Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «ЫСЫК-КӨЛ КЕЛЕЧЕКТЕ ГОЛЛИВУД БОЛОТ»

Тасма талаасында биринен-бири өтүп жаңы фильмдер жарык көрүүдө. Жаңы тартылган тасмалардын ичинен көрөрмандардын купулуна толуп жаткан «Кекеч» аттуу тасма жөнүндө режиссёру Эрнест Абдыжапаров төмөндөгү оюн ортого салды.

Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров
Сценаристи – Эрнест Абдыжапаров
Жанры – романтикалык, музыкалык, мистикалык, комедиялык, автобиографиялык драма
Оператору – Санжар Абдыжапаров
Башкы ролдордо – Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майрамбек уулу, Рахат Божокоева, Алиман Дүйшөналиева, Айнура Чанчарбаева
Тасманын узактыгы – 1 саат 20 мүнөт

– Бул фильмди эмне үчүн «Кекеч» деп атадыңыз?
– Бул тасма жанрында айтылып тургандай эле негизги өзө­гү менин жашоомдон алынды. Мен 1980-жылы түш көрүп, аян алганмын. Ошол түшүмдүн негизинде кино тартууну көздөп 30 жылдан ашык бул идеяны бышырдым. Жаш кезимде кекечтенип сүйлөчүмүн. Андыктан кекеч баланын кыздарга болгон мамилесин, ички туюмун жакшы түшүнөм. Башкы каарман кекеч болгонуна байланыштуу тасманын аталышын «Кекеч» деп атадым.
– Актёрлорду тандоодо эмнесине көңүл бөлдүңүз?
– Бул тасмада актёрлорду тан­доодо алардын чеберчилиги экинчи орунда турду. Музыкага жа­кын балдарды издеп, акыры Нуракка токтолдук. Кыздарды тандоодо бийге шыгы бар кыздарды тандадык. Башкы каармандарыбызды чектелүү талап менен издегендиктен тандоодо бир аз кыйын болду.
– Кинону баштарда алдыга койгон максатыңызга жеттиңизби?
– Көрөрмандардан жакшы пикир угуп жатабыз. «Кино­нун жарымында ыйласак, жа­рымында күлүп жаттык. Жакшы тартылыптыр» деген ойлорун уктук. Аз да болсо биз жараткан тасма аркылуу кө­рөрмандар насаат алып жатышат. Алардын көкүрөк көк­сөөсү канып, кинодон эс алса максатыбызга жеткенибиз.
– Көрөрмандардын сый-урматынан тышкары, сынын да уксаңыз керек?
– Коомчулукта айрым адамдар «режиссёрлор кинону акча табыш үчүн тартып калышты» деген ойду карманышат. Мага дагы «Эрнест байке, сиз дагы акчанын артынан чуркап калдыңызбы?» деп айтып калышат. Мен ар бир тасманы тартууда жогорку деңгээлде тартылышына кө­ңүл бөлөм. Тарткан тасмамдан көрөрман эстетикалык ырахат алышын каалайм.
– Аталган тасма менен кандай ойду бергиңиз келди?
– Тасмада жигиттин кекечтиги эле сүрөттөлбөйт. Ал ички сезиминде алдыга умтулуп, өз сүйгөнүнө жетет. Тасма аркылуу көрөрмандарга коомубуздагы орчундуу көйгөйлөрдү да айтып өткүм келди. Эгемендүүлүк алган 24 жылдан бери биздин мамлекет дагы кекечтенип келе жатат. Азыр биз жашап жаткан коомдо гармония жок. Үй-бүлөдө да, мамлекетте да гармония болуш керек. Ошондо биз кекечтиктен арылабыз деген ойду берейин дедим.
– Мурунку тартылган тасмаларыңыздан бул тасма эмнеси менен айырмаланат?
– Драматургиялык түзү­лү­шүндө айырма бар. Башка кинолордо баарлашуу болсо, бул жерде бала ички сезимин музыка аркылуу билдирет. «До+Фа» тасмасында жигит менен кыздын ортосунда тил билбегендик бөгөт болсо, мында баланын кекечтиги бөгөт болот. Ага карабай бала ички сезимин музыка аркылуу жеткире алат. Мистикалык жанрда болгондугуна байланыштуу жигит кекечтенип кызына оюн жеткире албай баратканда, бул окуя түшү болуп чыга келет.
– Айылга кетип калганыңызга караганда шаардын ызы-чуусу чарчаткан го?
– Айылга кеткенимдин себеби көп. Биринчи себеби шаарда 26 жыл жашаганым менен жакшы идеянын баары айылда жүр­гөндө келчү. Ошол себептен чыгармачылыгымда жаңы барак ачайын деп айылга көчүп келдим. Экинчи себеби Ысык-Көл келечекте Голливуд болот деп айтып келем. Ал мыйзам Жогорку Кеңештин комитетинен өткөн менен, өкмөт тарабынан кечеңдеп жатат. Бул мыйзам ишке ашпаган күндө дагы мени туурап, артымдан мен окуткан улан-кыздар кереметтүү көлүбүзгө көчүп келишет. Келечекте бул жер руханий борбор болот. Ошон үчүн Бөкөнбаев айылына көчүп келип жашап жатам. Алдыда тартылуучу кинолорду буюрса ушул жерде жаратам.
– Маегиңизге рахмат!

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
forestmen
2015-03-09 13:47:21
Эн жакшы Эрнест байке. Тондук болушунуз менен куттуктайм. Тондон таланты таш жарган инсандар коп чыккан. Ага мисал манасчылар,ырчы чоорчу,режиссер,актер,акын,жазуучу. Деги койчу баарын жазсам бир китеп болот. Кош келипсиз топурагы алтын Тонубузга.
-2
Bek94
2015-03-10 01:58:17
Мен да киного тартылгым келип журот.
0
jikitai
2015-03-11 16:16:21
Мен да коптон бери Ысык Колго кочуп кетким келип журот,колду омур откончо тиктеп отурсам шарпылдаган унуно моокум канып оу анда арманым болбос
0
Meruet84
2015-03-12 16:43:15
Ушу биздикилер Швейцария болобуз анан эле Голливуд болобуз же болбодук .
0
bakyt_2015
2015-03-12 19:19:02
Колго Голливудунун кереги деле жок эле,ити деле, кушу деле келет эс алам деп,Колду айланта жок дегенде трассаны ондотуп койушса мыкты эле болот эле.Бакиев бир кезде мен бир жылда бутуруп ийем деп чамгарактап чыкты эле,ал да жоголду корунгон чала буткон мектептердин ленталарын кесип журуп.
0
zhykyo
2015-03-12 20:10:14
Молодец! Тондук ава ишке жарапсын кочуп барып. Менин да кочуп кетким келип кетти.
0
eldar96
2015-03-13 15:41:29
жакшы кино окшойт
0
Afina
2015-03-15 14:33:08
Ошо акыркы кундору сизди коруп калчумун да центрдан. анан ойлоп койгом кино тартканы келген го деп. Кош келипсиз биздин топурагы алтын Тонубузга.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан