ЛАГМАНДЫ СҮЙГӨН ЧЫКЕ, ЛАЗАНЫ СҮЙГӨН КАМЧЫКЕ

Күн сайын таң куланөөк атканда сайрай баштачу эки булбул бар. Бирин-бири сүрөөнгө алып, ары тамашалуу, ары ширин сөздөрү менен элдин көңүл кушун көтөрүшөт. Абдан табышмактатып жибердим окшойт. Алар ди-джейлер Камчы Сарыбаев менен Чыңгыз Мырзаев. Жайдары жигиттер сиздерге бири-биринин сырларын ачып беришмекчи.

Камчы Сарыбаев:

«ЭКӨӨБҮЗ»
– Чыңгыз мен жөнүндө эмне деди, айтсаң? Айтып коёюн, мени шыбаса мен бир эле сөз айтам ага. Тамаша. Чыңгыз экөөбүз бир күндө 5-6 жолу телефон чалышабыз. Чалганда эле мени көп сүйлөп жибербесин дейби же экөөбүз тең шайырбызбы, айтор, “ий, Камчыке, баары жакшы, үйдөгүлөр, мал-жан, иттер тынч. Менин ден соолугум жакшы...” деп быдылдап таштайт. Андайда эмнеге чалганым да эсимден чыгып кетет.

«МҮНӨЗҮ ШАЙЫР, БИРОК БАТ ЫЗАЛАНАТ»
– Бул жигиттин мүнөзү жакшы. Абдан кичипейил, ичинде кири жок адам. Бирок “ранимый”. Кээ бир сөздү жүрөгүнө бат кабыл алат да, ызаланып кетет. Ата-энем, бир туугандарым дегенде үзүлүп түшөт. Аларды абдан сыйлайт.

«ДАЙЫМА КОФЕ МЕНЕН КУРУТ ЧӨНТӨГҮНДӨ»
– Чыңгыздын сүйүктүү тамагы – лагман. Анткени чогуу тамактанып калсак, лагмандын түрүн жей берет. Биз жумушка эрте келет эмеспизби. Дайыма баштыкчадагы кофеден экини көтөрө келет. Негизи эле биздин жумушта тамак үзүлбөйт. Үйүнөн же барган жеринен даамдарды ала келет. Анан да курутту абдан жакшы көрөт.

"БЛИН!" ДЕП СТОЛДУ БИР МУШТАЙТ»
– Чыңгыз дайыма эле “куйрук жейсиңби, буйрук жейсиңби, маңдайга жазганды көрөбүз” деп көп айтат. Силер деле билсеңер керек, концерттерди алпарганда “ий, дадагаң кетейин” деп шумдук эркелетет го элди. Аябай эле ачууланып баратса “блин!” деп столду бир муштап калат.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА СУУСАП ТУРАТ»
– Ачыгын айтыш керек, таланты күчтүү. Ырдайт, ди-джейлик, тамадалык кылат. “Кандуу сүйүү” деген тасмада роль жаратты, бирок мен ал кинону көрө элекмин. Көрсөм кандай ойногонун айтмакмын. Байкап жүрөм, талант деген жөн турбайт да, чыгармачылыкта бир чоң эмгек жаратсам деп суусап турат. Көксөгөнүнө жетет деп ишенем.

«ЭМИ ЭМНЕ ДЕСЕМ?..»
– Чыкенин учурда сүйлөшкөн кызы бар экенин билем, бирок көрө элекмин. Сүйлөшкөн кызы телефон чалып “курсагың токпу, жылуу кийиндиңби? Иштериң кандай?” деп сурагандан чарчабайт. Ошондон улам келин баланы катуу сүйөт го деп ойлоп калам. Эми Чыңгыз үйлөнсө анан семирет го. Же мен мобулдан (курсагын көрсөтүп) кесип берсемби, ыя? Эгер ошондой кыла алсам, анда мен бир кесимин Мирбек Атабековго, бир кесимин Чыңгызга, кыскасы, арыктарга бермекмин (күлүп). Эми эмне десем, Чыңгыз эртерээк үйлөнүп ата-энесин келиндүү кылып сүйүнтүп, таланты менен кыргызды тамшандырып жүрө берсин.


Чыңгыз Мырзаев:

«ЭКӨӨБҮЗ»
– Камчы байке экөөбүз “Кыргызстан Обондорунда” “Таңкы тополоң” шоу-программаны алпарганыбызга бир жылга чукулдап калды. Башында үйдөн чыкканда эле бири-бирибизге телефон чалышып, кайсы жерде келатканыбызды сурап турчубуз. Бирибиз кечиксек, экинчибиз жогун билдирбей дегендей. Таң атпай элди музыка менен ойготуп, жылуу сөздөрүбүздү арнап калабыз. Маанайыбыз жок болсо да шаңдуу сүйлөп, уйкусураган угармандарды ойготобуз. Бул мүнөзүбүз аталган шоуго жарашып калса керек.

«БОЛПОЙГОНУ МЕНЕН, БАЛА КЫЯЛ»
– Камчыке мүнөзү абдан шайыр, болпойгону менен, бала кыял. Эч качан жок дебейт. Ак көңүлдүгүнөн улам көп убада берип, анан аларды толук аткара албай капаланат. Көлөмүнө жараша ичи кең, колу ачык. Анан да кээ бир сөздү жүрөгүнө жакын кабыл алмай адаты бар. Өзүнүн маселесине гана эмес, башка бирөөгө да кайгырып “ай ата, каап” деп кейип-кепчип калганын көрөм. Эфирде бизге карата ар кандай маанидеги СМСтер келет эмеспи. Анда эфир маданиятын сактап же тамашага салып окуйт. Курсактуу болсо эле айрым угармандар тамаксоо деп ойлошот окшойт. Ушундай маанидеги СМСтер көп келет, бирок көңүл деле бурбайт.

«БИР СҮЙГӨНҮ – ЛАЗА»
– Камчыке лазаны көргөндө кыя өтпөйт. Муну мен эле эмес, достору да билишет. Кайсы жерге тамактанганы барбайлы, анын лаза сурап кайрылганына күбө болом. Тамак келгичекти лаза менен нан жеп да тоюп алат. Тамада эмеспи, той-ашка барып калганда казы-карта, чучук-майлардан бери ала келет. Кыскасы, Камчыке берекелүү жан.

«КУРСАК БИЙИН ТЫТАТ»
– Адаты “яхоу” деп ичтерин кыймылдатып курсак бийин бийлемей. Тим эле укмуш бийлеп, бүтүн жамааттын көңүлүн көтөрөт дейсиң. Анан да “бодро-бодро” деген сөздү көп кайталайт. Эфирде МАИчилер менен жеңелерге көп тийишпесе башы ооруйт. Айрыкча тойдогу жеңелердин, чоң энелердин сүйлөгөнүн образдуу сүрөттөп жатканда каткырып калабыз.

«МАКТАНБАЙТ, БИРОК МАКТАЙТ»
– Эмнегедир “мен ди-джей эмесмин, мен актёрмун” деп көп айтат. Чынында эле актёр да. Көп эле жолу тасмадан көрүп жүрбөйбүзбү. Жарнамаларда, клиптерде да Камчы байкенин тартылганы бар. Бирок эч качан өзүн мактабайт. Тескерисинче, бирөөнү мактайт. Бирөөнүн кубанычына жаш баладай сүйүнүп алат.

«КЫЗДАРГА КӨЗ КЫСКАНДА...»
– Баары бир эркекпиз да. Камчы байке да кара каштарды көргөндө “вау, оме-ей” деп кыздарга угуза да, угузбай да айтып жиберет. Бир жолу “кыздар – шайтан деген чын эй. Азыр келатсам, эки жигит кыска юбка кийген кыздарга тийишем деп машинасын уруп алды. Ай, кыздар, кыздар” деп каткыра санын чаап келди. Эми ким эле болбосун сулууну бир карабай өтмөк беле?.. Бирок жеңебизге болгон сүйүүсү чоң. Мен Камчыкени чөмүч, ал эми уулун кашык деп тамашалап калам. Себеби Барсбек атасынын көчүрмөсү. Уулу Барсбек эл керегине жараган азаматтардан болуп чоңойсун. Байкебиз жеңем менен бактылуу болуп, элге кызмат кылып жүрө берсин демекчимин.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Robingud
2009-12-15 15:23:53
biri-birinerge 4an juguzbay maktaptyrsynar go
0
jazka
2009-12-18 03:47:46
Ай азаматтар!!!Ийгилик силерге!!!
0
diash
2009-12-19 20:45:06
alysta bolgonduktan silerdin beruunordu uga elekmin, birok sezip turam abdan jakshy, tamashaluu otkorup turganynardy, internet arkyluu beruunordu uksa bolobu?
Ishinerge iigilik kaalaim jana ALGA!
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан