Кезинде бул жигиттин «Кыргызстан ыйык мекен, Кыргызстан койнуӊ кенен» деген саптары бар «Кыргызстан» деген ыры пикет-митингдерди көркүнө чыгарып келген. Кеп ырчы жигит Кумар Асанов тууралуу болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. Чыгармачылыктан оолактап, сахнадан карааны көрүнбөй калган ырчы жигит учурда чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу ага скайп аркылуу байланышып, кайда, эмне менен алектенип жүрөсүӊ деген суроолорду узаттык.
Толук аты-жөнү – Асанов Кумар Акимжанович
Туулган жылы – 15-декабрь, 1988-жыл
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды айылы
Бою – 184 см
Салмагы – 76 кг
Тамшана жеген тамагы – Кытай ашканасынын даамдары
Хоббиси – Сууда сүзүү
Билими – Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү
– Кумар, салам! Акыркы жылдары такыр эле дайыныӊ билинбей кетти. Эмне кылып жүрөсүӊ?
– Саламатсыздарбы? Кыргызстан тынчпы? Мекенимди аябай сагындым. Ооба, чыгармачылыктан бир аз оолактап, тыныгуу жасадым. Жан дүйнө күрөшү жүрүп, жасаган иштеримди анализдеп, өзүмдү башка тармакта сынап көргүм келди. Тагыраагы, мен чыгармачылык кризиске кабылдым окшойм. Биз искусство адамдары сезимтал келип, баарын жүрөк аркылуу кабыл алат эмеспизби, андыктан жан дүйнө кризиси көп эле чыгармачыл адамдарда кезиксе керек. – Башка тармакта өзүӊдү кантип сынадыӊ?
– Миллиондогон кыргыздар сыяктуу эле Орусияга иштегени келгем. Жашоо-турмуш кандай экенин жон терим менен сезгим келди. Бул жакка келип иштегенде гана Кыргызстанда жашоо жыргал экенин түшүндүм. «Москва көз жашка ишенбейт» деген сөз туура айтылган экен. Башында кыйналдым, мекендештерим эмгектенген жумуштардын баарында иштеп чыктым. Карызга акча сурап, ачка-ток калган күндөр болду. «Резина батир» дегенди угуп калган чыгарсыз? Бир бөлмөдө 10-15тен адам жашаган батирде көчүп-конуп жашадым. Булардын баары мага турмуштук сабак болду. Азыр баары жакшы, бутума туруп иштеп жатам.
– Ошондо чыгармачылыкты таштадыӊбы?
– Жок, чыгармачылыкты таштаган жокмун. Бул нерсе оюмда да жок. Жөн гана изденип жүрдүм. Азыркы иштеп жүргөн жумушум да чыгармачылыкка байланыштуу. Түнкү клубда ди-джей болуп иштейм. Музыкант тааныш досторум бар, чогуу караокеде ырдайбыз. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо бул жактан чыгармачылыгымды улантканга аракет кылам. Негизи чыгармачылык жол оӊой эмес. Айрыкча акыркы жылдары көп кыйналдым. Тааныш-билишиӊ жок болсо сахнага чыгуу, радиолорго ырларды берүү кыйын экен. Ошондой моралдык кысымда ырчылыкты жыйыштырсамбы деп ойлогом. Бирок таштагым келбеди. Жакында эле бул жакта иштөөгө уруксат кагазын алуу үчүн чуркап жүргөм. Анда башка өлкөнүн чек арасына чыгып, кайра Орусиянын аймагына киришим керек болчу. Эки метро менен чек арага чейин барып, кайра кайтканда кеч кирип кетти. Эмне кылам деп турсам, мекендештерим мени таанып, шаарга чейин жеткирип коюшту. Анан да мени менен батирде чогуу турган байке ырларымды угат экен. Ичимден өзүмчө «жакшы эле ырдайт окшойм» деп сүйүнүп койдум. Негизи мен өзүмө сынды абдан катуу коём. Ошон үчүн да сахнага кайткым келбей жүрдү окшойт. Элдин мени көчөдөн таануусу, «ырларыӊды жакшы көрөбүз» деген сөздөрү мага чоӊ стимул болгондуктан ырчылыкты таштабайм.
– Сени биз «Кыргызстан» деген ырыӊ аркылуу жакшы тааныйбыз. Кийин ушул сыяктуу хит чыгарманы репертуарыӊдан негедир уга албадык?
– Ооба, бул ыр менин визиттик карточкам десем жаӊылышпайм. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна ушул чыгарма менен аттанып, элге таанылдым. Азыр деле таанып калгандар «ушул ырды аткарган сенби?» деп кайырмасын ырдап сурап калышат. Буюрса, алдыдагы репертуарым хит ырлар менен толукталарына ишенем. Мындан башка деле «Мекен жер», «Зар жүрөк», «Аксаамай» деген бир топ эле ырларым бар. Ушул ырларга клип тартпаганыма өкүнөм.
– Учурда Москвада үй-бүлөӊ менен турасыӊбы же жалгызбы?
– Жок, Москвада иним Руфат экөөбүз жашайбыз. Апам милициянын подполковниги, учурда пенсияда. Эӊ кичүү иним экөө Кыргызстанда турушат. Биз болсо апамдын кем-каржысына жардам берип, колдоо көрсөтүп жатабыз. Өзүм 2 жылдан бери мекениме бара элек болчумун. Жакында эле апам 2 айга Москвага келип, жашообузду көрүп, көӊүлү тынып кетти. Апамды шаар кыдыртып, кызыктуу жерлерди көрсөттүк.
– Сендеги музыкага болгон кызыгуу качан пайда болгон?
– Апамдын айтымында, мен 2 жашымда, бала бакчада тарбияланып жүргөндө эле бийлеп, ырдачу экенмин. Анан апамдын дос-тааныштары «аскер кызматкеринин баласы кантип ырчы болсун?» деп таӊ калышыптыр. Ырчылык өнөр мага атам тараптан өтсө керек. Ыраматылык атам комуздан башка аккордеондо, гитарада, саксофондо, айтор, бүт аспапта ойночу экен. Атам кичине кезимде эле каза болуп калыптыр. Чоӊ энем да жакшы ырдаарын угуп калгам. Мектепте окуп жүргөндө бий ийримдерине, музыкалык кароо-сынактарга катышчумун. Мен кичинекей кезде артисттерди анча баалашчу эмес. Ошондой тар түшүнүктөн улам апам атама турмушка чыкканда «артистке турмушка чыкты» деп көпкө чейин сөз кылышкан экен.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак. Бизге берген маектериӊде «отуз жашка чыкканча үйлөнөм» деген экенсиӊ. Апаӊды качан келиндүү кыласыӊ?
– Жеке фронтто абал тынч, сүйлөшкөн кызым жок. Азыр өзүмдү толугу менен жумушка багыттап алгангабы, кыз жандаганга убакыт жок. Бирок апамдын колун узартып ыймандуу келиндүү кылсамбы деген максаттарым бар. Отузга чыга элекмин го, дагы 3-4 жыл бар да, табылып калар (күлүп).
– Кандай кыздар жагат?
– 27ге чыгып оӊой менен кыз жактырбай калган кезим. Кыздарга аӊчылык кылып, бирөөнүн артынан чуркап жүрсөм бул суроого жакшыраак жооп бермекмин. Азыр айта албайм.
– Адамдын тагдырын анын мүнөзү чечет дешет, катуу жиниӊ келгенде эмне кыласыӊ?
– Мындан 5-6 жыл мурун жиним келсе уктап алчумун. Бара-бара уйку деле соорото албай калат экен. Негизи жини бат келгендердин катарына кошулбайм, бирок чегинен ашып бараткандарга өзүнө жараша жооп бергенди үйрөнүп калдым. Менин жан-дүйнөм назик, аябай ишенчээкмин, орой адамдардан коркчумун, бара-бара бул нерсеге да көнүп калдым. Эгер адамдын тагдырын мүнөзү чечсе, анда менин тагдырым жумшак эле болот экен.
– Кичинекей кезиӊде «Кусалык» деген ырыӊдын клибинде Айпери Кубик кызы экөөӊөр чогуу тартылган экенсиӊер...
– Ооба, клип мен 9-классты аяктаган кезде тартылган. Айперинин апасы Динара эже мен төрөлгөн Сакалды айылынан болот. Кичинесинде Айпери таенесиникине көп келчү, ошондо биз 5-6 жаштарда болсок керек эле. Айылда чогуу ойноп, чогуу басып жакшы тааныш болчубуз. Клипке да ошол тааныштыгыбыздан улам тартылып калганбыз.
– Сахналаш кесиптештериӊ менен байланышып турасыӊбы?
– Өзүм түнкүсүн иштеп, күндүзү уктайм. Алар менен байланышканга убакыт жок. Мураталы Күрөӊкеев атындагы окуу жайда «Чоро» тобундагы Нурболот Теӊизбек, «Non-Stop» тобундагы Максат Садырбеков, Бек Исраиловдор менен чогуу окугам. Алар менен достук мамилем жакшы.
– Маегиӊе рахмат. Чыгармачылык ийгилик!
Лунара Бекиева
star@super.kg