ДАЛЬТОНИЗМ – ТҮСТӨРДҮ КӨРӨ ЖАНА АЖЫРАТА АЛБОО

Биздин көзүбүзгө урунгандардын баары кандайдыр бир түскө ээ. Аларды биз, албетте, көзүбүз менен көрүп ажыратабыз. Мисалы, көпкөк асман, кыпкызыл кызгалдак. Айтылган өӊдөрдү дальтониктер өзгөлөрдөн айырмаланып, башкача түстө көрүшөт. Анткени алар кээ бир түстөрдү көрө алышпайт. Бул илдет тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Мамытова баяндайт.

КЫЗЫКТУУ...
1875-жылы коомчулуктун көӊүлүн дальтонизм маселесине бурдурган нерсе – унаа болгон. Швецияда машинист кызыл жарыкты ажырата албагандыктан поезд кыйроого учураган. Андыктан учурда көптөгөн өлкөлөрдө дальтонизмден жапа чеккендерге айдоо күбөлүгү берилбейт. Ошондой эле аскер адамы, химик, моряк болууга уруксат жок.

ТАЛАШКА ТҮШКӨН СҮРӨТ БАЯНЫ
Өткөн аптада интернетте жарыяланган көйнөктүн сүрөтү адамдарды 2 жаатка бөлдү. Кененирээк айтсак, Кейтлин МакНил аттуу айым өзүнүн интернет баракчасына көйнөктүн сүрөтүн илип, досторуна «көйнөк кандай түстө?» деген суроо салган. Канча бир сааттан соӊ миллиондогон адамдар 2 тарап болуп бөлүнүп калышкан. Бир жактагылар көйнөк көк-кара түстө дешсе, экинчи жактагылар ак-саргылт түстө дешкен. Автор көйнөк чындыгында көк-кара сызыктуу деп тактаганына карабай талкуу алигиче тыйыла элек. Ал тургай талашка окумуштуулар да аралашкан. Медицинада түстөрдү ажырата албоо илдети дальтонизм деп аталат.

«ДАЛЬТОНИЗМ» ТЕРМИНИНИН ТАРЫХЫ
"Дальтонизм" термини англиялык окумуштуу Жон Дальтондун фамилиясы менен байланыштуу. Ал 18-кылымдын аягында өзүнүн үй-бүлөсүнүн тарыхына таянып, түстөрдү ажырата албоо тууралуу жазып чыккан. Көрсө, 2 бир тууганы менен Дальтон өзү 26га чыккыча кээ бир түстөрдү көрбөй жана тааный билчү эмес экен. «Адамдар мени көгүлтүр түстү күлгүн түстөн айырмалай албаганымды айтышчу. Башкалар кызыл түстө деген сүрөт мага жарык жакшы жетпеген жерде тартылган күӊүрт боз түстөгү сүрөт сыяктуу сезилчү. Ток сары (оранжевый), жашыл жана сары түстөр да мага боз-сары түстөр сыяктуу таасир калтырчу» деп эскерген Жон.
Айрым түстөрдү көрбөө жана айырмалай албоо ошентип Дальтондун фамилиясынан аталып калган. Дальтониктер өзүн курчаган чөйрөнүн өӊ-түсүн туура эмес кабыл алышат.

ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Адамдын көзүнүн торчосу (сетчатка) түстөрдү сездирүүчү 2 түрдүү нерв клеткаларынан турат: таякчалар жана колбочкалар.
Колбочкалар өз ара 3 түргө бөлүнөт: L колбочкалар кызыл түскө, M колбочкалар жашылга, ал эми S колбочкалар көк түскө сезимтал келген пигменттер. Түстөрдү көрбөө жана айырмалай албоо маселеси ошол пигменттердин бири же экөө, же үчөө теӊ жарым-жартылай же болбосо толугу менен жок болуп калган учурда жаралат.
Түстөрдү (кызыл, жашыл, көк) калыптагыдай көрүп, ажырата алган адамдар трихроматтар деп аталышат. Ал эми түстөрдү калыптагыдай көрбөй жана тааный албагандар дихроматтар, ал эми алардын илдети дихромазия делет.
Дихромазия адамдын көз торчосундагы колбочкалардын бири жок болуп, түстү 2 колбочка менен гана ажыратат.
Дихромазияны 3кө бөлүшөт:
Протанопия – кызыл түстү көрбөө жана башка түстөрдөн айырмалай албоо. Адамдар сары-жашыл түстү ток сары, ал эми көк-кызыл түстү (пурпурный) көгүлтүр түс деп кабыл алышат. Бирок көк түстү жашылдан ажырата алышат.
Дейтеранопия – жашыл түстү көрбөө жана башка түстөрдөн айырмалай албоо. Ачык жашыл түстү кочкул кызыл, сыя-көк түстү көгүлтүр, кызыл-көктү боз көк түстө кабыл алышат.
Трионопия – көк жана көк-сыя түстү көрбөө жана башка түстөрдөн айырмалай албоо. Башкача айтканда сары менен сыя-көктү кызылдан ажырата алышпайт.
Эч бир түстү сезип ажырата албоону монохромазия деп аташат жана өтө чанда кездешет.

ТҮРЛӨРҮ, ДИАГНОЗ, ДАРЫЛОО
Дальтонизмдин тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү гендик мутациядан келип чыгат. Жакын туугандарына баш кошкондордун балдарында (өзгөчө уул балдарда) аталган дарт менен төрөлүп калуу коркунучу бар. Кийин пайда болгон түрү көздүн торчосу же көздүн нерви кандайдыр бир жаракатка кабылганда келип чыгат. Ошондой эле жаш курак, кээ бир дары-дармек түрүн узакка өз алдынча ичүү да таасир этет.
Көбүнчө көк жана сары түстөрдү ажыратуу бара-бара кыйындай берет.
Адам түстөрдү канчалык ажырата ала тургандыгы Рабкиндин таблицасы аркылуу такталат. Анда түркүн түстөр бар жана аларды адам кандай ажыратканына жараша диагноз коюлат.
Дарылоого келсек, дарылап айыктыруу ыкмалары алигиче табыла элек. Бирок кээ бир маалымат булактарында гендик инженерия тарабынан бир ыкма ойлонуп табылып, ал маймылдарда сыноодо өтүп жаткандыгы айтылат. Учурда атайын линзалар бар, ал түстөрдү ажыратууну коррекциялоого жардам берет.

densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ELIMA91
2015-03-11 03:32:00
Оо биздин жумушта да канча жолуу талаштык, балдардын баары эле ак курон дейт биз кыздар кок курон деп талаштык, жыйынтыгы окусам кыздар туура экен)))
0
oskaridze
2015-03-11 16:39:56
ELIMA91, ошондо емне балдар туура емес коргон болсо ооруп жаткан болобу магада ак курон корунгонда устудогуну окуп анча тушунбодум
0
Paiaz
2015-03-18 22:54:18
мага кара кок корунду ал эми Медер деген досум сары кок козунун тамырлары узулгон
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан