(Башталышы өткөн сандарда)
Жалгыз бой атанын башынан кечирген окуясын угуп отурдум. Карыя агынан жарылып ичтеги арманын да, кубанычын да төкпөй-чачпай баяндай берди. Муздап калган ичи жылып, жүзүнөн кубанганы билинип турду. Ал бүгүн биринчи ирет ачылып, жан адамга айтпаган ымандай сырын төгүп жатты көрүнөт. Кызуу кебине муюп отурганымда мага суроо узатты.
– Атыӊ ким, уулум?
– Акбар.
– Атыӊ жакшы экен. Өмүр жашыӊ узак болсун. Бактылуу бол!
– Алкышыӊыз орундалсын, ата.
– Мени Садыр ата десеӊ болот.
– Садыр ата, бул жерде көптөн бери турасызбы?
– Көп болду. Айылдагы үйүмдөн, өмүрлүк жарымдан ажырагандан бери ушул жердемин. Өлбөстүн күнүн көрүп жашап келем.
– Үйүӊүздөн кандайча ажырадыӊыз? Жубайыӊыздан айрылып, күйүттөн ичип кеттиӊизби?
Биринин артынан экинчи суроолорду жаадырып жаттым.
– Уулум, бул баш эзели жакшылык көрбөй, төрт бурчтуу дубалдын ичинен чыкпай азапты өз моюнуна артып алды деп ойлобо. Менин да гүлдөп турган учурум болгон. Бирөөнүн
сүйүктүү жары, өз канынан бүткөн баланын атасы болдум, бардар турмушту кечирдим.
ххх
Садыр жалгыз уул болгону менен, ата-энеси эрке өстүргөн жок. Анын билимдүү болуп көптү билишине кызыкдар болушту. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзеге окууга жиберишти. Ал кезде борбор суйкайган жаш селкидей сулуу эмес беле?! Жайкысын дарактар тегиз көктөп, гүлдөр жайнап жапжашыл болуп турчу. Садыр борбор шаар жөнүндө ойлогондо көз алдына ошондогу кызыктуу күндөрү тартыла түшчү. Ал сабактан кийин көп жаштардай эле китепканага келчү да, кеч киргенде бульвар аралап басканды жактырчу. Башкалардай оюн-күлкүгө жакын эмес эле, жалгыз ойлонуп жүргөнү жүргөн. Адаттагыдай бүгүн дагы ойлуу, кадамын санап басып келе жатат. Бүгүн бакытын таап, акыреттик түгөйүнө өзү күндө сейилдеген бульвардан жолугарын кайдан туйсун? Өзүнө гана маалым ойлорго жетеленип басып келди да, бульвардын бүтө беришиндеги отургучка көчүк басты. Ары-бери өткөн студенттер... Итин жетелеп сейилдеген орус кемпир-чалдар... Көмөкөйүнөн көркөмдүк төгүлүп безелене сайраган булбулдар... Ата-энелери менен сейилдеп жүргөн жаш балдардын күлкүсү калаа ичине табияттын бир башкача шаӊын тартуулап жаткандай...
Бульвардын түндүк тарабынан узун чачын теӊ экиге бөлүп, жазгы желге эркелегенсип башын оӊ тарабына бир аз буруп бир кыз жай басып келе жатты. Ай шооласындай төгүлгөн узун кирпиктерин балбылдаган көздөрү көтөрө албай, улам ирмелип кетет. Кыздын сулуулугуна күн дагы сук артып, батпай тургансыйт. Бийкеч акырын басып келди да, Садыр отурган отургучка отурду.
– Кутман кечиӊиз менен, бийкеч!- деп кеп узатты Садыр.
– Рахмат, бирге болсун.
– Сейилдеп чыккан экенсиз. Кайсы окуу жайда окуйсуз?
– Атымдан мурун окуу жайды сураганыӊызга жол болсун, мырза. Ойлуу отурасыз да, же Фрунзеде кайсы кыз кайсы окуу жайда окуп жатканын тизмектей албай жатасызбы?- деп жылмая бергенде бетиндеги уячасы күлгөнүнө жарашып, сулуу жүзү ого бетер көркүнө чыга түштү. Садыр сөзгө сынганынанбы же анын албырган жүзүнө жүрөгү жылый түшкөндөнбү, элжирей түштү.
– Сиздей сулуунун ысымын эмес, жан дүйнөсүн да билгим келет. Менин атым Садыр. Атыӊызды эми айтарсыз?
– Жылдыз.
– Атыӊызга затыӊыз жарашкан жылдыздуу кыз экенсиз. Таанышканыма кубанычтамын.
– Рахмат, мен дагы.
Бат эле тил табышып, көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Көз байланып караӊгы кирип баратканда Жылдыз үйүнө кетүүгө камынды.
– Макул десеӊиз жатаканаӊызга чейин узатып барайын.
– Убара болбоӊуз, өзүм эле.
Күндүн табынан калган жылуулукту айдаган кечтин муздак жели. Улам коюу тартып бара жаткан караӊгылык. Жылдыздын карааны алыстаган сайын коюу түндүн кучагына сиӊип көрүнбөй кетти.
Эмнеге калып калдым? “Жөн эле кой” десе эле шүк отуруп алдым да. Жок дегенде артынан барып кайда жашаарын билип алсам болмок да. Эми кайдан табам? Садыр өзүн-өзү күнөөлөп жатаканасына жөнөдү. Уйкусу качып шыпты тиктеп бир оокумга чейин ойгоо жатты. Көзүн жумса эле маралдай керилген сулуу карегине тартыла түшөт. Буга чейин кантип уктап, кантип турганын деле билбей калчу. Бүгүн анте албады. Антүүгө чамасы да келген жок. Таӊ тез атып, кечээки убакыттын келишин күтүп жатты. Эртеси сабагы бүтөрү менен бульвардагы отургучка келип отурду. Түш ооп калганы менен, тик тийген күндүн ачуу нуру кайта элек. Бүгүн дагы дал кечээки убакта ушул жерден өтөт деп кыз келген тарапка башын буруп отура берди. Улам бир ага окшош адам көрүнсө ичин бир сезим кытыгылап, тыбырчылап кетип жатты. Айтар сөзүн белендеп, кайра-кайра кайталап отурду. Күн улам салкын тарткан сайын бак аралай сейилдегендердин саны арбып барат.
Биринчи ирет көрүшкөнү менен Садырдын сырткы келбети, сүйлөгөн сөзү Жылдыздын деле жүрөгүн жибитти. “Караӊгыда жалгыз басканыӊ жарабас, узатып коёюн” деп жанаша басса каршы деле болмок эмес. Эки жаш теӊ бул кездешүүнү күнүмдүк боло калчу окуядай карашкан жок. Жылдыз оюнда "Отургучта Садыр күтүп отурат болду бекен? Же жашоомдо бир жолу кезиктирген адамым болуп кала береби?" деп өзүнө суроо салып тынчсызданып келе жатты. Кечээки отурган бульвар соӊундагы отургучка бат жетүүнү самап келет. Садыр анын келе жатканын алыстан көрүп алдынан тосуп чыкты.
– Кандайсыӊ, сулуу кыз? Келер жолуӊду акмалап күтүп отургам.– Жакшы, өзүӊүз кандайсыз?
– Сизди көрүп жакшы боло түштүм. Келбей калабы деп кооптонуп жаткам.
– Сизди жоош, тартынчаак деп ойлогом. Тапандыгыӊыз бир топ экен.
– Үйүӊүзгө ушул жол менен өтөсүзбү? Мурда сизди жолуктурбаган экенмин.
Амандашып алган соӊ бульвар аралай басып кетишти. Көпкө айланып студенттик жашоо, жеке турмуш, кинотеатрда коюлган жаӊы кино, жаӊы жазылган китептер тууралуу сөздөрү бүтчүдөй эмес. Садыр да, Жылдыз да ууз махабатка малынып, жүрөктөрүндө жакындык пайда болгонун сезишкен жок. Бул жагымдуу жолугушуу күн сайын кайталана берди. Бири-бирине куп жарашып, ушулар үчүн жаз келип, гүлдөр ачылып, бак-дарак жашылданган сыяктуу эле. Садыр үчүн жаштыктын алоолонгон жылдары ушинтип башталган. Эч убакта азап, кайгы, өкүнүүнү башымдан өткөрөм деп ойлогон эмес.
Мезгил өз тизмегинен калбай жаз артынан жай, күз артынан кыш келип жатты. Бир күнү Жылдыз ата-энеси чакырып жатканын айтып айылына кетти. "Алыстап баратабыз" деп атасынын досу куда түшүп келишиптир. “Жактырган адамым бар” дегенине болбосо керек. Шаарга келгенден бери маанайы суз. Садыр менен да кезиге элек. Садыр болсо анын жолун карап отургучка күндө бир маал келип-кетип убара. Бүгүн кечке маал Жылдыз кездешүүгө барат. Бирок мурункудай бирге кыялданып сейилдөөгө эмес, башка бирөөгө турмушка чыга турганын айтканы барат...
(Уландысы кийинки санда)