ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨН ОКУП КЕЛИП, АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ БОЛУП ИШТЕГЕНДЕР БАР

4-мартта парламентте Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов: "Кыргыз Республикасынын өкмөтү бир топ мамлекеттердин өкмөттөрү менен мекендештерибизди окутуу боюнча келишимдерди бекиткен. Окуп келгендер жооптуу кызматтарга келип жатышат. Көбү айыл өкмөттөрүн жетектешүүдө",- деди.
Ошондой эле кызматкерлерди кызматтан мыйзамсыз кетирген жетекчилердин "кара тизмеси" түзүлгөнү белгилүү болуп, анда мурунку жана учурдагы мамлекеттик жетекчилер бар. "Тизмеге мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек Рысалиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев жана учурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбаев, облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери киргизилген",- деди ал.

Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bakulya79
2015-03-09 15:20:27
ошого да шугур кылсын.
0
zhykyo
2015-03-11 20:44:10
Ошогода иштебей калса эмне болот эле шугур десин
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан