Кыргыз Дипломатиялык академиясынын профессору Гүлмира Мамбеталиева: «БИР КЕЗДЕГИ «ЖАШ ТАЛАНТТЫН» ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ АЗЫР БЕЛГИЛҮҮ САХНА АДАМДАРЫ БОЛУШТУ»

Жыйырмага жакын жылдан бери «Жаш талант» аттуу таланттуу балдар арасында республикалык кароо-сынак канчалаган балдардын өнөрүн элге таанытып келет. Бөбөктөрдүн жан дүйнөсүн түшүнүп уюштуруп келе жаткан саясий илимдеринин доктору, кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири Аскар Салымбековдун жубайы Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнаны маекке тарттык.

– Гүлмира эже, «Жаш талант» кароо-сынагын кандайча уюштуруп калгансыз? Алгачкы Кепти ушундан баштасак...
– Кесибим боюнча тарыхчымын. Кыргыз улутунун пайда болушунан баштап ушул күнгө чейинки санжырасы, маданияты, этнографиясы, географиясы, улуттук баалуулуктары жана башка бардыгынын айкалыш жыйынтыгы тарых илимине келип такалат.
Өнөрлүү балдардын талантына кайдигер болбой бул сынакты уюштурганыма тарыхчы болуп калганым да себепкер. Ал эми уюштуруучулук бала кезимден, мектептен эле калыптанган.
– Анда өзүӊүздүн бала кезиӊиз жөнүндө кененирээк айтып берсеӊиз?
– Атам Сулайман Мамбеталиев кыргыз журналистикасынын, анын ичинде кыргыз радиосун түптөөчүлөрүнөн болгон кадыр-барктуу журналист. Азыр ардактуу эс алууда. Апам ыраматылык кесиби башка болсо да атамдын чыгармачылыгын колдогон. СССРдин убагындагы ЦК партиясынын биринчи катчысы, легендарлуу Турдакун Усубалиев агай бардык тармактарды көз жаздымда калтырган эмес.
Атам нарындык болгондуктан, «Нарын правдасы» гезитине редактордун орун басары болуп дайындалган. 1961-жылы Нарынга барганда Роза эжем 1-класска Чкалов атындагы орто мектепке кирмек. "Мен да окуйм" деп ээрчип алдым. Директору Унгфухт Владимир Филипович немис улутундагы мугалим эле. Атам "кичинекей кызым да окуйм деп ыйлап жатат" деди. Директор "окутуп көрөлү" деп 1-класска эжем менен бирге кабыл алды. Эмнегедир ошол Нарында жашаган балалыгыбыздын бактылуу жылдары көз алдыма дагы деле тартылат. Азыр да кеч күздөгү жаанды көргөндө бир көз ирмемди кубанып да, кусалуу да эстей берем. Мектепке бара жатканда жаан жаап жатса буттарыбыз суу болбосун деп атам Роза эжем экөөбүздү эки ийинине отургузуп алчу. Биз өзүбүздү шаар аралаган хандын кыздарындай сезчүбүз.
Азыр ата-энемдин мээнеткечтигине, жөнөкөйлүгүнө, кызматтабы, үй-бүлөдөбү, сүйүүдөбү туруктуулуктарына баа берем. Биздин кесип тандообузга, ар тармактуу билим алуубузга кенен шарт түзүп беришкен экен. Сабактарыбызга даярдануу үчүн үйдө маалымат булактары – китеп, гезиттер көп эле. Өзүм да бала кезимден тырышчаак, билимге умтулган, анан сабырдуу болуп өстүм. Мен окуган Чкалов атындагы орто мектепте көбүнесе немис, орус улутундагы өтө сабаттуу мугалимдер иштеген, республика боюнча алдыӊкы мектеп эле. 7-классымда тарыхчы эжейим Задорнова Светлана Алексеевна мага "мектеп аралык конференцияда докладыӊ менен чык" деди. Мугалимдер менен жарышып, билим деӊгээлимди жогорулатып доклад окуу чоӊ сыймык эле. Окууну ийгиликтүү аяктап, университеттин тарых факультетине жогорку баа менен өтүп кеттим. Экзамен алган мугалимдер " сендей билимдүү кызды тарбиялаганына окуткан мугалимдериӊе, ата-энеӊе бизден рахмат айт" дешти. Ошентип келечегиме даӊгыр жол ачылды.
– Жолдошуӊуз Аскар Мааткабылович агайдын бизнестеби, спорттобу, кайрымдуулук иштериндеби ар дайым жубайы катары уюштуруучусу, кеӊешчиси, демөөрчүсү болуп келесиз. Уюштуруучулук да чоӊ талант. Бул өнөр сизде кандайча калыптанып калган?
– Мектепте жакшы да окуп, анан окуучулардын талантын ачканды жакшы көрчүмүн. СССРдин убагында «Ар улуттуу досчулук» деген клуб аркылуу башка улуттун окуучулары менен достошуп, кат алышып турчумун. Ал эми чыгармачыл адамдарды баалап калганым атамдын кесибине байланыштуу биздикине белгилүү чыгармачыл сүрөтчү Аким Згибнев, Жумамүдүн Шералиев, Жумакан Тынымсеитова, Бектурсун Карабаев, Сагыйпа Чечейбаева аттуу эже-агайлар көп келишчү. Алардын бири-бирине болгон мамилеси, маданияттуу жүрүм-турумдары балалык кыялымдагы азыркы уюштуруучулук, чыгармачылыкты сыйлоону мүнөзүмө калыптандырып кетишкен экен.
Тагдырдын буйругу менен жолдошум Аскар Мааткабылович да кыргыз эли үчүн кайдыгер карабаган коомдук ишмер болду. Мен да жубайы катары алга сүрөп, эмгектенип келе жатабыз.
1990-жылдардын башында, жаш мамлекетибиз эгемендүүлүгүн алганда «Дордой» базарын түзүп, элдин өз алдынча жашоосун оӊдоп кетүүгө соода орундарын түзгөнбүз. Азыр "Дордой" базары Кытай менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы соода мамилелерин түзүүчү Улуу Жибек Жолундагы чоӊ соода шаарчасына айланды. Спортто «Көк бөрү» федерациясы түзүлүп, учурда футбол баштаган бардык тармактарын жакшыртуу үчүн спорт комплекстен баштап, спортчуларыбыздын жакшы жашоо шарттарын, машыгуудагы ар тараптуу камсыздоолорду түзүп келебиз. Андан сырткары жеке чыгармачыл адамдарга демөөрчү болуп улуттук баалуулуктарды урпактарга сактап калууга каражат бөлүнөт. Ар кандай топтогу майыптарга, жакырчылыктан чыгууда жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө жардамдар көрсөтүлөт. Эӊ негизгиси, биздин келечегибиз болгон жаш бөбөктөр арасындагы таланттарды колдоо максатында «Жаш талант» республикалык деӊгээлде кароо-сынагын он сегиз жылдан бери өткөрүп келебиз.
– «Жаш талант» кароо-сынагынын максаттары жөнүндө айтып берсеӊиз?
– Токсонунчу жылдардын башында жолдошум Аскар Мааткабылович Нарын облусунун губернатору болуп дайындалган. «Мээрим» фондусу тарабынан уюшулган «Жаш талант» сынагынын облустук уюштуруу иштерин өз моюнума алып, окуучулар арасында айылдык, райондук, облустук деӊгээлде кароо-сынак өткөрүп, республикалыкка даярдадык. Ошондо менин жан дүйнөм балдардын бактылуу каректеринен кубат аларын сездим. «Мээрим» фонду тараган соӊ бул иш-чараны өз колума алып, «Жаш талантты» улантып калдым. Алгач окуу жылы башталгандан тарта таланттуу балдарды иргеп алып отуруп, жыйынтыгы республикалык деӊгээлде 1-Июнь – Балдар күнүнө карата өткөрүлөт. Азыр ар бир таланттуу бала «Жаш талантка» катышкысы келет. Бир кезде «Жаш талантка» катышып, чоӊ сахнага чыккан айрым таланттар азыр белгилүү сахна адамдары болуп калышты. Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү, төкмөчүлүк, манас айтуу, комузда кол ойнотуу жана башка улуттук аспаптарда ойноо өнөрлөрүн колдоп жатабыз. Бул аракетибиз менен жаштарыбызда бүгүн күч алып жаткан батыштын "массалык маданиятынын" таасирин азайтып, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү сактап, балдардын чыгармачылыгынын, интеллектисинин, ички жөндөм, өнөр-шыгынын өсүшүнө салым кошсокпу деген максатыбыз бар.
– Учурда «Дордой» ассоциациясынын «Эмгек» партиясы түзүлүп, шайлоого катышуу даярдыктары башталды окшойт...
– Биз партия деген макам гана ала электигибиз болбосо, кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендүүлүгүн алгандан баштап, башкача айтканда, чейрек кылымдан бери кыргыз элинин жакшы жашоосу, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жан дилибиз менен эмгектенип келдик. Башкалар партия түзүп алып иш баштаса, биз эл үчүн ишибизди көрсөтүп, саясаттабы, маданияттабы, илим, билим деӊгээлибиздин жетиштүү экендигин далилдүү көрсөтүп, анан шайлоого катышууга «Эмгек» партиясын түздүк.

Бала чакта бир туугандары менен.

"Жаш таланттар" менен.

Майрам Жумабаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
sergo
2015-03-09 14:09:31
Бир журналист айымда ушул Аскар Салымбековдун аялы беле?
0
meli12
2015-03-10 02:54:29
негизи кимиси мыйщамдуу турдо аялы? деги канча аялы бар Аскар Салымбековдун??
0
Мэри
2015-03-10 09:58:10
"Мээрим" фонду аябай жакшы иштечү эле, ар бир райондун борборуна Балдардын билим берүү борборун (ДОЦ) ачып, "Жаш талант" сынагы да үзгүлтүксүз өткөрүлчү, үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө үй беришчү... Азыр бул фонд барбы, кандай иштеп жатат?Негизи, түптөлүп, калыптанып калган нерсени ошондон ары жакшы улантып кетиш керек болчу, менимче, фонд жакшы колго түшпөй калган окшойт...
0
Kg.lady
2015-03-11 01:03:51
Откон аптада интервью берген Гулжан Кулманбетовада жубайы болот деп айтып журушот. Озу деле создорундо тастыктагандай болду окшойт.

А мээрим фондусу, улууу урматту биринчи канайымыбыз Майрам Акаеванын фонду болчу. Ал кетти албетте таркадыда фонду деле озу менен кошулуп.
0
j.julduz
2015-03-11 08:56:48
гулжан кулманбетова кийинки аялы бул алгачкы аялы болсо керек создоруно караганда бай куйоого тийгиче жардынын жанында болуп жашаган жакшы эмеспи качан келет кайсы аялынын жанында деп санааркабай
0
Nursultan.m.n
2015-03-11 10:30:33
кыргыз байыса катын алат,озбек байыса там салат дешетгоо
0
Meruet84
2015-03-14 15:17:00
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.Откондо Кулманбетова чыкты эле , эми бул эже .Бирде газетадан окугам Салымбековдун жубайы Кулманбетова тороду деп.
0
admin_superstan
2015-03-16 11:02:09
Meruet84, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Faya
2015-03-17 18:00:10
Гулмира Мамбеталиева жаш таланттарды колдоп келет коптон бери мыкты кыргызымдын кызы. аял жакшы эр жакшы деген соз бар. Жолдошун колдоп ушу даражага жеткирген да эже болуш керек.
0
Faya
2015-03-17 18:08:37
Мен коп эле газет журнал окуйм, бирок эч бир газетадан кулманбетова аялы деп окуган жокмун. Официально жубайы Гулмира Мамбеталиева деп эле журот.
0
Faya
2015-03-17 18:29:40
Мыкты,билимдуу,акылман. кыргызым деп куйгон. кыргызымдын сыймыктанган кыздарынын бири. Иштеринизге ийгилик.
0
jakubai
2015-03-17 19:35:23
Кыргызстандын мыкты айымдарынын бири. Элге, жаштарга жардамыныз к8п тийген, азыр дагы колдорунузду тушурб8й жардамынызды берип жур8суз. Биздин элдин кыздары да сиздей билимдуу, мээримдуу болсун.
0
admin_media
2015-05-13 17:09:11
Nurchelo,
Эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан