100 ГРАММ АРАК ИЧҮҮ 40 ГРАММ УУ ИЧУУ МЕНЕН БАРАБАР!

ИЧИМДИКТЕРДИН КАЙСЫНЫСЫНДА КАНЧА УУ БАР?
Алкоголдук азыктардын бардыгында этил спирти бар. Этил спирти организм үчүн уу болуп эсептелет. Мисалы, заводдо жасалып, таза делген ичимдиктерде канча уу бар экенин мисалга келтирсек:

100 грамм аракта 40 грамм уу, башкача айтканда, этил спирти;
100 грамм шарапта 20 грамм уу;
100 грамм коньякта 40 грамм уу;
100 грамм самогондо 20-70 граммга чейин уу;
100 грамм пиводо 6-12 грамм уу;
100 грамм шампанда 17 грамм уу бар.
Ал эми колдон жасалган арактарда уунун өлчөмү мындан да көп. Анткени, аларга көбүнчө техникалык спирттерди да аралаштырып жиберишет.

АРАКТАН ОРГАНИЗМ КАНДАЙ ЗЫЯНГА УЧУРАЙТ?
Алкоголь, анын ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан канга 2 мүнөттөн кийин кошулат. Кан аны организмдин бүт клеткаларына ташыйт.
l Алкоголдун эң бат жана ойрондоочу таасирине алгач көрүү, угуу, сүйлөө, ойлоо процессине жооп берүүчү баш мээнин кабыгы жабыр тартат. Ошондуктан, адам тантырап сүйлөп, көргөнүн жакшы ажырата албай калат. Бир караан 2-3 болуп көрүнөт. Мээнин түрдүү бөлүк­төрү­нүн байланышы бузулат.
l Алкоголдон улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт. Бул нерв борборлорун кескин дүүлүктүрөт. Ичкенде шайырдыктын келип чыгышы ушуну менен түшүндү­рү­лөт.
l Алкоголь кандагы эритроциттерди (кызыл кан денечелери) жана лейкоциттерди (ак кан денечелери) зыянга учуратат. На­тыйжасы анемияга, инфекциялардын бат жугушуна, кан агууларга алып келет.
l Жүрөк. Ичкиликти көп ичүү кандагы холестеринди жогорулатат. Жүрөктүн миокард оорусуна, кантамыр ооруларына жеткирет.
l Ичеги. Көп ичкенден ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада, адам арыктайт. Ашказан дайыма сезгенүүгө кезигип, жаранын пайда болуу коркунучу жогорулайт.
l Боор. Организмге кирген ичимдиктин 95 пайызын боор зыянсыздандыргандыктан, боор сезгенүүгө туш келет. Башкача айтканда, гепатитке, кийин циррозго учурайт.
l Ашказан алдындагы без. Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат да, кант оорусу (диабет) келип чыгат.
l Тери. Ичимдиктин айынан тери серпилгичтигин жоготуп, убагынан мурун картаят. Ошондуктан, ичкичтер жаш курагынан улуу көрүнөт.

ИЧКЕНДЕН КИЙИН...
l Көңүл айнууга 8,4 пайыз адам кезигет.
l 15 пайызы кусууга аргасыз.
l Ичкендердин 41,1 пайызынын мүнөзү оор болуп чыга келет. Демек, урушту башташат. Кылмышка барышат.
l 35 пайызы бардыгына кайдыгер болуп калат. Жакшы менен жамандыкты ажырата албай калат. Бирөөлөрдүн жамандыкка үгүттөөсүнө бат кирет.
l 23 пайызында жыргоо абалы келип чыгат. Жөнү жок күлүп, ар кимге кырчаңгыланып тийишет. Жан кумарына батууну эңсейт. Ушунун айынан кылмыштар жасалат.

АЯЛДАР КӨП ИЧСЕ...
l Бойго бүткөн кезде ичимдик ичүү болочок баланын майып болуп төрөлүүсүнө жеткирүүсү толук мүмкүн.
Бойго болгондон 3 айга чейинки мезгил түйүлдүк үчүн коркунучтуу мезгил. Бул кезде тү­йүлдүктүн органдары жаралат. Эгер бул аралыкта аял ичкилик ич­се, бала жүрөк оорулуу, жырык эриндүү (нышан), сырткы жыныс органдарынын жана башка органдардын кемчилиги менен төрөлүү­сү мүмкүн. Мындан тышкары бою өспөй, башы кичине, жымшык көз­дүү болуп төрөлүүсү да ыктымал.
l Бала эмизген аял ичсе алкоголь сүт аркылуу балага берилет. Көп ичсе, натыйжасында ба­ланын мээсинин өспөй калуусу күтүлөт.
Ал эми баласы майып болуп төрөлгөн эне өмүр бою азап тартаары турган кеп.

АРАКТЫН КООМГО, ЧӨЙРӨГӨ ТААСИРИ...
l Кылмыштын 50 пайызы ичкиликтин айынан болот.
l Ичимдик генофондду бузат. Кийинки 10 жыл ичинде ичимдиктин айынан оорукчан жана майып балдардын төрөлүшү өс­көн.
l Көп ичкен адам үйбүлөсү үчүн кам көрө албайт. Тапканын аракка жумшаганынан улам үйбүлөсү кедей жашайт. Толук кандуу тамактанбагандыктан, иммунитеттери начар келип, ооруларга бат учурашат.
l Атасынын же энесинин же экөөнүн тең ичкенинен үйдө уруш-талаш өкүм сүрүп, бала нерв оорулуу болуп чоңоёт.
l Ичкиликтен чыккан уруш-талаш ажырашууларга алып келет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан