«Кичинемде эле сахнага рэп айтып чыксам деген тилек менен жашачумун» дейт келишимдүү рэпер Баястан. Анын сахнадагы эмгегине күбө болуп жүрсөӊүз, эми жан дүйнөсүнө сүӊгүп, кандай адам экенин билип алыӊыз.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ...
– Ата-энемдин эрке уулумун. Апам темирдей тартипти сүйгөн адам, атам болсо аябай жумшак жана ак көӊүл. Атамдай жумшак адам дүйнөдө жок болсо керек.
Үйдө апама жакынмын, мурун анча сырдашчу эмесмин. Кийинчерээк ачык эле "кандай келинчек алып келейин?" деп сурап, сүйлөшкөн кыздарымдын сүрөттөрүн да көрсөтүп койчу болдум (күлүп). Эки бир тууганбыз, улуу агам клипмейкер Мирлан Саткымбаев кичинекейимде бир аз урушуп тарбиялачу. Азыр болсо чыгармачылык жаатта кеп-кеӊешин айтып турат. Анын жубайы Наржан жеӊекем менен теӊ куракта болгондуктан бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, анда-санда сырдашып коёбуз. Кыскасы, жакшы эле ини жана кайнимин.
ДОСТОР МЕНЕН...
– Досторум саналуу гана. Мен убакытка так адамдарды сыйлап, керсейип өзүн кыйын сезгендерди жек көрөм. Ошондуктан досторумдун баары жөнөкөй. Кыздар менен да достошуп, баарлашкан жагат. Ошентсе да, менин оюмча, кыз киши эркекке эч качан татыктуу дос боло албайт. Ар кандай турмуштук жагдайларда кыздарга жардам сурап кайрылуу же кеӊеш суроо мүмкүн эмес деп эсептейм. Себеби кыздар жигиттерден башкачараак ой жүгүртүшөт.
Достордун арасында өзүмдү эркин алып жүрөм. Сүйлөй турган жерде сүйлөп, күлчү жерде күлүп дегендей. Тамашалашканды жакшы көрөм, чындыгында менин тамашамды көтөрө албай таарынып калгандар да болот.
СҮЙҮҮДӨ...
– Бала кезимден тунук, таза, классикалык чыгармалардагыдай түбөлүктүү сүйүүгө ишенчүмүн. Андай сүйүүгө жолугам деген ойдо жаӊы кыз менен сүйлөшкөндө мына ушул менин жалгызым деген сезимге кабылар элем. Чынын айтсам, 2 айдан ашык жалгыз жүргөн эмесмин, сүйлөшкөн кызым менен урушуп кеткенде тез эле башкасын таап алчумун. Бирок акыркы убакта бир аз сүйүүгө болгон ишеничим солгундап калды. Сүйүүдөн алыстап эс алууну чечтим.
Менин кыялымдагы кыз тарбиялуу, жылдыздуу, орундуу сүйлөгөн, токтоо болушу зарыл. Мына ушундай кызды жолуктурсам, окуумду аяктаган соӊ үйлөнөм.
Укмуш романтикмин, бул менин жакшы сапаттарымдын бири болсо керек. Эсимде, өткөн жылы 14-февралда сүйлөшкөн кызымды үйгө конокко чакырып, үйдү шар, шамдар менен кооздоп, тамак жасагам. Сүйүктүүм кубанганынан ыйлаган эле. Тилекке каршы, ал кыз экөөбүз эки башка жолду тандадык.
БИЛИМ АЛУУДА...
– Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине өз каалоом менен тапшыргам. Бирок 2-курста окууга болгон кызыгуум жоголуп кетти. Андай абалды ата-энем колго алып, окуумду улантууну айтышты. Мен азыр 3-курста окуп жатам, болочоктогу педиатрмын. Алдыӊкы студенттерден эмесмин, себеби чыгармачылык менен окууну айкалыштыруу кыйынга турат экен.
САХНАДА...
– Колума микрофонду кармаганда дүйнөдөгү бардык нерсени унутам. Музыка менен ооруйм, эс алам, ошондуктан үйдө да микрофонум бар.
Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөлүк рэперлердей кийинип, өзүмдүн өзгөчө стилим бар болчу. Ошондо Балыкчыдагы балдар мени шылдыӊдай беришчү. Азыр ошол шылдыӊдагандардын баары «азамат, сени менен сыймыктанабыз» деп айтышат. Демек, мен сахнада ырдоого татыктуу экенимди өз өлкөмдө далилдедим. Эми чет элдик сахнаны багындырууга белсенүүдөмүн.
ЖАЛГЫЗДЫКТА...
– Өзүмө өзүм баа бергенди жакшы көрөм. Албетте, ыр жазам, жагымдуу музыка угам. Жалгыз болгондо бардык адамдар кыялданса керек, мен да кыялкечмин. Келечектеги максатым Америкага рэпер катары таанылып, борбордук көчөлөрүнүн биринде фотосессия өткөрүү. Анан сүрөттөрүмдүн астына «Мени бул жакка рэп алып келди» деген жазуу менен интервью берсем, айтор, ушул тууралуу көп кыялданам.
ЭС АЛУУДА...
– Спорт менен эс алууну айкалыштырган жагат. Мисалы, баскетбол ойноп. Клубда, катуу музыканын коштоосунда эс ала албайм, ошондуктан ал жакка ырдаганы эле барам. Экстрималдуу спорттун түрлөрүнө да кызыкпайм. Мен үчүн кышында лыжа тебүүгө караганда, жайында көлгө барып сууда сүзүү кызыктуураак (күлүп).
ИНТЕРНЕТ АЙДЫӉЫНДА...
– Азыр ойлосом, интернет жашоомдо аябай чоӊ орунду ээлейт экен. Жаӊылык, жумуш, баарлашуу мунун баары интернет аркылуу жүргүзүлөт. Кыскасы, бош убактымды интернет айдыӊында өткөрөм. Анан мен үчүн инстаграмм өтө керектүү нерсе, ансыз 3 күн араӊ чыдайм. Азыр телефонумду жоготуп алгандыктан бирөө жарымдан телефон сурай калып чукулап жатам.
КИТЕП ОКУУДА...
– Мурун китеп окуганды жакшы көрчүмүн, бирок университеттен окуй берип тажап, адабий чыгармаларды да окубай калгам. Бирок бир ай мурун Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» аттуу китебин окудум. Аябай таасирлендим, билимге болгон умтулуум дагы күчөдү, китепке болгон сүйүүмдү кайра ойготту.
РУЛДА...
– Унаа айдаганды 16 жашымда үйрөнгөм. Ушул убакка чейин 3 жолу гана машина алмаштырдым. Өтө катуу ылдамдыкты жактырбайм. Катуу ылдамдыкта унаа айдап ырахат алган адамдарды дагы түшүнбөйм. Мага түнкүсүн, көчөдө эч ким жок убакта машинаны акырын айдаган жагат.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg