Алтынбек Алымов: «МЕН ПЕНСИЯДА ЭМЕС, ОН СЕГИЗДЕМИН»

Бойдоктор бурчу

Көптөгөн ырлардын автору болгон бул жигит өзгөчө "Ак кушум" ыры менен таанымал. Башкалардан атактуулукка жутунбаганы менен айырмаланып турат. Карт бойдок Алтынбек Алымов бойдоктор бурчунда.

АНКЕТАСЫ:
Жашы – 34
Бою – 178
Туулган күнү, айы, жылы – 17.02.1975.
Жылдыз белгиси – Суупери
Билими – Мектепти араң бүткөн
Материалдык байлыгы – Темир тулпары, жер тилкеси
Жактырган киносу – “Беш кемпир”, “Маймыл”.
Жасай алган тамагы – Картошканы сууга, майга бышыра алат.

АР КИМДЕ БАР АР КЫЯЛ...
– Мүнөзүм азыр токтоо, оңой менен от албаймын. Жаштыгымда мен деле чарт-чурт элем. Жаш өткөн сайын токтолуп, акыл калчап иш кылып калат турбайбызбы.

ЖАКШЫ ТИЛЕК – ЖАРЫМ ЫРЫС
– Келечектеги максаттарымдын бири апамды Меккеге алып барып келүү. Албетте, жакшы кызга жолугуп, турмуштун бороонуна урагыс үй-бүлө куруу. Кудай чектөө койбосо, ондон ашуун балалуу болгум келет. Чыгармачылыгымды токтотуп, үй-бүлө бакканга жеткидей иш баштасамбы деген да оюм бар.

ЖИГИТТИН БИР БАКТЫСЫ – КЫЗДАР
– Эки эли юбка кийген, киндигин көрсөткөн кыздар картайган чалдын деле делебесин козгоп жиберет. Азыр келиндер да ошол кыздардан калбай кийинишет. Жигиттер андайлардын алдын тороп, колун кармап, "атыңыз ким ?" деп отуруп жок дегенде кафеге чакырганга жетишет. Ала качып кетиши деле мүмкүн. Анан ал бирөөнүн аялы болуп чыкса эмне болот? Ошондон көрө жоолук салынып, уяттуу жерлерин бекитип кийинишсе. Андай кыздарга жигиттер тийишмек турсун сыйлап, суктанышар эле.

СҮЙҮҮСҮЗ ЖАШОО
– Мен сүйүүгө берилбеймин. Жашоодо сүйүү бөлөк, турмуш башка эмеспи. Сүйөм деген кыздар бар. Мени сүйсөң ачык-чачык кийинбе десем, "кыска юбка, жынсы шым кийгим келет, жабык кийимден ысып кетем" деп качышат. Анан кайдагы сүйүүнү айтабыз.

"ДАЛЕ ЖАШМЫН"
– Баары эле “үйлөнбөйсүңбү, картайып кеттиң” деп айтышат. Классташтарымдын балдары мектепти аяктап жатса, милицияда иштегендери жакында пенсияга чыгышат. Алардын жанында мен 18 жаштагы жигитмин. Үйдөгүлөр мурда күлүп, тамашалап үйлөн десе, азыр кадимкидей урушуп, чоң маселе катары айтышат. Үйлөнөйүн дегенде кыз жок, кыз табылса шарт жок болуп, ушунча убакыт өтүп кетти.

"БОЙДОКТУКТАН" ТАЖАДЫМ
– Бойдоктук менен коштошкум келет. Кийимимди жууп, тамак жасагандан, кыскасы, жалгыздыктан тажадым.Тамак жасагым келбей кафелердин эшигин жыртчу болдум. Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги гамбургер сатуучулардын дайымкы кардарымын. Жашоомду өзгөртүп ушул жылы үйлөнөйүн деп жатам.

"ИЛЬЯЗДЫ МЕНДЕН СУРАШАТ"
– Ильяз ырчы болуп чыккандан бери чогуу иштешип келатам. Бул иним менен чыгармачылык иштерде гана жолугабыз. Ортобуз 13 жаш, Ильяздын чөйрөсү башка, меники такыр бөлөк. Абдыразаков менин чөнтөгүмдө жүргөнсүп элдин баары, Ильязды менден сурашат, тобоо.

Кыялыңызда дал ушундай жигитти эңсеп жүрдүңүз беле? Анда a­­_alymov@mail.ru дарегине кат жөнөтүңүз.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Саби
2009-12-14 17:54:54
Бул почта иштебейт турбайбы.Эгер мумкун болсо Алтынбектин туура почтасын айтып коесунарбы
0
jankakg
2009-12-17 18:51:22
"a vkusah ne sporyat" degen orustardyn kebin dal ushul jerde koldonsok bolot. :)kat jazgandar boluptur demek.
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан