СУЛУУ БОЛУУНУН СЫРЛАРЫ оӊой жана кызыктуу

Жаз алды менен алсыроо, бет териси түлөп, тырмактар сынып, түптөрү сыйрылуусу, чач түшүп, бетте түрдүү тактардын пайда болуусу көйгөй жаратат. Аз убакыттын ичинде мындай көйгөйлөрдүн алдын алам десеӊиз, төмөнкү кеӊештерге көӊүл буруӊуз.

АЛГАЧ ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛАӉЫЗ!
Күн сайын эртеӊ менен бир кашык зыгыр данын жууп, майдалап чайнап жеӊиз. Артынан 1 стакан жылуу суу ичип коюӊуз. Бул кадамдан жарым саат өткөн соӊ тамак жеш керек.
Мындай ыкма организмди пайдасыз заттардан тазалайт. Териӊиз тазарып, жылмакай абалга келет. Бир аз болсо да салмак таштаганыӊыз кадимкидей сезилет.
Ошондой эле зыгырдын даны чачтын түшүшүн алдын алып, тырмактарды бекемдейт.
Эскертүү! Эгерде кайсы бир органыӊызда таш болсо, зыгырдын данын жегенге болбойт!

КЫЗЫЛЧА КЫЙЛА ПАЙДАЛУУ ЖАШЫЛЧА
Күн сайын кызылчадан жасалган салат жеген адамдын кан айлануу системи жайында болот. Эртеӊ мененки тамактын ордуна же кечки тамактын ордуна шартыӊызга карап кызылча салатын жегенге аракет жасаӊыз. Жыйынтыгында кан тазаланат. Таза кан болсо сулуу келбеттин эӊ башкы себепчиси экени талашсыз. Бул кадам теринин абалын жакшыртып, ички органдардын туруктуу иштешин жөнгө салат.

ГЛИЦЕРИН БЕТТИ СЕРГИТЕТ
Дарыканадан Е витамининин 10 даана капсуласын жана глицерин майын сатып аласыз. 10 капсуланы теӊ ийне менен тешип, ичиндегисин 30 грамм глицеринге аралаштырыӊыз. Сүйкөөрдөн мурун бетти жууп, жумшак щётка менен укалоо керек. Бет кызарган маалда клеткалар дүүлүгүп, сүйкөлгөн аралашманы тез сиӊирип алат.

ЖАӉГАК ЖЕӉИЗ
Күн сайын 50 граммдан кем эмес жаӊгак жеп туруӊуз. Жаӊгактын кайсы түрү жакса грек жаӊгагыбы, жер жаӊгакпы жей берсеӊиз болот. Эки эле жуманын ичинде чачтарыӊыз менен тырмактарыӊыз жеген жаӊгагыӊыз үчүн сизге эбегейсиз рахматын айтышат.

ЧАЧКА БОТКО ДАЯРДАЙБЫЗ
Үч күндө бир чачка арналган ботко жасап алып колдонуӊуз. Кургак, майдаланган горчицаны өсүмдүк майына же уйгактан алынган майга (репейное масло) аралаштырып ботко жасаӊыз. Чачты жууган соӊ аралашманы сүйкөп, 20-30 мүнөт коюу керек. Андан соӊ жууп салыӊыз. 3 жуманын ичинде чачтын сапаты жакшырат.

АЛОЭ ШИРЕСИ – БЕТ ТЕРИСИНИН КУТКАРУУЧУСУ
Бет териси сулуу, серпилгич болушу үчүн кадимки алоэ өсүмдүгүнүн ширесинен тамактанар алдында 1 чай кашык ичип коюӊуз. Мындай аракет менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Ушул эле алоэ ширесин бетке ботко кылып жапсаӊыз, аз убакыттын ичинде безеткиден куткарып, териӊиз тунук болуп чыга келет.


БАРДЫК КАДАМДЫ ЖАН ДИЛИӉИЗ МЕНЕН АТКАРЫӉЫЗ
Адам өзүн сулуу, жагымдуу алып жүрүшү үчүн алгач өзүн сүйүшү керек. Жогорудагы кадамдардын бирин калтырбай жасап, бирок «толукмун, бетте бырыш көбөйдү, безетки басып кетти, мен такыр эле оӊолбой калдым го» деген артка тарткан ойлор менен жашасаӊыз, анда жыйынтык күтпөй эле коюӊуз. Андыктан өзүӊүздө жакшы жакка өзгөрүү болот деп ишенип, берилген кеӊештерди чын дилиӊиз менен жасаӊыз.

ДЕНЕНИ ЧЫӉДОО АШЫКТЫК КЫЛБАЙТ
Оӊой, жеӊил физикалык көнүгүүлөр зат алмашууну камсыздап, жеген жаӊгак, кызылчанын, сүйкөгөн ботконун тиешелүү жерлерге таасир беришин шарттайт. Эртеӊ мененки 5 мүнөттүк физикалык машыгуулар менен бир тердеп алсаӊыз, тер менен денедеги ашыкча заттар чыгып, орду сиз кабыл алган керектүү азыктар менен алмашат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
zinaidai
2015-03-10 18:38:29
Зыгырды кайсыл жерде сатат.
0
XAH.
2015-03-10 21:53:06
Саламатсызбы!
Сепкил жөнүндө жазып коёсуздарбы. Кантип пайда болот? Кантип кетирсе болот? Күтөм
0
admin_superstan
2015-03-11 10:43:15
XAH., саламатсызбы!

Сепкил тууралуу көп жазылган:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=сепкил&x=0&y=0&media_search=1
0
HURI86
2015-03-11 01:05:27
Саламатсыздарбы супер инфо! непроходимость маточных труб--- лапароскопический операция жонундо маалымат берип койуунуздарды коптон коп суранам
0
mekajan89
2015-03-11 12:11:28
Magada aloe menen kantip botko jasait owonu aityp kounuzdarchy
0
admin_superstan
2015-03-11 12:47:58
mekajan89, саламатсызбы!
Бул суроого Гүлжан Асанкожоева өйдөдө жооп берген:
Жумуртканын белогун өзүнчө бөлүп алыңыз дагы ага алоэ өсүмдүгүнүн майдаланган жалбырагынан 2 чай кашык кошуңуз. Же болбосо алоэден сыгып алган ширеден 3 чай кашык кошсоңуз деле болот. Боткону аралаштырып, бетиңизге текшилеп жабыңыз. Толугу менен кургагыча күтө туруңуз. Мындан соң муздак суу менен жууп салуу керек. Бул ыкма бетти жылтылдак абалга алып келет жана безеткилерден арылтат.
-1
Arabella
2015-03-11 22:00:18
mekajan89,

Алоэни экиге болуп, бетинизди тазалап туруп эле суйкой берсениз болот. Ицинде согу аябай коп болуп тоник катары болуп калат. Ал сингенден кийин крем керек болсо суйкоп коесуз. Аябай жакшы увлажняйт этип, питайт этет. Алоэнин чон жалбырактарын узуп алсаныз пайдалуурак болот.
0
Turadi
2015-03-11 13:18:47
Зыгырды тапкандар кайдан таптынар жаза кетсенер! алдын ала рахмат
0
Arabella
2015-03-11 21:56:02
Turadi,

Аптекаларда сатылат. 30граммдык пачкада, арзан эле болот. Бирок бир аз кир болот экен аптеканыкы. Орто-сай базардын донецкий кочосу жактагы павильондо российский, 200граммдык упаковкадагысы мага аябай жакты. Таза, таштары жок, чаны дагы жок болот экен. Алып эле тазалабай жей берсениз болот.
0
perichte
2015-03-11 16:52:21
magic1721 жунхайда китайский дары-дармектерди саткан жерде, "av-plast пластырь мозольный натуральный хлопок" деген пластырь сатат 15-20 сом эле турат ошол аябай жакшы жардам берет.
0
Aysuluu95
2015-03-12 10:21:27
Эн жакшы
0
Aziz_9292_kg
2015-03-12 11:26:12
Даа жакшы кенеш
0
never-cry
2015-03-12 15:17:58
аптекадагы глинанын ордуна обычный кулбото колдонсо боло береби
0
kalbek87
2015-03-12 18:54:53
зыгырды аптекада сатабы
0
Aizatnur
2015-03-13 17:48:39
Admin-superstan.... Саламатсыздарбы! Менин бетим Тулой берет кургап айламды кетирди эмне кылсам кенеш берип коёсуздарбы? Кнутом...
0
admin_superstan
2015-03-13 18:02:09
Aizatnur, саламатсызбы!
Кургак бет тууралуу:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=кургак+бет&x=0&y=0&media_search=1
Ал эми сунушуңуз эсибизде болот.
0
Ledi89
2015-03-15 00:08:46
Рахмат дагы да жакшы кенештерди кутуп каламын!
0
mansur1282
2015-03-20 03:46:18
урматуу супер-инфо кыргызстандагы курорт-санаториялардын баалары канча турат. 5-10 кундорго. маалымат берип коёсуздарбы. алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2015-03-20 09:41:13
mansur1282, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
zari_kosh
2015-04-10 11:02:46
жакшы кенештер экен, рахмат
0
veneraaalieva
2015-04-27 00:23:32
Урматтуу супер-инфо попилломадан кантип кутулса болот?, папиллома жонундо маалымат бергилечи? Алдын ала рахмат.
0
admin_media
2015-04-27 09:45:34
veneraaalieva, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан