Султан Ибраимовдун кызы Айнура Ибраимова: «ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИ ИТ АТКАНДАЙ АТУУ – ЧЫККЫНЧЫЛЫК»

Тагдыр

Кээде “адамды адам кантип өлтүрсүн?” деген ойго жетеленебиз. Бирок бул ачуу чындык. Канчалаган буйрутма киши өлтүрүүлөр болуп келет. Алардын дээрлик көбүнүн бети ачылбай калууда. Бүгүн биз Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмү туурасында кызы Айнура Ибраимова менен баарлаштык.

КӨЗҮ ӨТСӨ ДА, ТАРЫХТА АТЫ КАЛДЫ
Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй районундагы Алчалуу айылында туулган.
Үч бир туугандын экинчиси.
8-классты аяктагандан кийин Фрунзедеги Гидромелиоративдик техникумуна тапшырган.
Эмгек жолу:
Аламүдүн райондук комитеттин 2-катчысы;
Суу чарба министри;
Ош облустук партия кеңешинин биринчи катчысы;
Жогорку Кеңештин төрагасы;
Кыргыз ССРнин Министрлер советинин төрагасы.

«ЭС АЛЫҢЫЗ ДЕГЕНДЕР КӨБӨЙГӨН»
– Айнура айым, атаңыздын акыркы күнүн эскерүү, албетте, кыйын. Ошентсе да маекти ошол күндөн баштайлы деп турам.
– Эсимде, атам көп командировкага чыкканынан көрбөй да калчубуз. 1980-жылдын акыркы айларында анын ден соолугуна кам көргөндөр аябай көбөйгөн. Жанында жүргөндөр “жумуш кайда качмак эле, эс алып келиңиз” дей башташкан. Бир жума мурун эле эс алып келген атамды 3-декабрда кайрадан Ысык-Көлгө жиберишкен. Ал жакка барышарын айтканда апам “эс алганга жараша Крымга баралы” дептир. Атам бул жагын тиешелүү адамдарга кыйытса “жок, Ысык-Көлгө эле барыңыз. Балким, сиз бизге керек болуп каласыз” деп болбой коюшкан. Ошентип 3-декабрь күнү атам Чолпон-Атага жөнөгөн.

«БИР ГАНА ЖАШ КЕЛИН ТОСКОН»
– Эс алууга экөө эле кетишти беле?
– Улуу балам Айбекти кошо ала кетишкен. Анда Айбек үч жашта болчу. Ошентип, ата-энебиз кечинде Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга барышкан. Эмнегедир кайтаруу күзөтүндө тургандардын бири да жок экен. Апам «ошондо айлана башкача бейпил эле» деп көп айтчу. Үчөөнү резиденциянын кире беришинен бир жаш келин тосуп алат. Экинчи кабатка көтөрүлүп, тамактанышат. Атам чарчадым деп уктоочу бөлмөлөрдүн бирине кирип кыйшая кеткен. Апам менен Айбектин да аябай уйкулары келиптир. Ошондон улам тамакка уктатуучу дары кошуп коюшканбы деп ойлойм.
Түн бир оокумда апам кандайдыр бир дабыштан ойгонуп кетет. Атамбы десе, анын басыгына окшошпойт. Коркуп кетип “Султан, сенсиңби?” деп калтыраган үн менен кыйкырат. Аңгыча коридордо басып жүргөн адам эшик алдына жакындап “сизге мүмкүнбү?” деп сурайт. Үстүнө халатын иле калып каалганы ачса, диванда мылтык таянып бейтааныш бирөө отуруптур. Ал “уруксат берсеңиз Юра экөөбүз Фрунзеге барып келсекпи дедик эле” дептир. Юра атамдын шоопуру болчу. Жүрөгү алда немени сезген байкуш апам “барсаңар баргыла” деп калчылдаган боюнча каалгасын жапканча шашкан.

«КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ АТАЙЫН КЕТИРИП ЖИБЕРИШКЕН»
– Ошол учурда шоопуру каякта экен?
– Юра биринчи кабатта уктап жатыптыр. Түрү суук мылтыкчанды айт­макчы болуп апам атам жаткан бөлмөгө чуркап барып ойготсо ойгонбойт. Башынан кан сыяктуу илээшкек колуна урунат. Жүрөгү оозуна тыгылган апам “Юра!” деп кыйкырган боюнча биринчи кабатка чуркайт. Барса, бөлмөнүн баары чачык. Юра болсо бөлмөнүн ортосунда көмкөрөсүнөн өлүп жатыптыр. Апам Айбекти кийинтип алып элди жардамга чакырып, резиденцияны аралап чуркадым дечү. Мамлекеттик резиденцияга өлкөнүн экинчи адамы барып жатса бир да күзөтчү жок. Анан да жөнөкөй адам кире албаган жерге кайдагы бир мылтыкчан кирип барып, ит аткандай атып салуу эмне деген шумдук! Такай ошол жерде жүрүүчү жумушчуларды, сакчыларды атайлап кетирип жиберишкен. Жан сакчылар окуя болгон түндүн эртеси араң келишкен.

«АТАМДЫ ЖИНДИ ӨЛТҮРДҮ КЫЛЫШТЫ»
– Мамлекет башында отургандар эмне дешти?
– Республиканын Ички иштер ми­­нистри Габидулин коопсуздукту көзөмөлдөбөгөнүнө жооп бермек тургай, жумушунан көтөрүлүп кеткен. Апам “уюштуруу иштерин туу­ралап берген мына ошол Габидулин” деп какшачу.
Атамды «чолпон-аталык психикалык жактан оорукчан Смагин атты» деп чыгышты. Апам тиги канкордун бетин көрүп калгандыктан, Смагиндин сүрөтүн көрсөтүшкөндө ал эмес деп жанталашкан. Бирок эч ким уккан жок.
Өлүмдү кылдат уюштуруп, өлтү­рүүгө буйрук бергендер башка. Мамлекеттин премьер-министринин өлүмү ачылбай, жаап-жашырылып жаткандан кийин биз божомолубузду элге кантип ачык айтабыз? Ошол мезгилде атамдан башка дагы көрүнүктүү жетекчилер капысынан эле кырсыкка кабылып, каза таап жатышты. Мындай шумдуктуу көрүнүш бир канча мезгилге чейин уланды.
Атамдын өлүмүнөн кийин эле “Смагин поездде милиция кызматкеринин моюн орогучуна муунуп өлүптүр” деген маалымат тарады. Тиешелүү кызматтагылар анын жазып жүргөн күндөлүгүн табышкан имиш. Анда кыргыздарды аябай жек көрөрү, бир күнү көзүнө көрүнгөн адамды атып салары жазылыптыр. Смагин өзү жинди болсо, анан мылтыкты кайдан алат? Юранын атын кайдан билет?
– Кырсык болгондо сиз каякта элеңиз?
– Мен жаңы эле институтту бүтүп, Москвада ординатурада окуп жаткам. Декабрдын башында үйгө баргым келди. Атамдан телефон аркылуу үйгө барайынчы деп сурансам, “ушунчалык каалап жатсаң кел” деди. Сезгендей эле 3-декабрь күнү эртең менен Фрунзеге келип, атам менен көрүшүп калгам. Анда Элмира Москвада МГУда, Гүлмира Мамлекеттик университеттин филология факультетинде, кенжебиз Эрмек 8-класста окучу.

«БААРЫБЫЗДЫ АҢДЫШКАН»
– Акыркы сапарга узатарда мамлекеттик жетекчилердин баары келиштиби?
– Турдакун Усубалиевич баш болуп баары келишти. Анын жубайы кыркылыгына чейин апамдын жанынан чыккан жок. Бирок Турдакун Усубалиевич атамдын ысымын бардык жерден өчүрүүгө укмуш кам урду. Өлгөндөн кийин өлкөнүн экинчи адамы болгон атамдын ысымы бир да гезитте, сыналгыда эскерилген жок. Бизди Мамлекеттик коопсуздук комитетиндегилер аябай аңдышты. 1981-жылы Москвада жашап жаткан үйүбүзгө бир адам келген. Ысык-Көлдүн балыгы деп бир чоң балык көтөрүп келип, атам жөнүндө айтып, бизди кепке тарткан. Көрсө, ал биздин сүйлөгөн сөздөрдү колундагы саатына жаздырып алган экен. Дагы жакшы, ашыкча сөз сүйлөгөн эмеспиз. Апамды жашап турган үйүнөн да чыгарууга аракет кылышкан. Мындай кысым бийлик алмашкандан кийин гана токтоду.

«КҮНӨӨЛӨЙ АЛБАЙБЫЗ»
– Бийлик алмашкандан кийин өлүмдүн бетин ачууга аракет кылдыңарбы?
– Апам Аскар Акаевдин атайын кабыл алуусунда болгон. Иш боюнча тергөө документтерди текшерип, илинчек таап берүүсүн өтүнгөн. Бирок бул изилдөөдөн да эч жыйынтык чыккан эмес. Документтин баарын өрттөп жок кылышкан же башка жолдорун ойлоп табышкан көрүнөт. Ошондуктан биз өзүбүз шек алып жүргөн адамга түз айып тагып, күнөөлөй албайбыз. Бирок азыр анын көзү өтүп кетти.
– Айнура эже, өткөндү эскерип, оор болсо да артка кыл­чай­га­ныңызга рахмат. Султан Ибраимов­дой залкар инсандардын ысымын эл унутта калтырбайт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Жаку
2009-12-26 14:10:28
Демек, Султан Ибраимовду олтургон тируу болсо, анда жакында эле токсонго чыктым деп жар салып мамлекет тарабынан сыйлыктарды алып жаткан ак чач адам окшойт деп калдым.
0
bekmaral
2018-05-22 19:12:23
Ошол ак чач адам жаман трайбалист болгон дешет го.Менимче дал чондордун тубуно жеткен окшойт.Т.Балтагуловду да ошол киши тынчыткан экен.
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан