(Башталышы өткөн сандарда)
Кандайча? Кимди менин апам деп жатат? Түшүнбөй турдум. Тиги таеже болгон аял мага болгон чындыкты айтып берди. Бирок мен ал чындыкты кабыл алгым келбеди. Аны жолго салып өз бөлмөмө кирдим. Ваннага кирип күзгүдөн өзүмдү көпкө тиктеп турдум. Чын эле бул көздөр, бул жүз апама да, атама да эч тиешеси жок, чоочун жүз эле. Бул чындык болушу мүмкүн деген ой жүрөгүмдү тешип бара жатты. Мен чындыкты билишим керек эле. Бөлмөдөн атырылып чыгып бара жатсам, атам кирип келе жатыптыр, энтиге токтодум.
– Ата, мен кимдин баласымын?
– Эмне-е?
– Менин төрөгөн апам ким?
Атамдын ошол түрү өмүр бою көз алдымда калды. Же моюнуна аларын билбей, же "жок" деп баш чайкаарын билбей, артына кетенчиктей берди. Көздөрүн менден ала качты. Мына, мен билгим келген чындык өзүнөн өзү билинди. Калчылдаган боюмду токтото албай туруп калдым. Бир нерсе демекчи болгон атамды жолумдан түртүп туруп сыртка атылдым. Дарбазанын сыртында атамдын машинасы турган экен, ага отуруп жөнөп калдым. Чуркап чыккан атам мени токтото албай калды. Эч нерсени билбей кетип бара жаттым. Кайда баратам? Кимге барам? Эмне кылам? Кетип бара жатып ошолорду ойлоп жаттым. Ошол күнү жалгыз өзүм жүрдүм, бир жакшы досум бар эле, кечке маал ошол эсиме түштү.
– Ой, сен кайдан?- деп таӊ кала тосуп алды.
– Аким, сеникинде бир аз күн жашап турайынчы.
– Мейли, досум, өзүӊ бил.
Адам башына иш түшкөндө өзүн гана ойлоп калат тура. Мен апамдын айласы эмне болуп жатат, таптакыр ойлобоптурмун. Уф, ушул аралыкта өзүмдү өзүм аябай жоготуп алдым. Өмүрүмдө ичип көрбөгөн жаным ичимдиктин да даамын татып көрдүм. Түнкү клуб, кыздар... Башка нерсеге алаксыйын десем да, колумдан келбей жатты. Бир жума көзүм ачылбай жүрдүм. Бир күнү эшиктин коӊгуроосу шыӊгыраганынан араӊ баш көтөрдүм. Темтеӊдеп барып араӊ ачтым. Босогодо турган апамды көрүп таӊ кала түштүм.
– Апа?
– Аманат, эмне болуп калгансыӊ, балам?
Апам ыйлап жиберди. Уятымдан эмне кыларымды билбей, шылкыйып турдум.
– Эмнеге келдиӊиз?- дедим бир аздан кийин.
– Сага келдим. Атаӊ экөөбүздүн бир жумадан бери издебеген жерибиз калбады.
– Атамды айтпаӊыз!- деп кагып жибердим. Апам үн катпай калды. Бир топ отургандан кийин акырын көз жибердим. Апам ыйлап жаткан экен. Үн катпай жөн гана тамчылар жүзүнөн агып туруптур. Кудум кичине кезимдегидей жүрөгүм ооруп кетти. Кучактай калдым.
– Мени кечириӊиз...- дедим үнүм буулуп.
– Сен кечир мени, балам. Мен коркоктук кылдым. Башында эле сага айтсам болмок. Бирок бир аз чоӊойсун, турмушту түшүнгөндөй болсун, көӊүлү калып калбасын деп аярлап жүрүп убакыт кантип өткөнүн билбей калдым. Туура, мындан көп жыл мурун бул окуя болуп өткөн. Менин курбум, өзүмдөй ишенген адам артыма канжар сайып күйөөмдү тартып алган. Ал акыбалымды сага айтып берүүнүн кажети жок. Аргасыздан сени өз колума алдым. Уулум, сени ал төрөсө да, мен бактым. Тиги дүйнөдө да, бул дүйнөдө да сен менин баламсыӊ! Мен сенин энеӊмин! Аны эч ким, эч качан өзгөртө албайт. Аманат, чынбы, мени карачы...
(Уландысы кийинки санда)