КУУДУЛДАРДЫН СЫНАГЫНДА БАШ БАЙГЕНИ АЛТЫНБЕК АЛДЫ

Жаныбек Алыкуловдун көзү тирүү болгондо 3-март күнү өмүрүнүн дагы бир жазынын суусун ичип, 55 жашка толмок. Аны санаалаштары, шакирттери унутта калтырбай, туулган күнүндө куудулдардын республикалык сынагын өткөрүштү. Эл көӊүлүн күлкү менен көтөрүп жарпын жазган катышуучуларды калыстар төмөнкүдөй баалашты:
4-орунга ээ болгон Максат Тасмаев 20 миӊ сом, 3-орунду камсыздашкан айымдар Назира Жетигенова менен Жайнагүл Атахановалар 30 миӊ сом, 2-орунду багынткан Жакут Сыдыков 50 миӊге ээ болушса, ал эми 1-орунду Кубан Алимов ээлеп, 75 миӊ сомду канжыгасына бөктөрүп кетти. Куудул, пародист Алтынбек Ажыалиев болсо баш байгени жеӊип алды.
"Жаныбек Алыкулов көзү тирүүсүндө «шакиртим» деп көп нерсени үйрөттү эле, устатымдын жаркын элесине арналган сынакта баш байгени жеӊип алганыма кубанычтамын. Мен бул сынакка анын шакирти, пародист катары катыштым. Жаныбек Алыкулов өмүрүнүн акыркы жылдары мага «пародияны мындан да жакшы ойно, элге жаӊы пародияларды тартуула» деп кеп-кеӊешин берип жүргөн эле. Устатымдын «Телефон» деген пародиясын жаӊылап иштеп элге тартууладым. «Сармерден» аттуу сатирамда депутаттарды туурап берсем эл жакшы кабыл алды",- дейт Алтынбек мырза.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куудулдар сынагында Назира Жетигенова сахнага араба менен чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Asel-91
2015-03-09 17:18:55
Алтынбек байке татыктуу, бул ийгилик ага стимул болуп берип, дагы породия жанрын өркүндөтүп кетет деген ишеничтемин.
0
Nazik96
2015-03-09 21:57:12
соонун болуптур тоглугу менен ертер
еек чыкса жакшы болмок .жылдыздар маллазияда деген такыр еле чыкпай койдугоо .
0
admin_superstan
2015-03-10 10:30:53
Nazik96, саламатсызбы!
Жылдыздардын Малайзиядагы эс алуусу тууралуу видеоматериал чыккан:
http://www.super.kg/media/stv/137305/
0
macho90
2015-03-09 23:53:00
Abdylda, tynar, boronchular ne boldu?
0
jypar.i
2015-03-10 19:52:26
Жаныбек Алыкуловдун үй-бүлөсүнө ушундай кечени даярдаганы үчүн рахмат,аялы,балдары азамат экен.Жакшы жар,жакшы ата болгон экен ыраматылык.Мен Ж.Алыкуловду "серьёзный" эмес адам деп, чоң жаңылышыптырмын. Жаткан жери жайлуу болсун. Бүгүн радиодон Асанкалый Керимбаевдун "Ак булуттар" деген ырын угуп калдым да,"эмне үчүн бул мыкты обончу, аткаруучунун үй-бүлөсү эскерүү кечесин өткөргөн эмес" деген ой кетти.Жакшынакай балдары бар деп уктум эле,таптакыр дайындары жок го,өтө өкүнүчтүү
0
kgmiko
2015-03-11 14:48:11
кутуп жатабыз концертти тезрааак жуктоп койгулачыыыыыыыыыыыыыы
0
chanel11
2015-03-13 19:35:20
аябай жакшы сынак болгон окшойт .
0
eliza5566
2015-03-15 23:50:37
Назира эч картайбады го?
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан