушуна түздөн-түз залакасын тийгизди. Буга улай так кадрдык саясаттын жоктугун айта кетсек болот. Ошондуктан өкмөт жогоруда айтылган ар бир маселени эске алып, тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек. Биздин иш билбеген жетекчилерибиз креслого жармаша берген адатын улантып жатышкандыгы өкүнүчтүү.
– Сын айтуу баарынан жеӊил эмеспи. Сиздин конкреттүү сунуштарыӊыз барбы?
– Эӊ биринчиден, өкмөттүн алдын ала жасай турган иши тууралуу так, конкреттүү планы болуп, ал иш пландарды кагаз жүзүндө гана калтырбастан, ишке ашыруу милдетин коюш керек. Биздин өкмөт бюджеттен ашыкча чыгым сарптайт. Ушул багытта кемчиликтер өтө көп, өкмөт чечкиндүү кадамдар менен чыгымдарды кыскартуусу шарт. Мындан сырткары өлкөдө элдин басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашап, жер иштетүү менен жан багат. Демек, биздин экономикабызды көтөрүүнүн өзөгү – бул айыл чарба. Мисалга айтсак, өкмөт 2010-жылдан бери жылына республика боюнча 10дон МТС ачып келе турган болсо, бүгүнкү күнгө чейин 40 МТС ачылып калмак. Мындай кадам менен агрардык революция жасалып кетмек. Тилекке каршы, биздин өкмөт мындай кыла алган жок. Андыктан биз, биз дегеним «Өнүгүү-Прогресс» партиясы, өкмөттү эле карап отура бербестен, кыска убакыттын ичинде өлкөнүн жети дубанында 12 МТС ачып, 150 миӊ гектар жерге ар кандай айыл чарба кызматтарын көрсөтүп, 30 миӊге чукул дыйканга жардам бере алдык. Мындан сырткары ар бир аймактын өзүнө мүнөздүү кайра иштетүүчү ишканаларды ачууну сунуштайбыз. Мисалы, Баткендин өрүгүн, Таластын төө бурчагын, Нарындан этин, Жалал-Абаддын пахтасын экспорттоонун жолун таап, Ысык-Көлдүн жер-жемиштерин сактоочу кампа түзүп дегендей, элге пайда алып келүүчү жумуштарды жасообуз зарыл. Бул жерден кошумчалай кетсем, ветеринардык тармакты күчөтүү менен өнүктүрүү керек. Ал эми өкмөттүн мындай кадамдарынын карааны көрүнбөйт. Муну менен бирге Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн чакан бизнеси болсо дейбиз. Ошондой эле кредитти туура пайдаланып, экономикалык абалын чыӊдоо максатын колдонушса. Ал эле эмес жаш үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө ылайыктап, турак жай куруп берүү маселеси да колго алынса. Айта берсе ойлор, сунуштар көп, аны чечүүнүн жолун да билебиз.
– Бажы биримдигине кирсек мигранттарыбыздын жашоосу кандай болот?
– Биздин мекендештерибиз жылына 2 миллиардга чукул доллар которуу менен экономикабызга эбегейсиз салым кошуп келишет. Биз Орусияга сапар менен барганда, "кара тизме", каза болгон адамды мекенине жеткирүү, кош жарандуулук, медициналык тейлөө, жумушка орношууга уруксат алуу, юридикалык кеӊештер жана чек арачылардын мигранттарга болгон туура эмес мамилеси туурасында арызданышкан. Ошондуктан, бажы биримдигине кирүүнүн алдында жогоруда айтылган маселелерди кыргыз өкмөтү Орусия тарап менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө милдеттүү.
– Эл арасында "жаз алды менен үчүнчү революция болуп кетиши мүмкүн" деген сөздөр айтылып келет. Буга негиз барбы?
– Түз эле айтайын, бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Революциялык жол өлкөнү өнүгүү багытына тартпайт, андыктан биз мыйзамдуу жолду тандашыбыз керек.
– Ошондо сиздин позицияӊыз кандай?
– Эгер өкмөт туура эмес иштерди жасап жатса, биздин позициябыз – акты ак, караны кара деп, ар бир нерсени өзүнүн аты менен атоо. Биз, көзгө сайып кемчиликтерди айтабыз. Ачык айтайын, мен бийлик тарапта дагы, оппозицияда дагы эмесмин. Менин тандап алган өз жолум бар. Бийлик – бул жалпы элдин бизге болгон ишеними. Ошол ишеним аркылуу алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу – биздин милдет.
– Жалпыга маалым, учурда партиялардын биригүү процесстери жүрүп жатат. Бул багытта сиздерде кандай кадамдар болууда?
– Туура айтасыз. Бүгүнкү күндө саясатчылар да партияларда ар бири өз деӊгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бир партиялар кошулуп, айрымдары коштошууга да жетишишти. Менимче, бул табигый процесс. Мындан трагедия кылуунун кажети жок. Жашоо уланып жатат, өзгөрүүлөр боло берет. Биз дагы ошол процесстен калбай, максатыбыз бир болгон күчтүү партиялар жана саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кол алышып, талаптарыбызды коюп сапаттуу саясий курам түзүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз. Кошумчалай кетсем, кээ бир саясатчылар буга-тигиге кошулбай дейт дагы, өздөрүнөн конкреттүү түрдө эч кандай жардамы жок. Башкалардын пассивдүү болуп катканын көрүп жатабыз. Ошондуктан биз бир жыйынтыкка келген соӊ элге чечимибизди жарыялайбыз.
– Акыркы суроом болсун. Азыр коомдо чоӊ талкууну жараткан жаш балдарга карата зордук-зомбулук көргөзгөн эки буттуу айбандарга кандай жаза берсек туура болот деген ойдосуз?
– Менимче, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен, андай зөөкүрлөрдү өлүм жазасына гана тартыш керек.

Айдай Карабекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Talantbek80
2015-03-03 20:19:05
бакыт эргешович жаз кирип келди биз айылга да жардам берсениз жакшы болмок мага тратар алууга жардам бере аласызбы?
0
tt8888
2015-03-05 22:39:24
кучтуу саясатчы.явно билинип турат.
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан