БААРЫБЫЗ БИЙГЕ!

Бий дүйнөсүндө

Адамдардын басканы, турганы, отурганы, керилгени дегеле күнүмдүк кыймылынын баары бий өнөрүнүн пайдубалын түзөт. Бий тарыхы адамзаттын жаралуусу менен мезгилдеш десек жаңылышпайбыз. Мисалы, байыркы адамдардын аң уулоосу же отко, сууга сыйынуусу ритуалдык бийлер менен коштолгон. Бий үйрөтүүчү мугалимдер алгач Байыркы Рим менен Грецияда пайда болгон. Ал эми орто кылымдарда бий шайтандын башкаруусу деп бааланып, ага тыюу салынган. Анда эмесе бий дүйнөсүнө саякатка чыксак.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН – ТАНГО
Танго – аргентиналыктардын элдик бийи. Аргентиналыктардын бийи делгени менен, теги африкалыктардын бийинен алынган. ХХ кылымда буэнос-айрестик танго бийчилери Европага сапар алышат. Алгач Париж сахнасында коюлган бий тууралуу дүйнөгө маалымат тараган. Ал эми 1983-жылы Нью-Йоркто «Forever Tango» аттуу шоунун ачылышы менен дүйнө эли тангонун сыйкырына чулганган. Учурда танго стили боюнча аргентиналык, уругвайлык, фин тангосу деп бөлүнөт. Танго, негизинен, түгөй менен аткарылып, сүйүү сезимин жогору деңгээлде чагылдырганы менен дүйнөгө популярдуу болгон.

СҮЙҮҮНҮН, ДОСТУКТУН, БАКЫТТЫН БИЙИ – ЛЕЗГИНКА
Бул бийдин мекени Кавказ экени талашсыз. Бирок биздин доорго чейин 65-жылдары жашаган акын Страбон өзүнүн жазууларында лезгинка деген сөз азыркы Албаниянын аймагында жашаган “Лек” аттуу элден келип чыкканын айтат. «Лек сөзү “бүркүт” дегенди түшүндүрөт» деген. Чынында эле канатын жайып, төшүн чыгарган бүркүт менен лезгинка бийлеп жаткан бийчинин окшоштугун байкасак болот. Бул бий дагестандык, чечен, ингуш, осетин, кабардин, адыгей, грузин жана армян лезгинкасы деп бөлүнөт.
Бийдин өзгөчөлүгү – аягына чейин буттун учу менен аткарылат. Буттун башы жооруп жана кокустап калуусунун алдын алып, кавказдыктар атайын булгаарыдан тигилген учу катуу чокойлорду кийишкен. Учурда бул бут кийим “канты” деп аталып, чыгыш бийлери менен балетте да кеңири колдонулат. Ошондой эле бийди, негизинен, эркектер бийлегени менен айырмаланат.

КУРСАК БИЙИ ӨЗҮНЧӨ ЭЛЕ “ТЕМА”
Курсак бийи өнүгүү жолунда көптөгөн маданияттардын таасирине кабылган. Алсак, Осмон империясында курсак бийин бийлеген бийкечтерди гаремдеги аялдардын көңүлүн ачуу максатында жалдай башташкан. Анын негизги элементи болгон колду жылан сымал кыймылдатуу индиялыктардан кошулган. Ал эми курсак, жамбаш, сандарды титиретүү араб аялдарынын кошумчасы болгон. Ошондой эле арабдар курсак бийин үч жашка чыккан кыздарга үйрөтө башташкан. Медициналык изилдөөлөрдөн кийин курсак бийин бийлеген айымдардын төрөтү жеңил болуп, аялдар кабылуучу кээ бир илдеттерден алыс болору далилденген. Ошондой эле курсак бийи менен тынымсыз алектенген 40 жаштагы айымдын дене мүчөсү 20 жаштагы айымдын дене мүчөсүнөн айырмаланбайт. Себеби дене мүчөнүн ар бир бөлүгүн өзүнчө титиретүү кан айлантууну жакшыртып, клеткалардын картайбоосуна шарт түзөт.

ПОПУЛЯРДУУ 5 ТҮРҮ
Учурда бий дүйнөсүн 5 топко бөлүп карасак болот.
Биринчи классикалык топко балет жана бал бийлери кирет. Балеттин үч түрү бар: классикалык, романтикалык жана заманбап балет. Ал эми бал бийлеринен жай вальс, квикстеп, классикалык танго, фокстрот, вена вальсы дүйнөгө кеңири белгилүү.
Экинчи топко латын-америкалык самба, румба, бачата, меренге, мамбо, сальса, зук, ламбада, кумбия, танго, фламенко, капоэйра, пачанга, болеро бийлери кирет.
Үчүнчү топко элдик бийлер кирет. Тактап айтканда, ар бир улуттун өзүнө гана тиешелүү бийлери. Эң атактууларына полька (Польшага таандык), курсак бийи (Түркия, Арабия жана башка Чыгыш өлкөлөрү), рок-н-рол (АКШ), хоровод (Орусия), өзбек бийи (Өзбекстан).
Төртүнчү топ болсо эротикалык бийлерди камтыйт. Ага чыгыш бийлеринин айрым түрлөрү, стриптиз жана башка эротикалык бийлер кирет.
Бешинчи топ заманбап бийлерден түзүлүп, өзгөчөлүгү болуп анын XX кылымдын аягында гана жаралгандыгы эсептелет. Башкача айтканда, ал бийлердин эң жашы. Негизинен, алар клуб бийлери, хаус, транс, тектоник, хип-хоп, электро болуп саналат.
Жогоруда аталгандардан тышкары, брейк дэнс, поппинг, көчө бийлери да белгилүү.

ТУРМУШТУ ЧАГЫЛДЫРГАН КЫРГЫЗ БИЙЛЕРИ
Кыргыздын улуттук бийлери да тарых менен байланыштуу. Алсак, кыргыздын улуттук бийлеринде кыз куумай, токмок, ат чабыш, жууркан салмай, шакек таштамай, кийиз жасоо, кыз оюн өңдүү түрдүү оюн-зоок жана салттардын элементтери бар. Ал эми эң биринчи сахнага коюлган кыргыз бийи деп “Айчүрөк” операсындагы “Аламан байге” бийин айта алабыз. Бул бийде кыз ала качуу салты чагылдырылат. Өзгөчө сыймык менен “Чолпон” балетин айта алабыз. Анткени ал кыргыз бийин союздун аймагына дүңгүрөтө тааныткан.

ЭҢ КИРЕШЕЛҮҮСҮ – СТРИПТИЗ
Бул бийдин тамыры биздин заманга чейинки 39-жылга барып такалат. Диний китептердин бири Евангелияда иудей падышасы Иорданын туулган күнүндө Саломея аттуу небереси келген конокторду өзгөчө бийи менен таң калтырганы айтылат. Ал улам бир кийимин чечип ыргытып жыңалачтанган бий тартуулаган. Бул бийге суктанган падыша небересинин каалаганын аткарууга сөз берген. Мына ушул окуядан баштап стриптиз бийи коомду кызыктырып, акырындап өнүгө баштаган.
Стриптизди биринчилерден болуп чоң сахнага Айседора Дункан алып чыккан. Аны бекеринен орустун улуу акыны Сергей Есенин эс-учунан тана сүйүп, далай ырларын арнабагандыр.
Стриптиз бийинин бирден бир өзгөчөлүгү ийкемдүү кыймылдын жардамы менен жөн гана киймдерин чечип салбастан чечинүүнү бийдин башкы элементине айландыруу да турат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aiklaus
2010-01-08 04:08:04
Al emi Sergei Esenin Dunkandy suiboi ele Dunkan Sergei Esenindi suigon da.
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан