«Таттуу түгөйлөр» атка конуп, кандай иш-чара болбосун жетелешип жүрүшкөн Урмат менен Нелядай жан шерик болууну кыялданган жаштар көп. Ырчы айымды сыртынан караган адам созулган келин, түшүнүктүү жар деп байкашы мүмкүн. Бул байкоо чынында жокко деле чыкпайт. Неля тууралуу дагы билгиӊиз келсе, макалага назар салыӊыз.
– Неля, саламатсызбы? Маегибизди балапандарыӊыздан баштабайлыбы. Чоӊоюп калышса керек...
– Ооба, кечээ эле жарыкка келген Нурэл 6-августта 6 жашка чыгат. Буюрса, аны быйыл мектепке даярдоочу класска жиберебиз деп камынуудабыз. Өзү дагы "мектепке барам" деп азыртадан эле сүйүнүп жатат. Жаӊы нерселерди билүүгө умтулган зээндүү бала. Атасына окшоп сүрөттү жакшы тартат, мультфильмдеги каармандарды кудум өзүндөй кылып тартып койсо кубанып калабыз.
Кызым Жазэл болсо 15-мартта 4 жашка толот. Ал күнү Урмат экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө да 7 жыл болот. Ошондой эле он бешинде кайнимдин да туулган күнү. Ошондуктан бул күн биз үчүн чоӊ майрам. Кызым туулган күнүн белгилеп торттун үстүндөгү шамдарды үйлөгөндү жакшы көрөт. Кээде үйдөн пирог жасап калсам деле үстүнө шам коюп үйлөп, «туулган күн да, ээ?» дей берет. Биздин үйдө туулган күн бат-баттан болуп турат.
– Кыз бала тыӊ болот дешет, азыртадан эле көп нерсеге кызыкса керек?
– Ооба, балдардын баары эле кичинесинде көзүнө көрүнгөндүн баарын кармап, ичип, жеп көргүсү келет эмеспи. Сен айткандай, айрыкча кызымдын «эмнеге андай?» деген суроолору түгөнбөйт. Быйыл Жазэлди бий ийримине, ал эми Нурэлди Урмат футболго жиберем деп жатат.
– Балдар чоӊоюп, келиндик тажрыйбаӊыз өстү дегендей. Мүнөзүӊүздөгү өзгөрүүлөрдү байкап жатасызбы?
– Жыл өткөн сайын адам баласы көп нерсени көрүп-билип үйрөнөт экен. Мен айланадан позитивдүү жана жакшы гана нерселерди алууну үйрөндүм. Келиндик кызматымды ар дайым жакшы өтөгөнгө аракет кылам. Кайын журтум үчүн келечекте көп жакшылыктарды жасайм деп үмүттөнөм. Алар бизди дайыма колдоп, түшүнүп турушат. Мен башка келиндерден айырмаланып кайын журтум менен сырдашып көнгөм.
– Сырдашам демекчи, жалгыз кайниӊиз бар эмеспи. Аны менен болочоктогу абысыныӊыз тууралуу кеп кыласызбы?
–Кээде тамашалап «Качан үйлөнөсүӊ? Кызыӊды алып келип тааныштыр» деп калам. Бирок жыл сайын «күзүндө» деп коюп эле жок. Быйыл да күзүндө бул маселе көтөрүлөт го (күлүп). Ар бир күздө абысындуу болом деп камынам. Урмат экөөбүз өзүбүзчө эле кыялыбызда кайнимдин тоюн мындай кылабыз, тигиндей кылабыз деп кайсы жерде өткөрөрүбүзгө чейин пландап салганбыз. Эми, буюрса, бизди жакшы келиндүү кылар. Жалгыз инибизден эч нерсени аябайбыз. Эӊ негизгиси, бактылуу болсо болду.
– Качан болбосун Урмат мырзанын токтоо, анан ойлонуп жүргөнүн көрөбүз. Үйдө ачылып, каткырып жүргөн учуру болобу?
– Ооба, Урмат бир калыпта жүргөн адам. Бирок мен дайыма анын маанайын көтөрүп, күлдүрүүгө аракет кылам. Анын жайдары болуп жүргөнүн аябай жакшы көрөм. Анан «көп
ойлонбо» деп дайыма айтам. Бирок жолдошум көп ойлонот, себеби үй-бүлөсү, эли үчүн жакшы нерселерди жасагысы келет.
– Даяр тамак сатып келе коймой адатыӊыз барбы же колго жасаганды жактырасызбы?
– Үйлөнгөндөн кийин көп нерсеге болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Эӊ эле жөнөкөй нерселерди айтайын. Биз үй-бүлөбүз менен дени сак жашоого өттүк. Мисалы, газдалган суусундуктарды ичпейбиз, даяр тамактарды такыр сатып албайбыз. Анын ордуна үйдө компот жасайм, пельмен сыяктуу азыктарды өзүм колго түйөм дегендей. Мунун мага түйшүгү деле жок, эринбейм дагы. Жыл өткөн сайын ден соолукка эмне пайдалуураак болсо, ошого жараша кылдаттык менен мамиле жасап калат турбайбызбы.
– Жаӊы нерселерге умтулуп, жаӊылык жасап, жаӊы бийиктиктерди багынтайын деген ойлор жокпу?
– Менин жан дүйнөмө жакын чыгармачылыгым бар, айланамда мени сыйлаган, жакшы көргөн жакындарым турат. Негизи, аялзатынын бул жашоодогу миссиясы – татыктуу жубай жана мээримдүү эне болуу деп ойлойм. Андан артык нерсеге тырмышуунун кереги жок. Эркектин башынан бийик секирип, дүйнөдө төӊкөрүш жасап жиберүүгө умтулган айымдардан эмесмин. Келечекте дагы жомоктогудай жашоону арзуу кылбайм. Эл катары эле бала-бакырамдын курчоосунда, сүйүктүү жарымдын жанында болсом дейм. Бактылуу үй-бүлө аялзатынын жашоосундагы эӊ негизги жеӊиши болушу керек.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg