Чолпон Дүйшеева, БААУнун алдындагы ЖМАнын административдик директору: «КЫРГЫЗСТАНДА ДАЯРДОО КУРСТАРЫНА СТИПЕНДИЯ БЕРГЕН БААУдан БАШКА ОКУУ ЖАЙ ЖОК»

– Академия өз тарбиялануучуларына окуу жактан да, адамдык өсүү жактан да көптү берип келе жатат. ЖМА тууралуу маалыматы жоктор үчүн айта кетсем, ЖМА – бул БААУнун алдындагы 1 жылдык окутуп даярдоочу программа. Анда англис тили гана эмес, математика, кыргыз жана орус тилдери боюнча да сабактар берилет. Бирок эӊ негизги басымды англис тилине жасайбыз. Биз орто жана жогорку билим берүүнүн ортосундагы секирик болуп саналабыз. Башкы максатыбыз – Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна мыкты студенттерди даярдоо. Академияда окутуу келишимдик негизде жүргүзүлөт. Ушул тапта 1 жылдык окуу 3150 АКШ долларын түзөт. Ооба, мындай каражатты төлөө баарынын эле колунан келе бербейт. Кубаныч менен айта кетчү нерсе, академияга өткөндөр үчүн стипендиялык программа бар. Аталган программа академиянын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстанда окутуп даярдоо курстарына стипендия бөлүп берген башка окуу жай жок.
Жыл сайын Кыргызстан боюнча сынак жарыялап, 70 абитуриент тандап алабыз. Алар ЖМАнын толук стипендиясына ээ болушуп, академияда бекер окуу укугун алышат. Ал окууга кеткен чыгымдарды гана эмес, ошондой эле жатаканадагы жашоосун, 3 маал тамактануусун да жабат.
Стипендиялык программанын уникалдуулугу – бул сапаттуу билим алууга умтулган, бирок ага шарты жок окуучулардын тандалып алынгандыгы.
Биз орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө билим алууга, келечекте ЖОЖдорго окууга өтүүсүнө шарт түзүп беребиз. Албетте, үй-бүлөлүк шарты эске алынып тандалып алынган бала жакшы окуусу зарыл. ЖМАнын стипендиясына ээ болуу үчүн талапкерлердин үй-бүлөлүк шарты менен академиялык көрсөткүчтөрү бирдей каралат. Бир жылдык даярдоо программасын аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн БААУга тапшыруу үчүн даярдыгы жакшырат жана аларга көбүрөөк жеӊилдиктер берилет. ЖМАны бүткөндөн кийин БААУга тапшыргысы келбесе, Кыргызстандагы башка ЖОЖдорго тапшырса болот. 2014 -жылдын ийгилиги катары айта кетели, быйылкы 70 стипендианттардын 49 бүтүрүүчүсү Борбордук Азиядагы Америка университетине ийгиликтүү окууга өтүшкөн.
Биз академияга Кыргызстандын бардык аймактарынан тандап кабыл алабыз. Болгондо да өлкөбүздүн эӊ алыскы айылдарынан окуучуларды кабыл алууну көздөйбүз.

Жаӊы муун академиясынын академиялык директору Элизабета Зелинка:
– ЖМАнын студенттери интенсивдүү окуу программасын өтүшөт. Алар бир жылдык окууда англис тилин үч багытта өздөштүрүшөт: TOEFL, академиялык англис тили жана дил баян жазуу. Тил курстарынан айырмаланып БААУнун программасында окутулат. Булардан тышкары академияда кыргыз жана орус тилдери, математика сабактары жүргүзүлөт.
Ошондой эле белгилеп кетчү жагдай, ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырышат. Бул академиянын билим берүүсү жогорку деӊгээлде экендигинен кабар берет.
Биздин окутуучуларыбыз да студенттер менен тыгыз байланышта. Алар студенттердей эле университеттин бардык курстарына катыша алышат.
Биз чет мамлекетте окуп келген лекторлорду чакырганбыз. Учурда АКШ, Словакия, Румыния, Тажикстан жана Кыргызстандын мугалимдери иштешет. Булар жөн эле тил алып жүрүүчүлөр эмес, алар тажрыйбалуу профессорлор.
ЖМА активдүү, жогорку классификациялуу, келечекте Кыргызстанга пайдасы тие турган жаштарды тарбиялап келет. БААУ 2009-жылы Bard College тармагына кошулуп, академиялык кызматташууга кол койгон. Ошондой эле бир канча аккредитациядан өткөн. Bard College – бул 1860-жылы негизделген Нью-Йорктогу либералдык искусство университети. Мында бакалавриат жана магистратурада гуманитардык искусство боюнча 40 багытта билим берилет. БААУ 2011-жылдан тарта Орто Азияда биринчи болуп бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик дипломдон тышкары аккредитацияланган америкалык Bard College дипломун да тапшырып келет.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:

• Кыргызстандын жараны болуу;
• Англис тилин орто деӊгээлде көргөзүү;
• 11-класстын, колледж же институттардын бүтүрүүчүсү болуу абзел.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУГА ЭМНЕ КЕРЕК?
1-баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын билдирменин бланкын жана башка керектүү документтерди 2015-жылдын 10-апрелине чейин тапшыруу.
ЖМАнын стипендиясына жибериле турган билдирменин бланкын ЖМАнын сайтынан
(www.nga.auca.kg) жана ЖМАнын аймактардагы өнөктөштөрүнүн кеӊселеринен алууга болот.
Америка борбору, БАТКЕН шаары, Баткен мамлекеттик университети, Юсупов көчөсү, 21 Тел.: (03622) 3-62-25, электрондук дарек: middin@mail.ru
Билим берүү кеӊеш борбору, ОШ шаары, Ош облустук китепканасы, Курманжан датка көчөсү, 271 Тел.: (03222) 5-66-62, электрондук дарек: educforall@rambler.ru
Америка борбору, ЖАЛАЛ-АБАД шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ленин көчөсү, 57, 3-кабат, электрондук дарек: ordosujalalabad@gmail.com
Америка борбору, КАРАКОЛ шаары Ысык-Көл облустук китепканасы, Коёнкөзов көчөсү, 35 Тел.: (03922) 4-09-94, электрондук дарек: samohinaolga@mail.ru
Америка борбору, НАРЫН шаары Нарын облустук китепканасы, Ленин көчөсү, 33 Тел.: (03522) 5-18-83, электрондук дарек: narynac@gmail.com
Америка борбору, ТАЛАС шаары, Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык бөлүмү, Ч.Айтматов көчөсү, 192 Тел.: (03422) 5-42-37, электрондук дарек: ackgtalas@gmail.com
ЭСКЕРТҮҮ! Көрсөтүлгөн даректер аркылуу барып сиздер окууга тапшыруудагы билдирменин бланкын гана ала аласыздар. Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жиберүү керек: 710040 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205, 323-бөлмө, ЖМАнын кабыл алуу боюнча кеӊсеси.
Байланышуу үчүн маалымат Веб-сайт: www.nga.auca.kg Электрондук дарек: nga@mail.auca.kg Тел.: + 996 (554) 55 09 39
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз! American University of Central Asia – AUCA – NGA www.nga.auca.kg
Суроолоруӊуздар болсо иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кайрылыӊыздар. Англис тилден тестирлөө жана ЖМА өкүлдөрү менен маектешүү; ЖМА стипендиясы сынагынын жарым финалчылары англис тилден тестирлөөгө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүүгө чакырылат. Тестирлөө жана маектешүү Кыргызстандын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында өтөт. Стипендияны алуучулар тест жана маектешүүдөн өткөн жарым финалчылардын арасынан тандалып алынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан