Бул айымды учурдун Тереза энеси деп койсок болот. БУУнун ыктыярдуу элчиси, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, муктаж болгондорго кол сунуп жардам берип келген ажайып сулуу актриса Анжелина Жолинин өмүрүнө сүртүмдөр, басып өткөн жолу жөнүндө кызыктарды бүгүнкү макаладан табасыз.
ӨЛҮКТӨРДҮ КӨМҮҮ БЮРОСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ БОЛГУСУ КЕЛЧҮ
Баарыбыз суктанган актриса атактуу актёр, «Оскар» сыйлыгынын ээси Жон Войттун кызы. Жон Войт Анжелинанын апасы Маршелин менен кызы 2 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Актриса секелек кезден эле кара түстөгү кийимдерди көп кийип, чоӊойгондо өлүктөрдү көмүү бюросунун жетекчиси болгусу келчү. Андан соӊ рок-группада солист болуп ырдап, 15 жашында баӊгизатын татып, жигити менен бир жылдай жарандык никеде жашаган жаштыгын актриса берген маектеринде эскерип айтканы бар.АТАСЫНА БОЛГОН ТААРЫНЫЧЫ ЖАЗЫЛБАЙ КЕЛЕТ
Апасынын көзүнө чөп салып, үй-бүлөсүн таштап кеткен атасын Анжелина жек көрүп, көп жыл кек сактап сүйлөшпөй келген. Апасы каза болгондон кийин актриса атасы менен жарашып, ал тургай экөө «Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылгыч» тасмасына тартылганга да жетишишет. Бирок Жон Войт кызынын бакма бала багып алганын маалымат каражаттарына айтып салгандан кийин, актриса атасы менен болгон мамилени биротоло үзүп, паспортунан Войт деген фамилиясын өчүртүп салат.
АКТРИСАНЫН ЭӉ КЫМБАТ АКСЕССУАРЫ – БРЭД ПИТТ
Анжелина учурдагы жолдошу Брэд Питтке чейин эки жолу мыйзамдуу никеде турган. 1996-жылы актёр Жонни Ли Миллерге турмушка чыгып, үлпөт тоюна кара шым, ак майка кийип, майкасына кан менен сүйүктүүсүнүн атын жазган. Бирок экөө бир жылдан кийин ажырашып кетишет. Андан соӊ 2000-жылы актёр Билли Боб Торнтонун колун кармап, аны менен 3 жыл жашагандан кийин эки ача жолго түшүшөт.
2005-жылы тартылган «Мистер жана миссис Смит» тасмасында Брэд Питтин өнөктөшү актриса Николь Кидман болмок. Бирок актриса иш графигинин тыгыздыгына шылтап ролдон баш тарткан. Анын ордуна Анжелина Жоли тандалып, Брэд экөө кинону сатыкта гана ийгиликтүү кылбастан, өздөрү дүйнөнүн эӊ жарашыктуу түгөйү аталышкан. Батыш басылмалары Анжелинаны кызыл килемде көркүнө чыгарып келген эӊ кымбат аксессуары – Брэд Питт деп келишет. 10 жылдан бери түтүн булатып келе жатышкан үлгүлүү түгөйлөрдүн союзун көбү бекеринен «Бранжелина» жана «ЖолиПитт» деп аташпаса керек. Питт менен Жоли 2014-жылы 23-августта Францияда мыйзамдуу түрдө үйлөнүшкөн. Анын негизинде экөө катаал нике келишим түзүшкөн. Келишимде эгер Питт актрисанын көзүнө чөп салса, анда ал балдарды чогуу багуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
БААТЫР ЭНЕ
Анжелина Жолинин жеке жашоосу дайыма папараццичилердин, маалымат каражаттарынын көӊүл чордонунда экенин билебиз. Актриса Брэд Питти жолуктурганга чейин «көп балалуу болом» деп эч ойлобогонун айтат. Бул оюн Анжелина Питтке турмушка чыккандан кийин толугу менен өзгөрткөн. Учурда Брэд экөө 7 баланы тарбиялап келишет. Алардын төртөө бакма бала болсо, үчөө Брэд экөөнүн баласы. 13 жаштагы уулу Мэддоксту Камбоджадан, 10 жаштагы кызы Захараны Эфиопиядан, 8 жаштагы уулу Пакс Тьенди Вьетнамдан багып алышкан. Түгөйлөр 2006-жылы Шайло Нувель аттуу кыздуу болушуп, кызынын туулгандагы алгачкы сүрөтүн «People» журналына 10 миллион долларга сатышкан. 2008-жылы Брэд менен Анжелина Нокс Леон жана Вивьен Маршелин атуу эгиздүү болушат. Эгиздердин сүрөттөрүн 14 миллион долларга сатышып, түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшашкан. 2015-жылдын январь айында түгөйлөр Сириялык Муса аттуу баланы асырап алышканы белгилүү болду.
КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg